Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ниязов: хакасиялыктар биз барганда "таштап кеткенсиңер" деп таарынышкан

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эл артисти Келдибек Ниязов. Архив
КРдин эл артисти Келдибек Ниязов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
КРдин эл артисти Келдибек Ниязов кыргыздардын Хакасияга болгон алгачкы сапарын 1970-жылдардын орто ченинде маданият өкүлдөрү жасаганын айтты.
Ниязов: хакасиялыктар биз барганда "таштап кеткенсиңер" деп таарынышкан
Эстебес Турсуналиев башында турган 16-17 кишилик чыгармачылык топтун Хакасияга болгон сапары тарыхта эки элдин алгачкы байланышы катары калат. Бул тууралуу Келдибек Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ошол кездеги филармониянын артисттери бир ай бою аталган республикада кыргыз тилинде концерт коюшкан.
"Эки элдин ортосунда маданий алака түзүү максатында 1970-жылдардын орто ченинде алгачкы жолу кыргыздар Хакасияга барганбыз. Алардын артисттери бизге жиберилген. Мындай чечим Москвадан келген. Хакасиялыктар бизди чоң кубаныч менен тосуп алып, концертти котормосу жок жалаң гана кыргыз тилинде коюшубузду талап кылышкан. "Манас атабыз таштап кеткенден бери алгач ирет кабар алып келип жатасыңар" деп аябай толкунданышкан", — деди Ниязов.
Ал кыргыз маданият өкүлдөрү хакас элине улуттук тамак-аштын айрым түрлөрүн жасоону үйрөтүп келишкенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0