Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдраимов: өлкөдө өндүрүлүп, бирок ЕАЭБге гана чыккан товарлар бар

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Элмурат Абдраимов. Архив
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Элмурат Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Элмурат Абдраимов аталган фонд тарабынан экспортту көтөрүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Абдраимов: өлкөдө өндүрүлүп, бирок ЕАЭБге гана чыккан товарлар бар
ЕАЭБдин рыногунда Кыргызстанда өндүрүлгөн, бирок өлкөдө сатылбаган товарлар бар. Бул тууралуу Элмурат Абдраимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын товарларынын ЕАЭБдин рыногундагы көлөмү ар түрдүү.
"Маселен, текстиль тармагында Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар эл аралык стандартка жете элек. Азырынча бул багытта алгачкы кадамдар жасалып, төмөн сапаттагы продукцияны жөнөтүүдөбүз. Бирок айыл чарба продукцияларынын экспорту өсүүдө. Ошол эле Россия, Казакстанга ишкерлерибиз жашылча, сүттү көп чыгарууда. Мисалы, ЕАЭБдин рыногунда Кыргызстанда өндүрүлгөн, бирок өлкөдө сатылбаган товарлар бар. Буга экспорт кылуу үчүн товар консервацияланганда анын наркынын жогорулашы себеп. Өлкө ичинде андай товарга талап азыраак, анткени консервацияланбаган товарларды арзан сатып алууга болот. Ошентип ал товар өлкө ичинде баа жагынан атаандаштыкка туруштук бере албагандыктан экспортко чыгарылууда", — деди Абдраимов.
Ошондой эле ал экспортту өстүрүү үчүн кластердик өндүрүшттү колдоо колго алынып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0