Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлигинин Автомобилдик жолдор башкармалыгынын башкы адиси Мухтар Нурлан уулу

Нурлан уулу: акы төлөнгөн жол десе, тосуп алып акча алат деп түшүнбөш керек

148
(жаңыланган 14:11 16.02.2021)
Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлигинин Автомобилдик жолдор башкармалыгынын башкы адиси Мухтар Нурлан уулу соңку учурда жолдор негизинен грант жана кредиттин эсебинен курулганын айтты.
Нурлан уулу: акы төлөнгөн жол десе, тосуп алып акча алат деп түшүнбөш керек

Акы төлөнөт десе жолдун эки тарабын тосуп алып акча алат дегенден алыс болуш керек. Бул тууралуу Мухтар Нурлан уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жолдорго акы төлөнүүчү система киргизилсе, накталай эмес шартта жүргүзүлүшү зарыл.

"Бул системаны киргизүү үчүн тикелей инвестиция тартуу, мамлекеттик жеке-өнөктөштүк боюнча жолдорду куруу сыяктуу бир нече түрү бар. Бирок акы төлөө механизми киргизилсе, жарандарда тандоо болушу керек. Мисалы, эки жол болуп, анын бирине акы төлөнсө, экинчиси бекер болушу шарт. Анын кайсынысы менен кетүүнү айдоочу өзү чечет. Бирок акы төлөнөт десе, жолдун эки тарабын тосуп алып акча алат дегенден алыс болуш керек. Эгерде "Жол фонду" түзүлсө, жолду куруу, аны камсыздоонун сапатын жакшыртууга мүмкүн болот. Мисалы, өткөн жылы кризиске байланыштуу бюджеттен каржылоонун 70 пайызы кыскарды. Натыйжада былтыр бюджеттин эсебинен эч кандай асфальт төшөө иштери жүргөн жок. Болгону эл аралык грант, насыялардын эсебинен салынып жаткан жолдор курулду", — деди Нурлан уулу.

Ошондой эле ал кызматкерлердин маянасын көтөрүү менен жол тармагындагы коррупция тобокелчилигин азайтууга боло турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште Жол фондун түзүү боюнча мыйзам долбоору демилгеленип, коомдук талкууга коюлду. Анда күйүүчү майга салыкты алты жыл катары менен эки сомдон кымбаттатуу, жүк ташуучу унаалардан жол акы алуу, кымбат унааларга ашкере байлык салыгын киргизүү сунушталууда.

148
Белгилер:
Мухтар Нурлан уулу, бюджет, кредит, жол
Тема боюнча
Бир чакырым жүрсөң 10 сом төлөйсүң. Депутаттар сунуштаган мыйзамдын чоо-жайы
ФИФАнын калысы, Кыргыз футбол союзунун юридикалык бөлүмүнүн начальниги Нурдин Букуев

Букуев: дүйнө чемпионатына чыгуу боюнча стратегиялык планыбыз бар

24
ФИФАнын калысы, Кыргыз футбол союзунун юридикалык бөлүмүнүн начальниги Нурдин Букуев улуттук курама команда 2026ынчы же 2030-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышууну пландап жаткандыгын билдирди.
Букуев: дүйнө чемпионатына чыгуу боюнча стратегиялык планыбыз бар

Мундиалга катышуу боюнча былтыртан баштап атайын 2020-2030-жылдарга карата стратегиялык пландын негизинде иш алып барып жатабыз. Мындай пикирин Нурдин Букуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маек учурунда айтты.

Анын айтымында, коюлган максатка жетүү үчүн жогорку деңгээлдеги даярдыктан өтүү керек.

"Футбол күйөрмандары үчүн жетишкендиктер гана маанилүү. Алар көшөгө артындагы маселелерди, кыйынчылыктарды биле бербейт. "Жакшы тилек – жарым ырыс" деген бар эмеспи. Үмүт менен жашайт экенбиз. Маселен, аткарыла турчу ишмердүүлүгүбүздүн негизи курама команданы дүйнө чемпионатына чыгаруу. Биздин планыбыз боюнча 2026-жылы же 2030-жылы мундиалга катышалы деп жатабыз. Ал багытта иштелип чыккан стратегиябыз бар. Былтыртан баштап 2020-2030-жылдарга карата стратегиялык пландын негизинде иш алып барып жатабыз. Максатыбыздын ар бир этабында иштерди аткарып, ири мелдешке баруу боюнча мүмкүнчүлүккө ээ болуу", — деди Букуев.

Ошондой эле адис курама команданын күчтүү болуусу үчүн өспүрүмдөр арасындагы футболго абдан көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Ал эми 2030-жылдагы чемпионаттын өткөрүлүүчү жери аныктала элек.

24
Белгилер:
дүйнө чемпионаты, ФИФА, футбол, Нурдин Букуев
Тема боюнча
Катарда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына күйөрмандар киргизилет
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева

Батракеева: ЖРТга катталгандан кийин телефон номерди өзгөрткөнгө болбойт

28
(жаңыланган 11:49 07.03.2021)
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева ЖРТга катталгандан кийин абитуриенттер телефон номерин өзгөртпөй турушу керектигин айтты.
Батракеева: ЖРТга катталгандан кийин телефон номерди өзгөрткөнгө болбойт

Онлайн катталууда бүтүрүүчү өзүнүн же болбосо ата-энесинин туруктуу номерин бериши керек. Анткени системага кирүү үчүн логин катары пайдаланылат. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл ЖРТга каттоо www.testing.kg дарегиндеги борбордун сайтында жүргүзүлөт.

"Жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандан кийин абитуриенттер телефон номерин алмаштырбай турушу зарыл. Себеби ЖРТга катталууда арыз ээси сайттагы жеке кабинетине кирүү үчүн өзүнүн телефон номерин көрсөтөт. Ал кирүү үчүн логин болот да, ага сыр сөз  берилет. Кийин ушул эле логин келечекте ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу үчүн колдонулат. Ошондуктан окууга тапшырып бүтмөйүн номер алмаштырбай туруңуздар", — деди Батракеева.

Адис негизги жана ар бир кошумча предмет үчүн каттоо акысы 370 сом экенин кошумчалады.

28
Белгилер:
окуу, ЖОЖ, абитуриент, ЖРТ, Чынара Батракеева
Тема боюнча
Быйыл бүтүрүүчүлөр ЖРТга жаңы эреже менен катталат. Шарт-талабы
Жеңил атлетчилер марафон учурунда. Архив

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Беларуста бир нече медаль алышты

0
(жаңыланган 00:16 08.03.2021)
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар баш-аягы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Кыргызстанские легкоатлеты во время соревнований в Беларуси
© Фото / пресс-служба федерации легкая атлетика КР
Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды

Маалыматка ылайык, Минск шаарындагы мелдеште узундукка секирүү боюнча Светлана Майер биринчи орунга жетип алтын медалга татыган. Анастасия Бондаренко 200 жана 60 метрге чуркап коло менен күмүш медаль алса, ал эми Артем Слесаренко 60 метрге чуркап коло медалга ээ болгон.

Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.

Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты. 

0
Белгилер:
медаль, мелдеш, жеңил атлетика, Беларусь
Тема боюнча
Надыров: Ысык-Көл марафонунун байге фонду 1 млн. 44 миң сомду түзөт
ШКУнун эл аралык марафону 15-майда Чолпон-Ата шаарында старт алат