Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турсунбек уулу: кургатылган мөмө-жемиш чипсылары үч өлкөгө чыгууда

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Азизбек Турсунбек уулу
Ишкер Азизбек Турсунбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Ишкер Азизбек Турсунбек уулу Германиядан жабдык алып, учурда мөмө-жемиш чипсыларын өндүрүп жатканын айтты.
Турсунбек уулу: кургатылган мөмө-жемиш чипсылары үч өлкөгө чыгууда
Кыргызстандыктар витаминдүү мөмө-жемиштерди жай, күз мезгилинде эле жешет. Ал эми кургатылган жемиштерди жыл бою алып жеп, организмди пайдалуу витаминдер менен камсыздай алабыз. Бул тууралуу Азизбек Турсунбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, продукциялар учурда Россия менен Казакстанга экспорттолуп жатат.
"Банкта беш жыл эмгектендим. Жалгыз айлыкты карап отура бербестен бизнес ачууну ойлоп, мөмө-жемиштерден чипсы жасай баштадым. Бул бир-эки күндө келе калган идея эмес. Чет мамлекеттерде мындай табигый азыктар көп өндүрүлөт. Азыр Германиядан кургатуучу жабдык алып, үй шартында эле жемиш кургатып жатабыз. Мында азыктарда 97 пайыз витаминдер сакталат. Продукция табигый, экологиялык жактан таза, көбүнчө өлкөбүздө өскөн мөмө-жемиш колдонулуп, эч кандай боек, кумшекер кошулбайт. Ар бир жемиштин кургоо мөөнөтү бар. Бул процесс көп убакытты алат. Алсак, ананас 24 саат, ал эми банан 9-10 сааттын ичинде кургайт. Азыр алма, алмурут, апельсин, лимон, киви, ананас жана банан кургатылып сатылууда. Жакында малина, клубниканын сезону башталса, аны да чыгара баштайбыз. Бул өзүнчө эле кургатылган кыям болуп калат экен. Экотаңгакты Москвадан алдырып жатам. Азыр бир эле аппарат бар. Алдыда Таластагы ата-энемдин үйүнө дагы бир жабдык коюуну көздөп жүрөм", — деди Турсунбек уулу.
Ишкер азык кургатуучу жабдыктын жардамы менен жемиштерден башка эт азыктарын да кургатып чыгарууну пландап жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0