Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Усебаев

Усебаев: Жусуп Абдрахмановго "Кыргыз Эл Баатыры" наамын берүү сунушталууда

87
Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Усебаев Жусуп Абдрахмановго "Кыргыз Эл Баатыры" наамын берүү окумуштуулар, тарыхчылар тарабынан сунушталып жаткандыгын айтты.
Усебаев: Жусуп Абдрахмановго "Кыргыз Эл Баатыры" наамын берүү сунушталууда

Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата анын Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө, саясий жана коомдук ишмердүүлүгүнө баа берилип, улуттук лидердин эмгектери ачыкталышы керек. Мындай пикирин Мирбек Усебаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Анын айтымында, белгилүү саясатчыга "Кыргыз Эл Баатыры" наамын берүү боюнча көп катар негиздер бар.

"Президенттин Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын улуттук деңгээлде белгилөө боюнча жарлыгы жакшы жышаан. Анткени тарыхый инсандардын ишмердүүлүгү эскерилип, эмгеги бааланышы керек. Бул жарлыктын алкагында жыл бою көп иш-чараларды уюштуруу каралып жатат. Мисалы, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына анын атын ыйгаруу жана Жусуп Абдрахмановго "Кыргыз Эл Баатыры" наамын берүү окумуштуулар, тарыхчылар тарабынан сунушталып жатат. Мындан тышкары, быйыл Абдрахмановдун саясий ишмердүүлүгүнө 100 жыл толот. Бул дагы абдан символикалуу болуп турат," — деди Усебаев.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өкмөткө уюштуруу комитетин түзүү, иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү тапшырылган.

87
Белгилер:
саясатчы, наам, тарых, Жусуп Абдрахманов
Тема боюнча
Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы быйыл улуттук деңгээлде белгиленет
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов

Үсөнов: прозаиктер пиар жагынан аксап калууда

57
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов өлкөдө проза жаатында жаңы калемгерлердин ысымдары элге таанылбай калып жатканынын себебин айтып берди.

Жаш акындардын тез эле элдин оозуна алынып кетүүсүнө пиар түрткү болду. Тилекке каршы, прозаиктер бул жагынан аксап калууда. Мындай пикирин Токтобек Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып белгиледи.

Үсөнов: прозаиктер пиар жагынан аксап калууда

Анын айтымында, учурда проза жазган жаш калемгерлер деле көп.

"Техниканын өнүгүп жаткан учурунда бир маалыматты бир нече булактан алууга мүмкүн. Анын ичинен таанылыш үчүн пиар дегенди колдонуу зарыл. Жаш акындар аны жакшы колдонуп, элдин оозуна алынышты. Эл Акбар Кубанычбеков, Бердибек Жамгырчиев, Садырбек Турдубек уулу деген акындар бар экенин билип, алардын ырларын окуп, сын жазып, талкууга алышты. Прозада ушундай ысымдардын чыкпай жатканынын себеби — прозалык чыгарма көлөмдүү. Ырдай кылып социалдык тармактарга жарыялай албайсың. Анткени ал чоң чыгарма, кыскача видео же текст кылып социалдык тармакка чыгаруу мүмкүн эмес. Анын үстүнө акындарга жеңил, себеби поэзия — бул сезимдерди ырга салуу. Ошол сезимди жазып, аны видео кылып окуп социалдык тармактарга жүктөп койсо, элге тарай берет. Прозаиктер дагы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу жолдорун табуусу зарыл", — деди Үсөнов.

Жазмакер учурда окурмандар кыска чыгармаларга көнүп алганын кошумчалады.

57
Белгилер:
пиар, проза, адабият
FSDS коомдук уюмунун аткаруучу директору, ишкер Муратбек Исмаилов

Исмаилов: айыл чарба тармагы кирешелүү тармак деп эсептелинбейт

31
FSDS коомдук уюмунун аткаруучу директору, ишкер Муратбек Исмаилов айыл чарба тармагы дүйнөлүк экономикада кирешелүү тармак эместигин билдирди.
Исмаилов: айыл чарба тармагы кирешелүү тармак деп эсептелинбейт

Мамлекеттер көп учурда айыл чарба тармагын дотациялайт. Бирок бул сектордун социалдык мааниси абдан жогору. Мындай пикирин Муратбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанда айдоо жер аз болгондуктан массалык түрдө айыл чарба продуктусун өндүрүү мүмкүн эмес.

"Негизи эле дүйнөдө айыл чарба тармагы кирешелүү деп эсептелинбейт. Мамлекеттер көбүнчө бул тармакты дотация кылат. Ага карабастан, анын социалдык мааниси өтө жогору. Муну биз баары бир жасашыбыз керек. Анткени өлкө калкынын 60 пайыздан жогорусу айыл жергесинде жашагандыктан көбү мал чарбачылык жана дыйканчылык менен иш кылат. Айыл чарбанын приоритеттүү жагын карасак болот. Мисалы, биздин айдоо жерлерибиз көп эмес. Массалык түрдө айыл чарба продуктусун өндүрө албайбыз. Жери көп Казакстан, Беларусь сыяктуу айыл чарба продуктусун массалык түрдө өндүрүп, эл аралык базарда алар менен атаандашуу мүмкүн эмес. Бирок биздин табигый, сапаттуу продуктуларды чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүз жогору. Алсак, эттин элиталык сортторун, балды, жапайы чөптөрдү аз өлчөмдө, кымбат баада экспорттоо керек. Айыл чарба тармагын мына ушул жолду тандап гана өнүктүрө алабыз," — деди Исмаилов.

Ошондой эле ишкер инвестиция кыска мөөнөттүү иш эмес экендигин түшүнүүнү кошумчалады.

31
Белгилер:
инвестициялар, ишкер, дотация, айыл чарба
Тема боюнча
Баткенде айыл чарбаны өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя бериле баштады
Рим шаарында көчөдө бараткан адамдар. Архив

Европа өз көйгөйлөрүнө күнөөлүүнү тапты. Бет тырмарлыкпы?..

0
(жаңыланган 10:14 05.03.2021)
Европа биримдигиндеги демократиялык процесстерге чет элдик кийлигишүүлөр боюнча Европарламенттин атайын комитетинин угууларында европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель бурмаланган маалыматтык кампанияга Россияны айыптады.

Боррелдин айтымында, бул Евробиримдиктеги демократияны каралоого жана эл аралык кызматташтыкты чабалдатууга багытталган. Бул тууралуу Ирина Алкснистин материалын РИА Новости жарыялады.

Боррель мизи али кайта элек пандемия шартында жалган жана жаңылыш ойго түрткөн маалыматтардын өтө кооптуулугун белгилеген. "Биз Кремлге ыктаган каналдардын бет кап тагынуунун кажети жоктугун айтканын, карантинге каршы козуткандарын көрдүк", — дейт ал.

Дипломаттын пикиринде, эми Москванын вакциналык дипломатиясы биринчи планга чыкты. Ал бир жагынан батыш препараттарын жана өндүрүшчүлөрүн каралоого тырышып, экинчи жагынан өздөрү өндүргөндөрүн даңазалап, активдүү таанытууга аракет кылууда.

Европалык аткаминердин тынчсыздануусун түшүнүүгө болот. Ошол эле убакта Россияда турмуш көпчүлүк үчүн азыраак ыңгайсыз болсо да кадимки нугуна түшүп калды. Ал эми бийлик пандемиядан улам киргизген чектөөлөрүн акырындап алууда.

Европада жаңы карантиндик катаал чаралар толкуну башталып туру. Финляндияда өзгөчө абал жарыяланып, Чехияда дүйнөдө илдет эң көп катталгандыгынан улам тургундарга жашаган райондорунан чыгууга тыюу салынган. Италияда да чектөөлөр күчөтүлдү.

Өз кезегинде дээрлик бир жылдан берки тыюу салуулар жана үйдө отургандан жадаган Европа калкы бийликтин бул чаралардын баары өз саламаттыгы үчүн деген аргументтеринин эч бирин уккусу келбей баратат. Массалык протесттер дээрлик бүт континентке жайылды.

Кырдаал ушунчалык татаал экенин мындан билиңиз, биримдиктин бекемдиги көз алдыбызда бириндөөдө. Чехия "Спутник V" вакцинасын алуу үчүн Россияга кайрылды, бул – өлкөнүн президенти жана премьер-министринин макулдашылган позициясы. Словакия андан да алдыга кетип, аркасынан Венгрия, Сербия жана башка өлкөлөрдүн европалык жөнгө салуучуну күтпөстөн россиялык препаратты тездетилген жол-жобо менен каттады.

Коронавирус боюнча кыйла татаал кырдаалдагы поляктар үчүн Россияга жардам сурап кайрылуу акылга сыйгыс, ошондуктан алар COVID-19га каршы вакцина жөнүндө Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүүгө киришти.

Абал бир жыл мурунку окуяны эске салууда. Анда Европа биримдиги өзгөчө кырдаалда өзүнүн толук алсыздыгын көрсөтүп, анын мүчөлөрү курч каатчылыкка каршы өз алдынча күрөшүүгө мажбур болгон. Айырмасы – анда глобалдык масштабдагы күтүүсүз жагдай эле, бул чындап эле принципиалдуу түрдө маанилүү. Анын жүрүшүндө өзгөчө шарттарда ыкчам реакция зарыл учурда Брюссель аракетке жөндөмсүз экени айгинеленди.

Бул, албетте, Европа үчүн жагымсыз ачылыш. Бирок ошол абалда ЕБдин дармансыздыгын актоого болбосо да, жок дегенде көйгөйдүн өтө күтүүсүздүгү жана глобалдуулугун түшүндүрүүгө болмок.

Азыр кырдаал алда канча башкараак. Пандемиядан улам күтүүсүздүктүн таасири басаңдаганда Евробиримдик кайрадан тирдене түшкөн. Анткени анын күчтүү деп саналган сапаттары, атап айтканда, стратегиялык пландоо, татаал процесстерди уюштуруу, каражаттарды топтоо жана бөлүштүрө билиши зарыл болду. Европалык бийликтин жакындагы эле аракеттеринде, маселен, экономиканы кайра калыбына келтирүү планынан дүйнө жүзүнө мындай коркунучтар менен күрөшүүнүн үлгүсүн көрсөтө тургандыгы боюнча убадасы байкалат. Көрсөтүштү. Анын натыйжасы маанилүү багыттардагы ийгиликсиз аракеттери болду.

Европа талдалган карантиндик стратегия өз башына муш болду, ал эми калкты эмдөө боюнча иш жагдайын сүрөттөө үчүн "кырсык" деген гана аныктама туура келет. Ошону менен катар мындай абалдын кейиштүүлүгүн мындан билиңиз, пандемия менен күрөшүүдө үлгү болгусу келген өлкөлөрдүн өзүндө абал Европадагыдан бир топ дурус.

Ал эми бардык нерсенин өзөгүндө европалык бийлик тарабынан кабыл алынган жаңылыш чечимдер. Бул Европа биримдигинин кадыр-баркына алапайын таппай калган бир жыл мурунку абалынан да катуу доо кетирет.

Ушундай жагдайда чыгыш европалык мамлекеттердин өз алдынча аракет этүүгө умтулганы түшүнүктүү. Алар, албетте, ЕБ курамында экинчи сапта турушарын жакшы билишет, ошондой эле коронавирус көйгөйүндө калдык принциби боюнча жардам алууга мажбур экенин билет. Натыйжада өз кезегин сабырдуулук менен күтүүдөн чарчаган өлкөлөрдүн саны улам арбып, анын ордуна алар Брюсселдин уруксатын албастан аракетке өттү. Брексит, ошондой эле өзгөчө шарттарда да Брюсселге кылчактабаган польшалык жана венгриялык бийликтин евроскептицизминин өрчүп баратышы Европа биримдиги үчүн анча жакшы көрүнүш эмес.

Дээрлик алты жыл мурун Европа өзүнө миграциялык каатчылык уюштуруп, анын азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келет. Пандемияга каршы күрөш европалык саясатты дагы бир ийгиликсиздикке тушуктуруп, кыска эле мезгил ичинде оор кесепеттерге кептеген кыйла стратегиялык туура эмес эсептер менен жүргүзүлгөнүн көрсөттү.

Брюсселдин көйгөйдү сырттан европалык демократия жана шериктештикке доо кетирген душман издөөгө шылтоо менен өз катачылыктарын моюнга алуудан принципиалдуу түрдө баш тартышы бул маселелер менен эле токтоп калбастыгын кепилдейт.

0
Белгилер:
душман, пандемия, коронавирус, Россия, Европа, АКШ
Тема боюнча
Батыш вакцина үчүн күрөшүүгө даяр