Убакытты эффективдүү колдонуу марафонунун автору Нуржахан Асылбашева

Асылбашева: пландаштырууда эң чоң ката системанын жоктугу

69
(жаңыланган 20:04 14.02.2021)
Убакытты эффективдүү колдонуу марафонунун автору Нуржахан Асылбашева убакытты туура бөлүштүрүү адамдын көп нерсеге жетишип, ишинин продуктивдүү жүрүшүнө түрткү болорун айтты.
Асылбашева: пландаштырууда эң чоң ката — системанын жоктугу

Күнүмдүк пландаштыруу өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана убакытты натыйжалуу башкаруу үчүн абдан маанилүү. Бул тууралуу Нуржахан Асылбашева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пландаштырууда эң чоң ката — системанын жоктугу.

"Пландоонун батыш жана чыгыш модели бар. Батыш моделинде адам өзүнүн планын аткарып жатып кишинин көңүлүн эске албайт. Башкача айтканда, жакындарына азыраак маани берип, алар четте калып калышы мүмкүн. Ал эми чыгыш моделинде киши карым-катнаш, мамилеге, өзү менен өзү болууга убактысын бөлүп, ошону менен бирге башка иштерин да аткарат. Бул моделде адам жашоодогу бардык ролуна убакыт бөлөт. Ошондуктан чыгыш модели бизге ылайыктуу деп эсептейм. Жасай турган иш-аракеттерин пландабай жашоонун агымы менен кеткен адамдар да бар. Алар анда башка бирөөнүн айтканын, максаттарын аткарып калган болот. Ар дайым планды, ойду кагазга түшүрүү керек. Аткара турган иштердин тизмеси бул сиздин максатыңызга карай жол көрсөтө турган карта десек болот. Кечинде эртең аткарыла турган иштердин тизмесин даярдаңыз. Ошондо жумушка келип, күнүңүздү эмнеден баштаарыңызды билесиз", — деди Асылбашева.

Ал кыскадан узак мөөнөткө чейин, жашоодогу максаттарыңыздан баштап күнүмдүк планга чейин жазып, ар бир тапшырма үчүн белгиленген убакытты коюу керектигин кошумчалады.

69
Белгилер:
модель, убакыт, план
Тема боюнча
Сагынбаева: пандемияда эркектерге караганда аял ишкерлердин бизнеси жабыркады
Маданияттын мыкты кызматкери, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Акбар Кубанычбеков

Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

13
(жаңыланган 14:36 05.03.2021)
Маданияттын мыкты кызматкери, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Акбар Кубанычбеков учурда поэзия тармагы өнүгүүгө багыт алып жатканын белгиледи.
Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

Адабиятчылар маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өзгөчө, акындар аймактарды кыдырып, чыгармаларын элге жеткирсе жакшы болмок. Мындай пикирин Акбар Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чыгармалардын сынга кабылуусу анын окулуп жатканынан кабар берет.

"Поэзия тармагы элдик фольклордон чыныгы жазмага өткөнү жакшы эле өсүш болгон. Андан бери көптөгөн залкар акындар чыгып адабий айдыңда өз ордун ээлеп калды. Ал эми эгемендүүлүккө келе турган болсок, ортодо поэзия каралбай калган. Башкача айтканда, чыгарманын окурманы болуусу шарт. Алар жазуучунун өсүүсүнө түрткү болот. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары китеп окулбай калган. Азыр эми акырындап китепти кубалап окугандар пайда болуп келе жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл болду. Бул аралыкта жакшы чыгармалар жазылды. Ошолорду иргеп, тандалмаларды топтоо зарыл. Анан адабий тармак маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өз кезегинде Байдылда Сарногоевдин барбаган айылы калбаптыр. Азыр деле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан акындарга аймактарды кыдыруу боюнча демилгеленсе, чыгармалар элге жетет эле", — деди Кубанычбеков.

Акын учурда жазылып жаткан чыгармалардын сапаты көбүнесе орто заар болуп жатканын кошумчалады.

13
Белгилер:
маданият, ротация, адабият, Акбар Кубанычбеков
Тема боюнча
Эгембердиева: аялзатынын адабиятка келишин жигиттер өздөрү шарттаган
Өз жамаатыңды өнүктүр хакатонунун чечимдерди картирлөө боюнча жетекчиси Урмат Такиров

Такиров: долбоорлорду колдоо боюнча хакатон өтөт

9
"Өз жамаатыңды өнүктүр" хакатонунун чечимдерди картирлөө боюнча жетекчиси Урмат Такиров инновациялык жана технологиялык чечимдерди табуу жана жамааттардын өнүгүүсүнө салым кошо турган долбоорлорду колдоо боюнча хакатон өтөрүн айтты.
Такиров: долбоорлорду колдоо боюнча хакатон өтөт

IT-технологияларынын жардамы менен жамааттардын өнүгүүсүнө багытталып пландаштыруу, ресурс топтоо жана долбоорлорду ишке ашыруу идеяларын хакатон аркылуу тез убакытта чечсе болот. Мындай пикирин Урмат Такиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда кабарлады.

Анын айтымында, IT-адистер кыска мөөнөттө түрдүү идеяларды карап, алардын ишке ашуусуна көмөкчү болот.

"Хакатон — англис тилинен hack жана marathon сөзүнөн алынган. Программалык камсыздоо компаниялары тарабынан түзүлгөн форум. Биздин хакатондун максаты бар идеялардын аткарылышын тездетүү болуп саналат. 2020-жылы жаңы көйгөйлөр пайда болду. Алсак, дүйнөдө пандемия, экономикалык кризис, саясий кырдаалдар коомдогу орчундуу маселе болууда. Алдыда кандай кризистер болорун да айта албайбыз. Мындай шартта көйгөйлөрдү абдан тездик менен чечкен модель түзгөнгө аракет кылуудабыз. БУУнун Өнүктүрүү программасынын Акселератор лабораториясы тарабынан инновациялык жана технологиялык чечимдерди табуу жана жамааттардын өнүгүүсүнө салым кошо турган долбоорлорду колдоого алуудабыз. IT-адистер кыска мөөнөттө түрдүү идеяларды карап, алардын ишке ашуусуна жардам берет. Хакатон 13-14-мартта өтөт. Хакатонго жеке жана команда менен катышууга болот. Катталуу үчүн БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн веб-сайтына кирүү керек," — деди Такиров.

Ошондой эле жетекчи идеяларды колдоо боюнча демилгелер өлкө аймагында байма-бай уюштуруларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, демилге Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын Акселератор лабораториясы жана Россия Федерациясы тарабынан каржыланган БУУӨПтүн "Санарип экономика шартындагы жаштардын санарип жөндөмдөрү жана мүмкүнчүлүктөрү" долбоорунун алкагында ишке ашууда.

9
Белгилер:
Урмат Такиров, Россия, идея, БУУ, хакатон
Тема боюнча
Сапашов: өлкөдө маалыматтык технологиянын абалы ортодон төмөн
Легиондо кызмат өтөгөн офицер Канимет Жапаров

Легиондо кызмат өтөгөн офицер Жапаров: Францияга таарынычтан улам кеткем

0
(жаңыланган 16:14 05.03.2021)
Чек ара кызматынын мурдагы офицери Канимет Жапаров мындан 10 жыл мурун Кыргызстандагы кызматын таштап, легионер болуу үчүн Францияга барган. Атайын легиондо 6 жыл кызмат өтөгөн мекендешибиз кантип легионер болуп калганын Sputnik Кыргызстанга айтып берди.

Жалаң чет өлкөлүктөрдөн куралган Франциядагы атайын легионго бардык эле адамдар кабыл алына бербейт. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы офицери Канимет Жапаров үчүн дагы бөтөн элдин армиясында кызмат өтөө оңой болгон эмес. Маектешибиз учурда Париж шаарында жашагандыктан Zoom аркылуу сүйлөштүк.

Служащий во французском легионе, бывший офицер ГПС КР Канимет Жапаров
© Фото / A.Thapa
Канимет Жапаров: чет өлкөнү көрүп келүү кыялымда бар эле, бирок Францияга келип легионер болуп калам деп ойлогон эмесмин.

— Канимет мырза, саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз?

— Балалыгым Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды айылында өттү. Мектепти аяктаган соң 2004-жылы аскердик окуу жайга тапшырдым. Окуу жайды 2008-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, Мамлекеттик чек ара кызматында үч жыл кызмат өтөдүм. 2011-жылы Францияга келип легионго кабыл алынып, 2017-жылга чейин чет өлкөнүн армиясында кызмат кылдым. Учурда үй-бүлөм менен Париж шаарында турам.

— Кыргызстандын Куралуу күчтөрүнүн офицери болуп туруп эмне себептен кызматыңызды таштап легионер болуп кеттиңиз?

— Чынын айтсам, бардык эле жарандар сыяктуу менин дагы чет өлкөнү көрүп келүү кыялымда бар эле, бирок Францияга келип легионер болуп калам деп ойлогон эмесмин. Жашыман өлкөнү сүйүү, мекенди коргоо сыяктуу патриоттук сезимдер менен тарбияландым. Чек ара кызматында жүргөндө дагы дал ошол сезимдер менен кызмат өтөдүм. Баткендеги чек ара заставаларынын биринде командирдин орун басары кызматына чейин көтөрүлүп, жакшы эле кызмат өтөп жүргөндө күтүүсүз жерден мени башка кызматка которуп салышты. Негизи аскер кызматкерлери бир багыт менен кызматтан жогорулайт. Бирок мени таптакыр башка бөлүмгө, тагыраагы, кинолог же иттерди караган бөлүмгө жооптуу кылып коюшту. Ошондон кийин берилүү менен кызмат кылсаң да эмгегиңди эч ким баалабаганына өкүндүм. Эски системага таарыныч менен жашап жүргөн күндөрү аскердик окуу жайда бирге окуган курсташыма жолугуп калдым. Ал мага Франциядагы легион тууралуу айтып берди. Ал учурда ата-энем эски үйдө жашап, үй-бүлөбүздөгү жашоо шартыбыз дагы жакшы эмес эле. Айлык маянам дагы эч нерсеге жетпей жүргөн. Мына ушуларды ойлоп Францияга кетүүгө даярдана баштадым. Бирок чечим кабыл алуу оңой болгон жок.

Служащий во французском легионе, бывший офицер ГПС КР Канимет Жапаров с сослуживцем
© Фото / из личного архива Канимета Жапарова
Канимет Жапаров: легионго айрым өлкөнүн жарандары акча табуу үчүн, башкалары тажырыйба топтоо үчүн келишет.

— Легионго кабыл алууда өзүнүн катаал талаптары бар экенин билебиз, сынактан өтүү мурдагы аскер кызматкери үчүн кандай болгону бизди кызыктырып жатат...

— Биринчи ден соолугуңду тыкыр текшеришет. Анан өзүң да мыкты даярдыкта болушуң керек. Ар кандай тесттер менен ой жүгүртүүңдүн дэңгээли текшерилет. Адамды ичинен билүү үчүн бир нече адис менен маектешүү жүрөт. Ошентип 200гө жакын адамдын ичинен 10-15 баланы тандап алышат. Мен кабыл алынып жатканда ошондой эле, азыр 40-50 адам өтөт экен.

— Маектешүүлөр кайсы тилде болот, кайсы бир деңгээлде француз тилин билүү керек деген талап барбы?

— Эң жакшы жери кабыл алууда француз тилин билүү керек деген талап болбойт. Адегенде кайсы өлкөдөн келгениңди сурайт. Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдөн баргандардан орус тилдүү эксперттер сынак алат. Легионго кабыл алынган биринчи күндөн баштап француз тилин үйрөнүп баштайсың. Башкача айтканда, жашооң француз тилинде болот.

Служащий во французском легионе, бывший офицер ГПС КР Канимет Жапаров
© Фото / из личного архива Канимета Жапарова
Канимет Жапаров: легиондо капрал аскердик чинин алдым. Бул биздеги ефрейторго барабар болгону менен милдеттери алда канча жогору.

— Мисалы, армияга баргандан кийин аскердик тартип жагабы-жакпайбы, сөзсүз милдетиңди өтөшүң керек. Легиондо кандай, сынактан өткөндөн кийин талаптарга чыдабагандардын тагдыры эмне болот?

— Кабыл алынган соң 5 жылга келишим түзөсүң. Эгер легиондун тартиби жакпаса, төрт айдын ичинде кетип калсаң болот. Бирок бир жыл өтүп кетсе 5 жылдык келишим аягына чыкмайынча кете албайсың. Биз менен өткөн легионерлердин ичинен 5-6 бала үч айга жетпей эле кетип калышты.

Кадимки аскерге чакыруу милдеттүү түрдө болот эмеспи, легионго өзүңдүн каалооң менен барасың. Ошондуктан көпчүлүк балдар даярдык менен келишет. Ага карабай айрымдар кетип калат.

— Сиз эмнеден кыйналдыңыз?

— Кыйынчылык ар кимде ар кандай болот. Менин аскердик турмушта таржырыйбам болгондуктан тилден гана кыйналдым. Алгачкы айларда жөнөкөй эле "ары-тургула, бери тургула" деген сөздөрдү түшүнбөй, өзүмдү бир нерседен кем сезип жүрдүм. Бирок дене бойдун даярдыгы жагынан деле оңой болгон жок.

Служащий во французском легионе, бывший офицер ГПС КР Канимет Жапаров с сослуживцами
© Фото / из личного архива Канимета Жапарова
Канимет Жапаров: легионерлер жунгли токоюна да барып жашоо үчүн күрөшүү сыяктуу ар кандай машыгууларды өткөрүшөт.

— Аскердик турмуштун бир күнүн баяндап бересизби?

— Аскердик турмуш, андагы тартип бардык жерде кайсы бир деңгээлде окшош болот. Легиондо деле саат алтыда туруп эртең мененки тактоого тизилесиң. Андан кийин жашаган жериңди жыйнап, жуунган соң тамактанасың. Саат 07:15те кайра тизилесиң да аскер бөлүктүн тегерегин тазалайсың. Саат 7:30да спорттук көнүгүүлөр башталат. Күн сайын иш күндөрү 10-15 чакырымга чейин чуркайсың. Көнүгүүлөр бир жарым саатка созулат. Андан келгенден кийин кайра жуунуп тазаланасың, кийим алмаштырасың. Саат 09:30да сабактар же негизги жумуштар башталат. Саат 12:00дө түшкү тамакты ичкен соң экиге дейре бош болосуң. Ошол мезгилде каалаган нерсени жасоого болот, адатта улуу муундагы жоокерлер укташат. Түшкү экиде кайра жумуштар же машыгуу башталат. Саат 18:00дө кечки тамак. Андан кийин дагы эки сааттык убакыт берилет, бул учурда өзүңө тиешелүү болгон каалаган жумуштарыңды жасасаң болот. Саат кечки тогузга жакын кайра тизилип кийинки күнгө тапшырмалар жазылат. Кечки саат ондо уктайсың. Кадимки учурда ушундай.

— Кыргызстанда сиз улук лейтенант аскердик наамын алууга жетишкен экенсиз, Францияга баргандан кийин өз өлкөңүздө офицер болгонуңузду эске алыштыбы?

— Легиондун өзүнүн тартиби бар. Генерал болсоң да бул аскердик түзүмгө келген соң баарын башынан баштайсың. Адамдын тажрыйбасын эч ким тартып ала албайт эмеспи. Ар бир жоокер өзүн көрсөтө алган жөндөмдүүлүгүнө карата башкалардан айырмаланып турат, ошого жараша аскердик наам да берилет. Легиондо сенин улутуңа, кебетеңе же расаңа карабайт. Ар бир жоокердин аскердик турмушта өзүн көрсөтө алганына жараша рейтинги түзүлөт. Мен адегенде үчүнчү сапка чыккан соң бул жакта адамдын жөндөмүнө баа берилерин көрүп, адилеттүүлүк бар экенине ынангам.

Служащий во французском легионе, бывший офицер ГПС КР Канимет Жапаров
© Фото / из личного архива Канимета Жапарова
Канимет Жапаров: кабыл алууда ден соолугуңду тыкыр текшеришет. Анан өзүң да мыкты даярдыкта болушуң керек.

— Ошондо сиз кандай аскердик наам алдыңыз?

— Мен капрал аскердик чинин алдым. Бул биздеги ефрейтор кенже аскердик наамы менен барабар. Бирок милдеттери жана жоопкерчилиги ефрейторго караганда алда канча жогору. Мисалы, 40-50 адамды башкарып, жоокерлер менен офицерлердин ортосундагы жумуштарды бүтүрөсүң, тиешелүү документ иштерин толтурасың.

— Бир жерден экинчи жерге барганда айырмачылыктар даана көрүнөт эмеспи. Кыргыз армиясы менен легиондун айырмачылыгын айтып берсеңиз?

— Эң биринчи айырмачылык — адамга болгон мамиле. Легиондо сен катардагы жоокер болсоң да баары жакшы мамиле жасайт. Мен жаңыдан барганда полковниктер француз тилин билбегениме карабай кичи пейил мамиле кылчу. Бул адамга кадимкидей дем берет. Айтор, офицерлер менен жоокерлердин ортосунда жандуу байланыш бар. Тилекке каршы, мен Кыргызстанда кызмат өтөп жүргөндө андай эмес эле.

Экинчи айырмачылык — легиондо баары аскердик уставдын негизинде болот. Кыргыз армиясында деле кынтыксыз жазылган устав бар, бирок айрым учурларда ал иштебей ички системалар бекем калыптанып калган.

Үчүнчү айырмачылык — легиондогу машыгуу иштеринин жогорку деңгээлде өткөндүгү. Тез-тез чет өлкөлөргө чыгып, алардын аскерлери менен тажырыйба алмашып турасың. Керек болсо жунгли токоюна барып жашоо үчүн күрөшөсүң. Албетте, мунун баары акчага такалат. Башка да айырмачылыктар бар, негизгиси ушул үчөө.

Служащий во французском легионе, бывший офицер ГПС КР Канимет Жапаров
© Фото / из личного архива Канимета Жапарова
Канимет Жапаров: менин аскердик турмушта таржырыйбам болгондуктан легионго келгенде тилден көп кыйналдым.

— Сиз менен бирге канча кыргыз кызмат кылчу эле, алар менен байланышып турчу белеңиз?

— Легиондун бардык бөлүктөрүн кошкондо жалпы жети миңдей жоокер кызмат өтөйт. Мен барган учурда баш-аягы ондон ашык кыргыз бар эле. Алар менен машыгууларда көрүшүп калчумун. Учурда 30га жакын кыргыз бар деп угам.

— Көбүнчө мырзалар легионго эмне максатты көздөп барышат? Деги эле бул аскердик түзүм адамды эмнеси менен өзүнө тартып турат?

— Ар бир өлкөдөн баргандар ар кандай. Мисалы, кыргыздар жакшы маяна алуу же Европада калып калуу үчүн барышат. Бул көпчүлүк жакыр өлкөлөрдүн жарандарына мүнөздүү көрүнүш. Ошол эле маалда өнүккөн өлкөлөрдүн жарандары дагы барат, алардын айырмачылыгы — жакшы маяна үчүн эмес, тажрыйба топтоо, өзүн сынаш үчүн барышат. Норвегиядан барган мен сыяктуу мурдагы офицерди көрдүм. Ал өз өлкөсүндө легионго караганда үч эсе көп айлык алчу экен. Япониядан дагы жогорку маяналуу жумушун таштап бир профессор келген.

Легиондун өзүнө тартып турган артыкчылыгы — бул анын көп жылдык тарыхы болсо керек. Анткени башка өлкөлөр менен тажырыйба алмашуу көп болгондуктан бедели дагы ошончолук жогору. Мисалы, мен Бириккен Араб Эмирлигине, Габонго, Малиге, Кот-д'Ивуарга жана бир катар Борбордук Африка өлкөлөрүнө чейин бардым.

Служащий во французском легионе, бывший офицер ГПС КР Канимет Жапаров
© Фото / из личного архива Канимета Жапарова
Канимет Жапаров: кеңеш сурагандар көп. Аларга легионго келерден мурун жакшылап даярдангыла деп кеңеш берем.

— Маяна тууралуу дагы айтып калдыңыз, сыр болбосо кандай эле?

— Кадимкидей эле келишимдин негизинде маяна төлөнөт. Жаңыдан барганда 1 300 евро алчумун. Парашют бөлүмдө кызмат кылып жүргөндө маянам 2000 евронун тегерегинде эле.

Эгер 17 жыл легиондо кызмат кылсаң, дароо пенсияга чыгасың. Мага окшоп 5-6 жыл кызмат кылгандарга пенсия кийин төлөнөт. Бирок кызматтан кеткенден кийин жумуш таба албай калсаң Франциянын өкмөтү кайсы бир убакытка чейин күнүнө 30 евродон төлөп берет. Бул үчүн тиешелүү документтерди толтурушуң керек.

— Легиондо жүргөндө башка өлкөлөргө барып алардын аскерлери менен машыгууларды өткөрчү элек деп калдыңыз. Франциядан башка мамлекеттердин армиясында кызмат өтөгөн кыргыздарды жолуктурдуңузбу?

— Жок. АКШнын армиясында кыргыздар кызмат кыларын угуп жүрөм, бирок байланышым жок.

Служащий во французском легионе, бывший офицер ГПС КР Канимет Жапаров
© Фото / из личного архива Канимета Жапарова
Канимет Жапаров: 2017-жылдан бери Франциядагы кыргыз диаспорасынын президентимин. Кыргызстанды таанытуу, француз эли менен достукту бекемдөө максатында ар кандай иш-чараларды өткөрөбүз.

— Үй-бүлөңүз тууралуу дагы айтып берсеңиз.

— Эки жыл мурун үй-бүлө кургам. Үлпөт тоюбуз Кыргызстанда өткөн. Көп өтпөй Париж шаарына келгенбиз. Учурда бир кызыбыз бар.

— Азыр эмне менен алектенесиз?

— Легиондо кызмат кылып жүрүп эс алууга чыкканымда Парижге келип, бул жактагы кыргыздар менен жолугуп, карым-катышым жакшы эле. Кызматымды аяктап келгенден кийин жердештерим мага Кыргызстандын Париждеги диаспорасын жетектешимди сунуш кылып, жардам беребиз, иштеп бер дешти. Мен макул болдум. Диаспоранын жумушу — мекендештерибиздин ынтымагын арттыруу жана өлкөбүздү, кыргыз маданиятын жайылтуу. Майрам күндөрү ар кандай иш-чараларды өткөрүп турабыз.

Ал эми каражат табуу максатында машыктыруучу болуп эмгектенем. Бирок биздеги спорт залдагыдай фитнес тренер деп ойлоп калбаңыз. Көбүнчө компаниялар менен иштешем. Компаниялардын кызматкерлерин машыктырам, легиондон алган тажрыйбамды пайдаланып, кызматкерлердин ортосунда ар кандай мелдештерди уюштурам. Андан башка каалоочуларды өзүнчө да машыктырам.

Служащий во французском легионе, бывший офицер ГПС КР Канимет Жапаров (крайний слева)
© Фото / из личного архива Канимета Жапарова
Канимет Жапаров: каражат табуу үчүн машыктыруучу болуп эмгектенем. Көбүнчө компаниялардын кызматкерлерин машыктырам.

— Легионер болом дегендерге кандай кеңеш берет элеңиз?

— Кеңеш сурап көп балдар жазат. Алардын кандай максатта жазып жатканын билбейм да, үй-бүлөлүк шарты боюнча да кабарым жок. Бирок чечим кабыл алып, мен жашоодо мындан башка жол көрбөй турам дегендер болсо аларга келерден мурун жакшылап даярдангыла деп кеңеш берем. Кайсы бир аскер башчынын "жеңиштин 50 пайызы даярдыктан" деген сөзү бар го. Анын сыңары, бардык нерсе даярдыктан. Келер алдында легион тууралуу кенен маалымат алып, мыкты даярданыш керек. Көпчүлүк кыргыздар чала угуп эле келишет да, өтпөй калып кайра кетишет.

0
Белгилер:
Канимет Жапаров, армия, Кыргызстан, Франция, жоокер, офицер, легионер
Тема боюнча
Өлкө коопсуздугу, тыңчы, 32 жашта агарган чач. УКМК ардагери Мураталиев менен маек
Мексика, Ирак, Африкада иштеп... Кыргыздын алгачкы дипломаттары кантип тапталган