Асанкул Шаршенов өзү жалгыз аткарган "16 улуттун өкүлдөрүнүн жыйналышы" деген спектакль бар болчу. Бул тууралуу Келдибек Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айтылуу куудулдун бул моноспектакли эки саатка чейин созулчу.
"Асанкул Шаршенов өзү жалгыз сахнага чыгып үч сааттык концерт коюп салчу. Эл кыраан-каткы түшөр эле. Анын концертинин эки сааттайын эле "16 улуттун өкүлдөрүнүн жыйналышы" деген спектакли түзчү. Ар бир улуттун костюмун кийип чыгып, сахнанын артына өтө калып, элдин алдына чыга калып баарын күлдүрчү. Аткарып жаткан образдарын да укмуш чеберчилик менен ачып берчү. Карап отурсаң ошол элдин өкүлүндөй эле кулк-мүнөзүн көрсөтүп коер эле ", — деди Ниязов.
Ал учурда куудулдун бул спектакли унутта калгандыгын кошумчалады.
Марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышып, Азия чемпионатына, дүйнө чемпионатына жана Олимпиада оюндарына лицензия утуп алуусуна жол ачылат. Мындай маалыматты Мелис Надыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, ШКУ марафону Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясынын календарлык планына кириши Кыргызстандын эл аралык аренадагы даражасын көтөрөт.
"ШКУ марафондор сериясы бар. Биз 2019-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөсү болуп кирдик. Ошол эле жылы биздеги трассаны эл аралык сертификациядан өткөргөнбүз. Буга чейин World Athletics тарабынан коюлган талаптарды толук аткарып келгенбиз. 2020-жылы мелдешти уюштурууга талапкерлигибизди көрсөтүп, декабрь айында Ысык-Көл марафонуна квалификациялык турнир деген наам ыйгарышты. Демек, бул марафондо спортчулардын эл аралык мелдештерге лицензия утуусуна жол ачылат. Ал эми кыргызстандык спортчулар үчүн машыгууга түрткү болуп, ири мелдештерге жолдомо алууга эң жакшы шарт. Суроо жараткан дагы бир маселе — Ысык-Көлдүн деңиз деңгээлинен бийик болгону. Спорттук нормативди аткаруу кыйын болорун айтышкан. Бирок дүйнөлүк практиканы карасак биздин өлкөдөн бийик жерлерде да марафондук нормативдер аткарылып келген," — деди Надыров.
Ошондой эле Run the Silk road IX эл аралык ШКУ марафону туризмди жана маданиятыбызды жайылтууга абдан чоң салым болорун кошумчалады.
Белгилей кетсек, 15-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Run the Silk road Ысык-Көл IX эл аралык ШКУ марафону старт алат.
Жоокерлердин күнүмдүк рационунун баасы 120-130 сомдон 200-210 сомго чейин жогорулатылды. Бул тууралуу Акылбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азык-түлүк өлчөмүнүн бекитилгенинен бери 18 жыл өткөн.
"КРдин Куралдуу Күчтөрүндө жана башка күч түзүмдөрүндөгү катардагы жоокерлер үчүн бир токтом менен бекитилген азык-түлүк өлчөмү колдонулуп келген. Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында килокалориясы жакшыртылган азык-түлүк нормасы бекитилди. 1-апрелден тарта КРдин куралдуу күчтөрүнүн катардагы жоокерлери, ЖАМКтын, ӨКМдин, УКМКнын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана ИИМдин ички аскерлеринин өздүк курамынын тамактануусу жакшырат. Мында курамы өзгөрүп, тамак-аштын жаңы түрлөрү киргизилди. Ал эми айрымдарынын өлчөмү жогорулатылды. Буга чейин жоокерлердин бир күндүк тамактануусунун баасы 120-130 сом болсо, эми 200-210 сомго чейин жетет. Анда эт, балык, макарон, суу майдын өлчөмү көбөйтүлдү. Мындан тышкары, ышталган колбаса, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жайкысын жер-жемиш, ал эми кышкысын анын ширеси кошулду", — деди Ибраев.
Полковник тамактардын рационун бекитүү үчүн атайын комиссия тарабынан изилдөө жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин О.Т. аттуу орун басары менен кайгуулчу милиционерлер ортосунда мушташ чыккан эмес. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Буга чейин айрым ЖМКлар ишенимдүү маалымат булагына таянып, милиционерлер чырдаша кетишкенин жазышкан.
ИИМден билдиришкендей, 21-февраль күнү саат 00:05те Москва көчөсү менен Эркиндик проспектинин кесилишинде Кайгуул-күзөт кызматынын милиционерлери MVD218B номери тагылган Lada Priora үлгүсүндөгү кызматтык унааны токтотушкан."Рулду Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын өкүлү мас абалында башкарып бараткан. Ал эми РИИБдин жетекчисинин Т.М. аттуу орун басары жүргүнчү катары бара жаткан", — дешти ИИМден.
Факты боюнча протокол түзүлгөнү белгиленди.
"Автоунаа айып короого токтотулду. Мушташ чыккан эмес. Ошондой эле РИИБ жетекчисинин орун басары рулду башкарып бараткан деген сөз калп", — деп айтылат маалыматта.
Учурда ички иликтөө кызматы окуянын чоо-жайын аныктап жатат.