Кыргызстан эгемендүүлүктүү алгандан кийин айыл чарба тармагындагы илимпоздор кескин азайып кеткен. Мындай пикирин Медербек Жаанбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Анын айтымында, өлкөдө учурда 60ка жакын жогорку окуу жайы болсо, анын экөөндө гана айыл чарба багытында терең билим берет. Биринчиси — Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, экинчиси — Кыргыз-түрк "Манас" университети.
"Кыргызстанда илимпоздордун саны аз. Илимге болгон талап, маани берүү төмөн. Эгемендүүлүктү алгандан кийин айыл чарбада илим адамдарынын саны кескин азайып кеткен. Бул багытта өлкөдө эки гана университет терең билим берет. Калгандары колледждер. Ага байланыштуу биздин өнүүгүбүз да жай болууда", — деди Жаанбаев.
Ошондой эле адис айыл чарба тармагында абдан тез жыйынтык көрсөтүү үчүн илимпоздор, министрлик жана ишкерлер биригип иш алып барышы керектигин кошумчалады.
"Учкун" ачык акционердик коому 1926-жылы негизделген. Ушул эле жылы 7-ноябрда эң биринчи кыргыз гезити араб арибинде чыккан. Ал эми 1930-31-жылдары басма үйүнүн имараты курула баштаган. Бул тууралуу Нурайым Токтомушева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, басмакана мамлекеттик баалуу кагаздарды да басып чыгарат.
"Басмаканага жабдыктарды Алматы, Ташкенттен алып келишкен. Фрунзеде бул жаатта атайын адистерди даярдоо үчүн фабрика-заводдук окуу ачылган. 1967-жылы "Правда" гезитинин биринчи нускасы чыккан. 2019-жылы сатып алуулар мыйзамына мамлекеттик маанидеги документтер мамлекеттик ишканада басылсын деген өзгөртүү киргизилген. Бул боюнча президенттин алдындагы иш башкаруу типографиясы, "Гознак" ЖЧКсы, "Учкун" ААКсы арасында тендер жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен "Учкун" ишканасы Мамлекеттик каттоо кызматынын туулгандыгы, никелешүү тууралуу жана башка күбөлүктөрдү басып чыгарат. Андан тышкары, аттестация, диплом, ошондой эле кадастрдын тендеринин негизинде мамлекеттик актылар, кызыл китептер басылууда. Азыр эми окуу китептери ар башка басмаканаларда жана чет өлкөдө басылып жатат. Чар жайыт кылбай мамлекеттик ишкананы борборлоштуруп каржыласа, сапаттуу китептерди чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар", — деди Токтомушева.
Адис президенттик шайлоо жана референдум өткөрүлгөндө жети миллион бюллетенди мыйзамга ылайык 10 күндө басып чыгарышканын кошумчалады.
Кыргыз Республикасы Советтер Союзунан бөлүнүп, эгемендүү мамлекет болгондон кийин туу, герб, гимнин бекитүү үчүн конкурс жарыяланган. Чыгармачыл адамдар Жогорку Кеңештин залында бир жумага жакын туунун көргөзмөсүн өткөрүп, авторлор менен идеясын ортого салып отуруп, 3-марттагы жалпы талкууда азыркы тууну кабыл алганбыз. Бул тууралуу Орозбек Акимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тууга көлдүн, жайлоонун, пахтанын, буудайдын жана тоонун сүрөттөрү тартылган 30-40ка жакын варианттар болгон.
"Желектин авторлору Жусуп Матаев, Эдил Айдарбеков, Маматбек Сыдыков, Бекбосун Жайчыбеков жана Сабыр Иптаровдун эмгеги жактырылган эле. Кызыл түстөгү туунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичине кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн. "Көк болуш керек", "жок, кызыл болсун" деп түсү боюнча да тартышуулар болду. Кыргызда жамандык болгондо көк, кара киет деп кызыл өңгө токтолдук. Башында желекке Американыкындай канча облус болсо ошончо жылдыз түшүрөлү деп чыгышкан эле. Кызыл туу кайраттуулуктун белгиси, мекенибизди коргоо үчүн канын-жанын аябаган адамдардын канынын түсү деп азыркы туу тандалды. Белгилей кетчү нерсе, негизи тууда азыркыдай эмес, бири узун, бири кыска нур чачырап турган. Кабыл алуунун эртеси желекти жасап келип жайса эле ал күн карамага окшоп калыптыр. Ошондо мен Медеткан Шеримкуловго "бул биз кабыл алгандай болбой калыптыр" десем, ал "ай Оке, Аскар Акаевич менен тартышып эми жараштык, кое турчу муну, кийинчерээк түзөп алабыз" деди эле. Ошол боюнча калып кетти. Элдин көзү көнүп, каныгып калгандан кийин тарыхка кайрылып аны оңдоонун зарылчылыгы барбы, эми аны азыркы жаштар карап көрөр", — деди Акимбаев.
Легендарлуу депутат 350 депутаттын 200дөн ашыгы азыркы тууну кабыл алууну колдогонун кошумчалады.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Март айынан тарта Бишкектеги көчө шыпыргандардын айлыгы 40 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева Facebook баракчасына жазды.
Айлык маянаны жогорулатуу жана кызматкерлерге сый акы берүү демилгеси мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовдун колдоосу менен ишке аша турганы кошумчаланды.
Майрамды утурлай "Тазалык" ишканасында иштеген аялдарга сый акы берилери маалым болду.