ДССУнун изилдөөсү боюнча, тамекинин курамында жети миңден ашык канцерогендүү, тератогендүү уулуу зат бар. Булар рактын 15 түрүн пайда кылары белгилүү болгон. Ошондой эле түйүлдүктүн ДНКсын өзгөртүп, тубаса ооруларга алып келет. Бул тууралуу Анара Калиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 13-15 жаштагы балдар арасындагы сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Бишкектеги мектеп окуучуларынын 21 пайызы кальян чегип көргөн.
"Чылым кайсы формада болбосун, мейли кальян, вейп, электрондук тамеки, насвай болобу, организм үчүн өтө зыян. Ал акырындан, билгизбей органдарды талкалай берет. Алсак, онкологиялык ооруканага өпкөнүн рагы менен кайрылган он кишинин тогузу тамеки чегип жүргөн болуп чыккан. Андан сырткары, никотин кан тамырларды ичкертип салгандыктан инфаркт, инсульт ооруларынын пайда болушун шарттайт. 2017-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө кыргызстандыктардын 25,3 пайызы тамеки чегери белгилүү болгон. 2003-жылдарга караганда 0,4 пайызга төмөндөө байкалды. Аз болсо дагы бул позитивдүү тенденция", — деди Калиева.
Адис, анын баамында, чылымдын зыяндуулугу боюнча насвай биринчи орунда, андан кийин кальян, электрондук тамеки жана жөнөкөй тамеки экенин кошумчалады.
Жусуп Абрахмановдун 120 жылдыгын өткөрүү үчүн даярдыктар былтыртан эле башталган. Быйыл коомдук ишмерге арналган иш-чаралар жыл бою өткөрүлөт. Алгач илимий конференциялар, жаштарга бул инсанды таанытуу үчүн олимпиадалар мерчемделген. Бул тууралуу Мирбек Усебаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коомдук ишмердин 120 жылдыгына карата быйыл Ысык-Көлдө республикалык деңгээлде көк бөрү боюнча турнир өтөт.
"Бул жылы Абдрахмановдун музейин ачуу планы бар. КР президентинин алдындагы башкаруу академиясына лидердин атын берүү сунушталды. Коомдук ишмердин эстелигин кичи мекенине коюуну көздөп жатабыз. Азыр Чолпон-Ата шаарынын депутаттары менен сүйлөшүлдү. Ал жердеги паркка Абдрахмановдун атын берип, музейи ачылып, эстелиги коюлат. Ошондой эле Ош, Бишкек шаарларында да эстелик тургузулат. 12-мартта Кыргыз АССРинин эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп шайланган күнүн утурлай Кувейт эл аралык университетинде "Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү" темасында конференция өтөт. Анын жыйынтыгы менен китеп чыгат. Тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевдин демилгеси менен "Абдрахманов — улут лидери" темасында студенттер арасында олимпиада уюштурулат", — деди Усебаев.
Ал Жусуп Абдрахмановдун раритеттик жеке иш столу Тарых музейинин балансына өткөрүп берилерин кошумчалады.
ШКУнун Run the Silk road IX эл аралык Ысык-Көл марафонунда 42 чакырым аралыкка чуркаган кыз-келиндер жана эркектер арасында 1-орунду алган жөө күлүктөргө 140 миң сомдон берилет. Марафон жарышында 1-орундан 6-орунга чейин көрсөткүчкө ээ болгон спортчулар акчалай сыйлыкка ээ болушат. Мындай маалыматты Мелис Надыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда кабарлады.
Анын айтымында, жарым марафондук жарышта 1-орундан 3-орунга чейинки көрсөткүчтөргө ээ болгон атлеттер акчалай байге алышат.
"Негизи байге фондуна акчалай 1 миллион 44 миң сом каралган. 42 чакырымда кыздар жана эркектер арасында 1-орунду алгандарга 140 миң сомдон берилет. Ал 1-орундан 6-орунга чейин тапшырылат. 21 чакырымга да акчалай байгелер бар. Жарым марафондо 1-орундан 3-орунга чейин сыйлык тапшырылат. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар жана жаш курагы боюнча 4 категорияда жыйынтык көрсөткөн катышуучулар кур кол кайтышпайт. Эл аралык рейтинг боюнча марафондо чуркагандардын саны абдан аз болгонуна байланыштуу жаш курактарга карата бөлүүнү туура көрдүк," — деди Надыров.
Ошондой эле эл аралык ШКУ марафонунда мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларга жана жаш курагына жараша ийгилик көрсөткөн катышуучуларга атайын сыйлыктар каралганын кошумчалады.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.