Сааттык акы төлөө графиги киргизилсе маянада анчалык деле өзгөрүү болбошу ыктымал. Ошол эле учурда иши узарып кеткен кызматкерлердин айлык акысы жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда мындай система мугалимдер, вахталык ыкма менен иштегендерге колдонулат.
"Сааттык акы төлөө учурда жаңылык эмес. Чет өлкөлөрдө бул ыкма жолго коюлган, бирок тактоо иштери зарыл. Маселен, мугалимдер бир саат сабак өтөт. Ошону менен табель толтурулат. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин сааттары кантип эсептеле турганын аныкташ керек. Мындан тышкары, тийиштүү мыйзамдарга, Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл. Себеби бүгүнкү күндө мамлекеттик, муниципалдык жана башка кызматтарда сааттык акы төлөнүү көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан сааттык акы төлөө графигин киргизүү 5-6 айды талап кылат", — деди Бакиров.
Юрист, ошондой эле, сааттык акы төлөө графигин киргизүү менен кызматкерлердин ишинин эффективдүүлүгүн аныктаган механизмди иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, өкмөттүн 3-февралда бекитилген "Чыныгы максаттар, жаңы багыттар" программасынын "Экономиканы модернизациялоо" бөлүмүндө эмгек рыногун стимулдаштыруу үчүн окладдык системанын ордуна сааттык акы төлөө жана аткарылган ишке жараша маяна чегерүүгө өтүү жазылган.
"Учкун" ачык акционердик коому 1926-жылы негизделген. Ушул эле жылы 7-ноябрда эң биринчи кыргыз гезити араб арибинде чыккан. Ал эми 1930-31-жылдары басма үйүнүн имараты курула баштаган. Бул тууралуу Нурайым Токтомушева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, басмакана мамлекеттик баалуу кагаздарды да басып чыгарат.
"Басмаканага жабдыктарды Алматы, Ташкенттен алып келишкен. Фрунзеде бул жаатта атайын адистерди даярдоо үчүн фабрика-заводдук окуу ачылган. 1967-жылы "Правда" гезитинин биринчи нускасы чыккан. 2019-жылы сатып алуулар мыйзамына мамлекеттик маанидеги документтер мамлекеттик ишканада басылсын деген өзгөртүү киргизилген. Бул боюнча президенттин алдындагы иш башкаруу типографиясы, "Гознак" ЖЧКсы, "Учкун" ААКсы арасында тендер жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен "Учкун" ишканасы Мамлекеттик каттоо кызматынын туулгандыгы, никелешүү тууралуу жана башка күбөлүктөрдү басып чыгарат. Андан тышкары, аттестация, диплом, ошондой эле кадастрдын тендеринин негизинде мамлекеттик актылар, кызыл китептер басылууда. Азыр эми окуу китептери ар башка басмаканаларда жана чет өлкөдө басылып жатат. Чар жайыт кылбай мамлекеттик ишкананы борборлоштуруп каржыласа, сапаттуу китептерди чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар", — деди Токтомушева.
Адис президенттик шайлоо жана референдум өткөрүлгөндө жети миллион бюллетенди мыйзамга ылайык 10 күндө басып чыгарышканын кошумчалады.
Кыргыз Республикасы Советтер Союзунан бөлүнүп, эгемендүү мамлекет болгондон кийин туу, герб, гимнин бекитүү үчүн конкурс жарыяланган. Чыгармачыл адамдар Жогорку Кеңештин залында бир жумага жакын туунун көргөзмөсүн өткөрүп, авторлор менен идеясын ортого салып отуруп, 3-марттагы жалпы талкууда азыркы тууну кабыл алганбыз. Бул тууралуу Орозбек Акимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тууга көлдүн, жайлоонун, пахтанын, буудайдын жана тоонун сүрөттөрү тартылган 30-40ка жакын варианттар болгон.
"Желектин авторлору Жусуп Матаев, Эдил Айдарбеков, Маматбек Сыдыков, Бекбосун Жайчыбеков жана Сабыр Иптаровдун эмгеги жактырылган эле. Кызыл түстөгү туунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичине кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн. "Көк болуш керек", "жок, кызыл болсун" деп түсү боюнча да тартышуулар болду. Кыргызда жамандык болгондо көк, кара киет деп кызыл өңгө токтолдук. Башында желекке Американыкындай канча облус болсо ошончо жылдыз түшүрөлү деп чыгышкан эле. Кызыл туу кайраттуулуктун белгиси, мекенибизди коргоо үчүн канын-жанын аябаган адамдардын канынын түсү деп азыркы туу тандалды. Белгилей кетчү нерсе, негизи тууда азыркыдай эмес, бири узун, бири кыска нур чачырап турган. Кабыл алуунун эртеси желекти жасап келип жайса эле ал күн карамага окшоп калыптыр. Ошондо мен Медеткан Шеримкуловго "бул биз кабыл алгандай болбой калыптыр" десем, ал "ай Оке, Аскар Акаевич менен тартышып эми жараштык, кое турчу муну, кийинчерээк түзөп алабыз" деди эле. Ошол боюнча калып кетти. Элдин көзү көнүп, каныгып калгандан кийин тарыхка кайрылып аны оңдоонун зарылчылыгы барбы, эми аны азыркы жаштар карап көрөр", — деди Акимбаев.
Легендарлуу депутат 350 депутаттын 200дөн ашыгы азыркы тууну кабыл алууну колдогонун кошумчалады.
Токойдун четинде эс алып тамактанып отурган советтик жоокерлердин ортосундагы КРдин эл артисти Айтурган Темирова менен РФтин эл артисти Вера Глаголеванын сүрөтү 1985-жылы Беларуста тартылган.
Ошол жылы режиссер Болот Шамшиев казакстандык снайпер, Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдагулова жөнүндө "Снайперлер" тасмасын тартууну баштап, башкы каармандын ролун Темирова аткарган.
Ал кезеңди белгилүү актриса мындайча эскерет:
"Бул сүрөт жоокерлер согуш талаасында кандай салгылашуу болгонун сүйлөшүп жатканда тартылып алынган экен. Жанымда курбу кызым Вера Глаголева отурат. Мен болсо алардын айтканына ичим чыкпай нааразы болуп, башка пландарды түзүп жаткам. Бул эпизоддор Беларустун Смолевич аскер полигонунда тартылган. Ал жерде көптөгөн советтик аскердик фильмдер жаралган. "Снайперлер" аябагандай оор шарттарда тартылган эле. Анын кесепетинен үч жолу операция болуп, эки жылдан кийин гана калыбыма келгем", — деди Темирова.
Анда Шамшиев 44, Темирова 27 жашта болуп, экөө бир уул, бир кызды тарбиялап жаткан.
Актрисанын кызы Сүйүтай Шамшиева буларды кошумчалады:
Аталган тасмага казакстандык, россиялык, кыргызстандык актерлор катышкан. Кинокартина соңуна чыккан соң 1986-жылы Алмата шаарында өткөн ХIХ Бүткүл союздук фестивалда "Мыкты аскердик-патриоттук тасма" сыйлыгына ээ болуп, башкы кармандын образын жараткан Темировага СССРдин Коргоо министрлиги ефрейтор аскер чинин ыйгарган.