Ак-Бууранын аталышы анын көбүрүп, төөнүн кирген буурасындай болуп акканынан улам айтылып калган деген элдик түшүнүк бар. Мындан сырткары, монгол элине жакын евент тилинде "бира", ал эми тунгус, якут тилдеринде "буур" сөздөрү дарыя дегенди билдирет. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Топонимисттин айтымында, Таластагы Кара-Буура дарыясы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын аталыш мааниси бир сөздү туюндурат.
"Ак-Буура дарыясы Алай кырка тоосу менен Кичи Алай кырка тоосунун тутумдаш жеринен башталып, чыгышка карай агып, түндүк тарапка бурулуп Ош шаарын аралап, Фергана өрөөнүндө сугат тармактарына бөлүнүп кетет. Ак-Буура Кыргызстандагы эң узун дарыялардын катарын толуктап, узундугу 140 чакырымга жакын. Ал тууралуу жазма маалыматтар X кылымдарга таандык. Ал тарыхта Ош дарыясы, Урес, Уреш деп да аталып келген. Ак-Буура "Манас" эпосунда да жолугат. Эпостогу Кара-Буура дарыясы менен Ак-Бууранын мааниси бир. Оштогу дарыя көбүктөнүп, агарып турганы үчүн "ак" түсү кошулуп айтылса, Таластагы дарыянын астындагы топурак кара өң бергени үчүн Кара-Буура деп аталып калган", — деди Эшенкулов.
Картограф Ак-Буура дарыясы кытай жазма булактарында Ож, Оч дарыясы деп да берилгенин кошумчалады.
Эгер телефондун кубаттуулугу кармабай калса алмаштырса болот. Бирок Кыргызстанга оригинал аккумуляторлор алып келинбегендиктен, бир аз начарласа анда алмаштырбай эле койгон оң. Себеби кубаттуулугу ашып кетсе бир саатка көбүрөөк жетип калат. Бул тууралуу Бекжан Шакенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, башка смартфондорго салыштырмалуу Redmi компаниясынын аппараттарынын батарейкасы көпкө чейин жеткендиктен бул гаджет студенттерге ылайыктуу.
"Жыл сайын технология өнүгүп турат. iPhone, Samsung жана Xiaomi компаниялары бири-биринен өзгөчөлөнүп смартфондун жаңы версияларын чыгарууда. Gorilla Glass 5-муундагы чыккан смартфондор кымбат келип, жалпы корпусу темирден, алды-арты айнектен жасалат. Желим жана темирден жасалгандары орто бюджетте болот. Негизинен мындай телефондорду Samsung, Redmi өндүрөт. Жаңы телефон алып жатканда тандоодо эч кандай маселе деле жаралбайт. Мүнөздөмөсүн интернеттен окуп, сизге керектүүсүн алсаңыз болот. Ошондой эле сатуучу кепилдик берип, эгер өндүрүштүк кемчиликтер болсо алмаштырып берет. Ал эми колдонулган телефон аларда кылдат текшерип алган оң. Өзгөчө iPhone аппаратынын көп нерсеси оңой алмашат. Алгач тескөөсүнө кирип батарейканын абалын караңыз. Эгер 100 болсо жаңы салынган. Сырткы абалына, чийиктерине көңүл бөлүңүз. Сырткы камерасынын объективинин ичинде чаң туруп калса анда смартфон ачылган", — деди Шакенов.
Адис смартфонду таптакыр өчө электе кубаттап жана 100 пайызга жеткирбей токтон чыгарса батарейка көпкө жетерин кошумчалады.
Таксист орой мамиле кылса жоопкерчиликке тартуу үчүн аны далилдөө зарыл. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай учурда тартиптик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн.
"Такси же коомдук транспорттун айдоочусу орой сүйлөп, урушса, маскараласа аны далилдөө зарыл. Ал үчүн видео, күбөлөрдүн көрсөтмөсү жана башка далилдер тиркелет. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тийиштүү далилдер менен милицияга кайрылуу шарт. Ички иштер органдары кандай учур болбосун карашат жана бул нерсе укук бузуу экендигин аныкташат", — деди Бакиров.
Юрист орой айдоочуну тартип жоопкерчилигине тартуу үчүн транспорттук мекеменин жетекчилигине кайрылуу керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда "Манас" театрын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып айтты.
Мамлекет башчы алдыда "Манас" эпосун даңазалоо боюнча атайын программа иштеп чыгуу жана каржы булагын табуу милдети турганын белгиледи.
"Манас" театрын ачуу боюнча алгачкы кадамдар жасалууда. Анын жардамы менен мамлекет манасчыларга кам көрүп, аларды бириктирип, ушул өнөрдү жайылтат", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле "Манас" эпосу темасы ар бир театрдын репертуарында болушу керектигин белгиледи.
Өлкө башчы маданият тармагынын өкүлдөрүнө кайрылып, театрларды эффективдүү иштетүүнүн жолун таап, алардын чыгармачылыгын өстүрүү башкы милдет экенин айтты.
Жапаровдун белгилешинче, улуттук маданиятты өнүктүрмөйүн элдин жашоо-шартын жакшыртууга болбойт. Ал заманбап таланттуу акындардын, жазуучулардын жана композиторлордун жаңы чыгармалары элге керек болуп турганын белгиледи.