Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыдыралиев: кыска мөөнөттүү курстарда 30дан ашуун кесипке окутулат

© Sputnik / Асель СыдыковаБилим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Кыдыралиев
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Кыдыралиев аталган министрлик көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койгонун айтты.
Кыдыралиев: кыска мөөнөттүү курстарда 130дан ашуун кесипке окутулат
Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду Азия өнүктүрүү банкынын эл аралык долбоорунун алкагында 2016-жылдын аягында түзүлгөн. Максаты — кыска убакыттын ичинде жумушчуларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу менен иш берүүчүлөргө жардам берүү. Бул тууралуу Бакыт Кыдыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 16-63 жашка чейинки бардык каалоочулар катталган жерине карабастан курстарга катыша алат.
"Төрт жыл аралыгында кыска мөөнөттүү курстардан 22 794 адам өттү. Алардын ичинде өлкөнүн бардык аймактарында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген 780 адам бар. Окугандардын 55 пайызы жумуш берүүчүлөрдүн талабы менен, ал эми 45 пайызы өзү каалаган кесиби боюнча окутулду. Курстарга катышкандар 97 пайызды түзсө, алардын 75 пайызы жумушка орношту. Билим алуучулардын 47 пайызы аялдар. Бүгүнкү күндө көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду баштапкы кесиптик билим берүү агенттиги менен биргеликте өлкөнүн бардык аймактарындагы 99 билим берүү мекемелери менен кызматташып, 30дан ашуун суроо-талапка ээ кесип боюнча билим берип жатат. Курстун катышуучуларына кесиптик лицейлердин мугалимдери негизги жумушунан убакыт бөлүп, билим берет. Ар бир группада 12ден адам болууга тийиш. Курстар мурда акысыз жүргүзүлчү, бул жолу катышуучулар окуу материалдары үчүн каражат төлөйт", — деди Кыдыралиев.
Ал курска катышуу үчүн окуй турган аймактагы башкы кеңсеге барып катталуу жетиштүү экенин, кененирээк маалыматты kesip.kg сайтынан алса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0