Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев

Орозбаев: аксакалдар сотун айыл өкмөткө каратуу сунушталууда

36
(жаңыланган 14:39 12.02.2021)
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев Конституциянын жаңы долбоорунда аксакалдар сотун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына киргизүү сунушталып жатканын айтты.
Орозбаев: аксакалдар сотун айыл өкмөткө каратуу сунушталууда

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, аксакалдар соту айыл өкмөттөрүнүн курамына киргизилип жатат. Бул тууралуу Бектурган Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аксакалдар соту укуктук орган болгондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун курамына бөлүм катары киргени туура эмес.

"Жаңы сунушталып жаткан Конституцияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча чоң деле өзгөрүүлөр жок. Бирок буга чейин көз карандысыз укуктук институт катары эсептелип келген аксакалдар соту жергиликтүү өз алдынча башкарууга каратылып жатат. Каржылоо да аларга жүктөлүүдө. Ансыз деле өлкөдө айыл өкмөт, мэриялардын 83 пайызы дотацияда отурушат. Алар кантип каражат табат же мамлекеттик бюджеттен буга өзүнчө акча бөлүнөбү деген маселелер жаралууда. Аксакалдар соту укуктук институт болгон соң жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бир бөлүмү болуп калышы туура эмес", — деди Орозбаев.

Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын, каржы маселесин так аныктоо зарылдыгы курч турганын кошумчалады.

36
Белгилер:
сунуш, конституция, мэрия, айыл өкмөтү
Тема боюнча
Орозбаев: аткарылышы изилденбегендиктен карама-каршы мыйзамдар жазылат
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив

Сазыков: учурда 230 миңден ашуун адам салыкты онлайт төлөп жатат

21
(жаңыланган 16:26 25.02.2021)
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков бирдиктүү салык декларациясын юридикалык жактар 1-мартка чейин тапшырышы зарыл деди.

Салык төлөөдөгү, декларация толтуруудагы электрондук кызматтарды онлайн колдонуу ыңгайлуу жана акысыз. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Сазыков: учурда 230 миңден ашуун адам салыкты онлайт төлөп жатат

Анын айтымында, быйыл жеке жактар салык декларациясын 2019-2020-жылдарга тапшырат.

"Азыркы убакта 230 миңден ашык салык төлөөчү электрондук форматка өткөн. Бул жарандардын өзү үчүн эле ыңгайлуу болот. Биринчиден, убактысы үнөмдөлөт жана 24 саат ичинде өзү каалаган учурда кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, азыркы эпидемиологиялык абалда коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле бул таптакыр акысыз көрсөтүлүүчү кызмат. Анан да анда электрондук эсептегичтер болуп, программа өзү жардам берет. Электрондук кызматтардан колдонуу үчүн болгону бир ирет тиешелүү мекемеге келип, логин алып, сыр сөзүн бекитип, https://salyk.kg/ сайтынан жеке кабинетке ээ болот", — деди Сазыков.

Ал жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.

21
Белгилер:
онлайн, салык, декларация, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Бирдиктүү салык декларациясы түн ортосуна чейин кабыл алына баштады
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов

Акматов: зер буюмдардын улуттук экспертизасы эми ЕАЭБ үчүн жарамдуу

17
(жаңыланган 15:16 25.02.2021)
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов соңку учурда ЕЭКте зергерчилик тармагындагы алтын, күмүш, асыл таштарды иштетүү, алып-сатуу боюнча бир катар документтер кабыл алынганын маалымдады.
Акматов: зер буюмдардын улуттук экспертизасы эми ЕАЭБ үчүн жарамдуу

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында зер буюмдардын экспертизасынын жыйынтыгын эки тараптуу таануу колго алынууда. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кабыл алынган чечимдер зер буюмдардын рыногун өнүктүрүүгө шарт түзөт.

"Бизде асыл таштар үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолуп келет. Натыйжада зер буюмдардын наркы кымбатка түшүп, атаандаштыкка туруштук берүү оор болуп жаткан. Мындан улам зергерлер бирикмелери тарабынан бул багытта иш жүрүп, асыл таштарды алып кирүүдө бажы төлөмүнөн бошотулду. Бул зер буюмдарга баанын арзандашына, кошумча жумуш ордун түзүүгө, көбүрөөк салык төлөөгө өбөлгө болот. Мындан тышкары, Кыргызстанда жасалган зер буюмдардын үлгүсүнөн экспертизасы ЕАЭБдин алкагында таанылбай келген. Жыйынтыгында ал өлкөлөрдө сатуу үчүн кайрадан экспертиза талап кылынчу. Эми улуттук экспертиза ЕАЭБге мүчө болгон бардык мамлекеттерде таанылып, кабыл алына баштайт", — деди Акматов.

Ишкер мамлекет тарабынан шарт түзүлүп берилсе бизнес өнүгө аларын кошумчалады.

17
Белгилер:
бажы төлөмү, Евразиялык экономикалык биримдик, Сталбек Акматов
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
ЕАЭБде бирдиктүү транспорт саясаты жүрөт. Долбоор макулдашуудан өттү

АКШ Кыргызстандан үйрөнсүн. Мамдума төрагасы Жапаров менен жолуккан видео

0
Президент Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугуп, парламент аралык мамилени талкуулады.

Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.

"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.

"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.

Аны менен катар Мамдуманын төрагасы март айынын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Душанбеде ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин алкагында жолугушаары пландалып жатканын кошумчалады.

Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.

0
Белгилер:
Вячеслав Володин, Мамлекеттик Дума, Садыр Жапаров, Кыргызстан, Россия
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы: Жапаровдун иш сапары мазмуну жагынан көлөмдүү
Президент Садыр Жапаровду Москва кантип тосуп алды. Видео