Ветеринардык көзөмөл жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мындай пикирин Самат Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда өкмөттүн структурасы белгилүү болгону менен министрликтердин түзүмү аныктала элек.
"Ветеринардык инспекция департамент болот деген божомолдор айтылууда. Бул учурда бир катар тобокелчиликтер пайда болот. Маселен ветеринардык кызмат эпизоотияга каршы күрөшүү, оорулардын алдын алуу иштерин жүргүзөт. Мындан тышкары ветеринардык көзөмөл жүргүзүү функциясы бар. Анан бул экөөнү бириктирсе, өзү кылган ишин өзү көзөмөл кылган орган болуп калат. Ошондуктан айыл чарба тармагынын алдында ветеринардык, фитосанитардык, санитардык кылып, бардык көзөмөл кылуучу системаны өзүнчө департамент катары уюштуруу зарыл", — деди Алиев.
Ошондой эле ал ветеринардык эрежени сактоого өзгөчө көңүл бурулбаса абал татаалдашып кетерин кошумчалады.
Жаш акындардын тез эле элдин оозуна алынып кетүүсүнө пиар түрткү болду. Тилекке каршы, прозаиктер бул жагынан аксап калууда. Мындай пикирин Токтобек Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып белгиледи.
Анын айтымында, учурда проза жазган жаш калемгерлер деле көп.
"Техниканын өнүгүп жаткан учурунда бир маалыматты бир нече булактан алууга мүмкүн. Анын ичинен таанылыш үчүн пиар дегенди колдонуу зарыл. Жаш акындар аны жакшы колдонуп, элдин оозуна алынышты. Эл Акбар Кубанычбеков, Бердибек Жамгырчиев, Садырбек Турдубек уулу деген акындар бар экенин билип, алардын ырларын окуп, сын жазып, талкууга алышты. Прозада ушундай ысымдардын чыкпай жатканынын себеби — прозалык чыгарма көлөмдүү. Ырдай кылып социалдык тармактарга жарыялай албайсың. Анткени ал чоң чыгарма, кыскача видео же текст кылып социалдык тармакка чыгаруу мүмкүн эмес. Анын үстүнө акындарга жеңил, себеби поэзия — бул сезимдерди ырга салуу. Ошол сезимди жазып, аны видео кылып окуп социалдык тармактарга жүктөп койсо, элге тарай берет. Прозаиктер дагы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу жолдорун табуусу зарыл", — деди Үсөнов.
Жазмакер учурда окурмандар кыска чыгармаларга көнүп алганын кошумчалады.
Мамлекеттер көп учурда айыл чарба тармагын дотациялайт. Бирок бул сектордун социалдык мааниси абдан жогору. Мындай пикирин Муратбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Анын айтымында, Кыргызстанда айдоо жер аз болгондуктан массалык түрдө айыл чарба продуктусун өндүрүү мүмкүн эмес.
"Негизи эле дүйнөдө айыл чарба тармагы кирешелүү деп эсептелинбейт. Мамлекеттер көбүнчө бул тармакты дотация кылат. Ага карабастан, анын социалдык мааниси өтө жогору. Муну биз баары бир жасашыбыз керек. Анткени өлкө калкынын 60 пайыздан жогорусу айыл жергесинде жашагандыктан көбү мал чарбачылык жана дыйканчылык менен иш кылат. Айыл чарбанын приоритеттүү жагын карасак болот. Мисалы, биздин айдоо жерлерибиз көп эмес. Массалык түрдө айыл чарба продуктусун өндүрө албайбыз. Жери көп Казакстан, Беларусь сыяктуу айыл чарба продуктусун массалык түрдө өндүрүп, эл аралык базарда алар менен атаандашуу мүмкүн эмес. Бирок биздин табигый, сапаттуу продуктуларды чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүз жогору. Алсак, эттин элиталык сортторун, балды, жапайы чөптөрдү аз өлчөмдө, кымбат баада экспорттоо керек. Айыл чарба тармагын мына ушул жолду тандап гана өнүктүрө алабыз," — деди Исмаилов.
Ошондой эле ишкер инвестиция кыска мөөнөттүү иш эмес экендигин түшүнүүнү кошумчалады.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысы калпак кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгонун белгилеп, абалтадан элибиз улуттук кийимдерин аздектеп, өзгөчө баш кийимге аяр мамиле кылып келгенин белгилеген.
"Ата-бабабыз кастарлаган ак калпак кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү экендиги талашсыз. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын символу, ыйык белгиси катары акылман, уз-чебер энелерибиз ак мөңгүлүү Ала-Тообузду көзгө тартып, шөкөттөп, ак калпагыбызды урпактарга таберик мурас калтырган. Анын ар бир кыюусу, сайылган саймасына чейин терең философиялык маани берип, эр-азаматтардын жаш курагына ылайыктап кийгизген", — деп айтылат куттуктоодо.
Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан.
"Кыргыздын улуттук кийимдери элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү катары тарыхый узак мезгилде көчмөн маданиятыбыздын үлгүсү болуп, муундан-муунга таберик болуп сакталып калды", — деди президент.
Сөзүнүн соңунда кыргыздын байыркы нарк-насили, улуттук көркөм дөөлөттөрү сакталып, кыраакы кыргыз дүйнөсүн ааламга тааныта берерине тилектештигин билдирген.