Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызбаев: өлкөдө коронавируска каршы эмдөө ыктыярдуу жүргүзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев коронавируска каршы эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөрүн айтты.
Кыргызбаев: өлкөдө коронавируска каршы эмдөө ыктыярдуу жүргүзүлөт
Вакцина алсыздандырылган оору коргогуч болгондуктан адамдын организми жаш курагына, эң негизгиси иммунитетине жараша ага реакция берет. Адамдын түрдүү дарыларга аллергиясы, эмдөөнү алып жатканда саламаттыгы сак болсо кыйыр таасири деле болбойт. Анан да мурда тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөн болушу зарыл. Бул тууралуу Азим Кыргызбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, биринчи жана экинчи этапта бир миллиондон ашуун кыргызстандыкты эмдөө пландалууда.
"Биз 2020-жылдын октябрь айында COVAX механизмине кошулганбыз. Башында бизге вакцина өндүргөн компаниялардын портфолиосу берилген. Эң эле ылайыктуусу британ-швед фармацевтикалык AstraZeneca компаниясынын Оксфорд университети менен биргеликте жасаган вакцинасы болду. Буга чейин бизге америкалык Pfizer вакцинасы сунушталган эле, бирок аны алуудан баш тарттык. Себеби аны -70 градуста сактоо үчүн Кыргызстанда муздаткычтар жок. Ал эми AstraZeneca препаратын +2ден +8 температурада сактоо мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жаңы вакцина болгондуктан кооптонуу болуп, карап чыктык. Үчүнчү сыноодон кийин эффективдүү экенине ынанып, эми гана алууну чечтик. Албетте, вакцинанын кыйыр таасиринен корккондор бар. Температура көтөрүлүп, ар кандай симптомдор болушу мүмкүн. Бирок канчалык көп киши эмделсе, бизде коллективдик иммунитет пайда болуп, вакцина албаган адамдарды вирустан сактай алабыз. Окумуштуулар эмдөөдөн кийин коронавируска каршы пайда болгон иммунитет бир жылдан ашык сакталарын айтышууда", — деди Кыргызбаев.
Дарыгер биринчи этапта медиктер, милиция, социалдык кызматкерлер, экинчиде кары-картаңдар, ал эми тобокелчилик тобуна киргендер, калктын аяр катмары үчүнчү этапта акысыз, эки ирет эмделерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0