Жайыт, асыл тукум мал чарбасы департаментинин башкы адиси Шаршен Чотонов

Чотонов: абердин-ангустун букачарлары 20-30 миң сомго кымбат сатылууда

370
Жайыт, асыл тукум мал чарбасы департаментинин башкы адиси Шаршен Чотонов жасалма уруктандыруу аркылуу малдын асылдуулугун жогорулатуу мерчемделгенин белгиледи.
Чотонов: абердин-ангустун букачарлары 20-30 миң сомго кымбат сатылууда

Кадимки уйлар 5-10 литр сүт берсе, жасалма уруктандырылган малдан 20 литрге чейин сүт алса болот. Ал эми эт багытындагы асыл тукум букачарлар жергиликтүү породага салыштырмалуу 20-30 миң сомго чейин кымбат сатылууда. Бул тууралуу Шаршен Чотонов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жасалма уруктандыруу боюнча жоболор кайрадан иштелип чыкты.

"2014-жылы чет өлкөдөн 235 баш асыл тукум мал алып келинген. Алар эт багытында абердин-ангус, сүт багытында швиц жана эт, сүт багытындагы симментал породалары. Ошолордун уруктары өлкөнүн аймагына таратылган. Өлкөдө жасалма уруктандыруу 2015-жылдан бери колго алынып, 450 миңге чукул мал уруктандырылган. Алардан 358 миңге чукул музоо, 180 миң асыл тукум кунажын алынган. Натыйжада сүттүн көлөмү ар бир уйдан 5-10 литрден 20 литрге чейин көбөйдү. Бирок жасалма уруктандыруу иштерин жүргүзүү аркылуу мындан дагы жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми абердин-ангустар алар менен тең букачарлардан 20-30 миң сомго кымбат сатылууда. Бул соңку 5-6 жылдын ичинде жетишилген натыйжа. Анткени малды асылдандыруу иштери дароо жыйынтык бере калбайт", — деди Чотонов.

Ал соңку учурда жасалма уруктандыруу үчүн зарыл болгон азотту "Элита" асыл тукум мал станциясындагы заводдон чыгаруу максатталып жатканын кошумчалады.

370
Белгилер:
Шаршен Чотонов, фермер, мал, уруктандыруу
Тема боюнча
Каландаров: республикада малды жасалма уруктандыруучу 452 пункт ачылган
Киберспорт федерациясынын башкы катчысы Баяман Саймасаев

Саймасаев: акчага кызыгып киберспортко келгендер адашат

43
Киберспорт федерациясынын башкы катчысы Баяман Саймасаев көп өспүрүмдөр киберспорт мелдештеринин байге фондуна көз артып келерин белгиледи.

Акча табуу киберспортто акыркы орунда каралышы керек. Адамдар алгач максатын, миссиясын, каалоосун аныктап, жоопкерчиликтүү мамиле кылышы зарыл. Мындай пикирин Баяман Саймасаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.

Саймасаев: акчага кызыгып киберспортко келгендер адашат

Анын айтымында, көп функционалдуулук, ой жүгүртүү, интеллект жагынан алганда киберспорттун пайдасы көп.

"Каражат жагын көбү артыкчылык катары эсептейт. Киберспортто акчага кызыккандар адашат. Таланттуу бала акчага кызыкпай, өзүнүн чеберчилигин оюнда көрсөтөт. Мындай учурда акча өзү эле жеңиш артынан келет. Өспүрүмдөр арасында мелдештердин байге фондуна кызыгып келгендер көп. Акча үчүн ойносоң утуласың! Байге — ал мотивация. Бирок аны эң акыркы орунга коюу керек. Бул тармакка келгендер алгач максатын, миссиясын, каалоосун аныктап, жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек. Киберспорттун жакшы дагы, жаман жагы да бар. Аны туура түшүнүү керек. Ой жүгүртүү, интеллект жагынан алганда киберспорттун пайдалуу жактары көп" — деди Саймасаев.

Ошондой эле адис киберспорт боюнча акыркы эл аралык мелдеште 1-орунга 35 миллион доллар коюлганын, бирок андай деңгээлге чыгуу үчүн көп машыгуу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, киберспорт видео оюндардан турган жекелик жана командалык мелдеш. Кыргызстанда расмий түрдө спорттун түрү катары катталган.

43
Белгилер:
Баяман Саймасаев, интеллект, киберспорт
Тема боюнча
Кыргызстанда Counter Strike жана Dota оюндары боюнча федерация пайда болду
Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы адиси Эмил Курманалиев

Курманалиев: Кыргызстандын улуттук валютасы төрт ирет өзгөрүүгө учурады

58
Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы адиси Эмил Курманалиев сомдун тарыхында Кыргызстандын улуттук валютасы төрт ирет өзгөргөнүн айтты.
Курманалиев: Кыргызстандын улуттук валютасы төрт ирет өзгөрүүгө учурады

1993-жылы 10-майда үч тыйын жана үч сом номиналындагы банкноталар жүгүртүүгө чыгарылган. Ал учурда бир доллар төрт сомго барабар эле. Бул тууралуу Эмил Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кир жукпаш үчүн сомдун алды-артына атайын лак колдонулат.

"Биринчи сериядагы 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом кагаз банкноталар өткөөл мезгилдин акчасы деп айтылат. Булардын коргоо элементи бир гана бүркүт тартылган суу белгисинен турган. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз сому төрт ирет жаңыртылып, бир жолу өркүндөтүлүп, бир эстелик банкнотасы чыгарылды. 1994-жылы турукташуу мезгилинин жакшыртылган экинчи сериясындагы 50, 100 сомдук банкноталар кошулган. Анда белгилүү маданият ишмерлеринин аты, сүрөтү жайгаштырылып, артында тарыхый архитектуралык эстеликтер жана жерлер чагылдырылган. Суу белгиси өзгөрүп, бардыгында акын Токтогул Сатылгановдун портрети болгон. 1997-2002-жылдары жогорку деңгээлдеги коргоо элементтерине ээ үчүнчү сериядагы банкноталар чыгарылды. Мында 200, 500 жана 1000 номиналы чыкты. 2008-2009-жылдары алгачкы металл монеталар пайда болду. 2010-жылы төртүнчү серия чыгып, мында эң төмөнкү номиналдагы банкнота 20 сом, ал эми эң жогорку 5000 сом болду. Бардык акчанын көлөмү 1,5-2 сантиметрге кичирейтилген. 2017-жылы ушул эле серия модификацияланып чыгарылды. Берки сериялардан айырмаланып портрет классикалык гравировка ыкмасы менен түшүрүлгөн. Маск деген жаңы коргоо элементи бар", — деди Курманалиев.

Адис 2017-жылы 2000 сом номиналындагы эстелик банкнота жүгүртүүгө чыкканын, ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын чагылдырган оригиналдуу дизайнга жана эң мыкты заманбап коргоо элементтерине ээ экенин кошумчалады.

58
Белгилер:
тарых, сом, акча, Эмил Курманалиев
Тема боюнча
Миллиарддар... Кардарлар Кыргызстандын банктарында канча акча сактайт?
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив

ЖКда Конституциянын автору делген депутаттардын атын ачыктоо талап кылынды

0
Өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жаңы Конституциянын долбоорунун автору делген депутаттардын аты-жөнүн жарыялоону талап кылды.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында Баш мыйзамдын долбоору каралып, референдум дайындоо маселеси күн тартибине киргизилди.

"Ушул долбоордун авторлору ким экени белгисиз. Компьютерде да, кагаз түрүндө таратканында дагы жок, жазылбаптыр. Азыр талкуу башталганга чейин жаңы Конституциянын долбоорунун автору делген депутаттардын аты-жөнүн таратып койсоңуздар. Эл билип алсын", — деди Акаев.

Эске салсак, өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Парламентарийлердин демилгеси коомчулуктун катуу сынына кабылды. Эл өкүлдөрүнүн айрымдары автор экенин четке каккан.

Мындан улам ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Алар 27-январда өз ишин жыйынтыктаган.

Ал эми 17-февралда жаңы Баш мыйзамды демилгечи делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган.

0
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, Жанар Акаев, долбоор, кароо, конституция
Тема боюнча
ЖКнын тармактык комитети жаңы Конституциянын долбоорун жактырды
Абдылдаев: Конституцияны эринбей Испания, Португалиядан алып жазышыптыр