Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагишев

Сарбагишев: волейболдо кыздар арасында 200гө жакын команда бар

68
(жаңыланган 12:17 06.02.2021)
Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагишев кыздар арасында аталган спортко кызыгуу жыл сайын күчөп, учурда түрдүү жаш куракта өлкөдө 200гө чукул команда түптөлгөнүн маалымдады.
Сарбагишев: волейболдо кыздар арасында 200гө жакын команда бар

Командалардын санынын тездик менен өсүшү өлкөдөгү волейболдун абалынын жакшырышынын далили. Ири атаандаштыктын натыйжасында курама команданын да көрсөткүчү өсөт. Мындай пикирин Кылыч Сарбагишев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыздар арасындагы өспүрүмдөр лигасына көп көңүл буруу зарыл.

"2020-жылы волейбол боюнча кыздар курамасы алгачкы ирет Азиянын зоналык чемпионатына барышкан. Биринчи жолу катышып, коло медаль багындырышкан. Менин оюмча, кураманын келечеги кенен. Минтип айтууга толук негиз бар. Команда абдан жаш. Өткөн жылы 15-16 жаштагы кыздар катышып, эл аралык деңгээлдеги ири мелдеште чеберчилигин көрсөтүштү. Азыр дагы келечегинен үмүттөндүргөн кыздарды топко кошуп жатабыз. Мындай курам менен Азияда күчтүү атаандаштык көрсөтө алабыз. Эң негизгиси өлкөдө волейболго кыздардын кызыгуусу күч алды. Учурда жалпысынан кыздар арасында 200дөй команда волейбол ойнойт", — деди Сарбагишев.

Ошондой эле адис волейбол боюнча ички чемпионаттын деңгээли өсүп, жыл сайын жаңы командалар кошулуп жаткандыгын кошумчалады.

68
Белгилер:
чемпионат, команда, кыздар, волейбол
Тема боюнча
13 жашында намыска жараган волейболчу. Окумуштуу Кайып Оторбаев жөнүндө 7 факты
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров. Архив

Аткаминерди убадасын аткарууга кантип мажбурласа болот? Юристтин жообу

28
(жаңыланган 14:20 08.03.2021)
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров аткаминерлер тарабынан берилген убада анын компетенциясына кирер-кирбесин алгач аныктап алууну сунуштады.

Мамлекеттик кызматтагы адам убадасын аткарбай жатса сотко арыз менен кайрылууга болот. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Аткаминерди убадасын аткарууга кантип мажбурласа болот? Юристтин жообу

Анын айтымында, талаптар менен кайрылуулар жазуу түрүндө болушу шарт.

"Берилген убада аткаминердин милдетине кирсе жана тийиштүү чечимдер ал тарабынан кабыл алынса, аны аткарууну талап кылса болот. Убаданы аткартуу үчүн алгач анын өзүнө кат менен кайрылуу керек. Ал баш тарткан учурда андан жогору турган кызмат адамына же органга кайрылуу шарт. Эгерде эч кандай реакция болбосо, административдик сотко арыз жазуу керек. Мындан тышкары, сиздер кайрылган кызмат адамы же органдын чечимдери менен макул болбосоңуз, сотко арызданууга болот", — деди Бакиров.

Юрист саясий партиялардын, депутаттыкка же президенттикке талапкерлер берген убадаларын аткарбаса аларга чара көрүү мүмкүн эместигин белгиледи. Анын айтымында, бул ошол адамдын моралдык гана жоопкерчилиги болуп калат.

28
Белгилер:
убада, чиновник, юрист, Артур Бакиров
Тема боюнча
Айдоочу орой мамиле кылса эмне кылуу керек? Юристтин кеңеши
Психолог Айдана Абакова. Архив

Абакова: үй-бүлөдө эркек бала менен кызга эки бөлөк мамиле кылган туура эмес

10
(жаңыланган 14:18 08.03.2021)
Психолог Айдана Абакова аялдын же эркектин психологиясы деп бөлүп кароо туура эместигин айтты.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун тамыры тарбияда жатат. Мындай пикирин Айдана Абакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Абакова: үй-бүлөдө эркек бала менен кызга эки бөлөк мамиле кылган туура эмес

Анын айтымында, ата-энелер кызы менен эркек баласына эки бөлөк мамиле кылганы туура эмес.

"Коомдогу зордук-зомбулуктун тамыры тарбияга келип такалат. Үй-бүлөдө эч убакта кызды эркектен же тескерисинче, уул баланы кызынан артык көрүп тарбиялоо болбойт. Мындай көрүнүш өзгөчө көп кыздуу, жалгыз же уулу аз үй-бүлөлөрдө байкалат. Ата-эненин мындай тарбиясы кыздарына да, уулдарына да пайда алып келбейт. Албетте, кара жумуш же оор иштерди эркек балага жасатып, үйдөгү майда нерселерге кыздарды жумшаган туура. Бирок эч убакта аларга "сен кыз болгонуң үчүн муну жасабашың керек" же тескерисинче, "сен эркек болгонуң үчүн тигинден баш тартышың керек" деген чектөө койгонго болбойт. Сен жеке ою бар адамсың, деп берилген тарбия гана балдардын талант, шыгын кенен ачып, келечекте өз жолун татыктуу таап кеткенге көмөкчү болот. Бул жерде феминизм болушу шарт. Феминизмди, тилекке каршы, аялдардын укук талашуусу катары түшүнүп келебиз, бирок ал тең укуктуулук дегенди эле түшүндүрөт", — деди Абакова.

Психолог кыздар өздөрү да "аялзаты болгонум үчүн мага болбойт" деген сыяктуу чектөөлөрдөн арылышы зарылдыгын кошумчалады.

10
Белгилер:
укук, эркек, кыз, психолог, Айдана Абакова
Тема боюнча
Психолог: эгоизм менен эгоцентризмди айырмалай билүү керек

Эне жүрөгүн элжиреткен "Шумкарлар". Аскерлер айымдарга белек беришти. Видео

0
Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун аскерлери энелерин жана көчөдөн өтүп бараткан айымдарды куттуктады.

8-март — Аялдардын эл аралык майрамын утурлай жоокерлер өз апаларын, эжелерин айттырбай барып куттуктап, кубантышкан.

Энелердин жүрөгү элжиреп "силер бактылуу болсоңор, мен бактылуумун" деп алкап жатканын көрүүгө болот. Ал эми көчөдө баратып аскерлердин колунан гүл, открытка алган айымдар көңүлү көтөрүлүп рахматын айтышты.

"Жаздын алгачкы күнү менен келген бул майрамда сиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Бар болуңуздар, кымбаттуу, нур жүздүү, ай-чырайлуу айымдар!" — деп жазылган маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Видео Ички иштер министрлигинин YouTube каналына жайгаштырылган.

0
Белгилер:
майрам, куттуктоо, айым, эне, Аскер
Тема боюнча
Инспекторлор айдоочу айымдарды ыр окуп, шоколад тартуулап куттуктады. Сүрөт
Кыргызстандык кыздардын көбү канча жашында турмушка чыгат. Статистика