Топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов

Топонимист: Таластын тарыхый аталышы "жайылган талаа" дегенди түшүндүрөт

197
Топонимист, картографтын айтымында, Талас — араб, фарси тилдеринде Тараз, түрк тилдеринде Талас, кытай жазмаларында Далоси, Талосе деп аталган.
Топонимист: Таластын тарыхый аталышы "жайылган талаа" дегенди түшүндүрөт

Таластын тарыхый аталышы Көтөлөк болгон. Маанисинде жайылып жаткан кең талаа, жайыт дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Көтөлөк аталышы "Манас" эпосунун Сагымбай Орозбаковдун вариантында басылып чыккан эски китептеринде кездешет.

"Манас" эпосунда салбурундан кайтып келе жатып өрөөндү көргөн Бакай атабыз "бул жер Талас болсун, жердегени Манас болсун" деп ат ыйгарганы айтылат. Эл арасында да Манас баатыр менен казактардын ортосунда талашка түшкөн жер болгон үчүн ушундай аталып калган деген сөз бар. Дагы бир божомолдор боюнча, бул өрөөндө тал аз өскөндүктөн ушундай ат келип чыккан делет. Анткени көчмөн кыргыз жашоосунда талдын орду чоң болгон. Андан боз үй жасалган. Бирок Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы "Манас" эпосунда жердин аты Көтөлөк деп берилет. Тилекке каршы, 1995-жылы басылып чыккан жаңы вариантында бул жок болуп чыкты", — деди Эшенгулов.

Топонимист Казакстандын Тараз шаарынын байыркы аты да Талас болгонун кошумчалады.

197
Белгилер:
Темиркул Эшенгулов, тарых, аталыш, Талас
Тема боюнча
Эшенгулов: Ак-Буура менен Кара-Буура дарыяларынын мааниси бирдей
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив

Сазыков: учурда 230 миңден ашуун адам салыкты онлайт төлөп жатат

22
(жаңыланган 16:26 25.02.2021)
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков бирдиктүү салык декларациясын юридикалык жактар 1-мартка чейин тапшырышы зарыл деди.

Салык төлөөдөгү, декларация толтуруудагы электрондук кызматтарды онлайн колдонуу ыңгайлуу жана акысыз. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Сазыков: учурда 230 миңден ашуун адам салыкты онлайт төлөп жатат

Анын айтымында, быйыл жеке жактар салык декларациясын 2019-2020-жылдарга тапшырат.

"Азыркы убакта 230 миңден ашык салык төлөөчү электрондук форматка өткөн. Бул жарандардын өзү үчүн эле ыңгайлуу болот. Биринчиден, убактысы үнөмдөлөт жана 24 саат ичинде өзү каалаган учурда кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, азыркы эпидемиологиялык абалда коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле бул таптакыр акысыз көрсөтүлүүчү кызмат. Анан да анда электрондук эсептегичтер болуп, программа өзү жардам берет. Электрондук кызматтардан колдонуу үчүн болгону бир ирет тиешелүү мекемеге келип, логин алып, сыр сөзүн бекитип, https://salyk.kg/ сайтынан жеке кабинетке ээ болот", — деди Сазыков.

Ал жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.

22
Белгилер:
онлайн, салык, декларация, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Бирдиктүү салык декларациясы түн ортосуна чейин кабыл алына баштады
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов

Акматов: зер буюмдардын улуттук экспертизасы эми ЕАЭБ үчүн жарамдуу

19
(жаңыланган 15:16 25.02.2021)
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов соңку учурда ЕЭКте зергерчилик тармагындагы алтын, күмүш, асыл таштарды иштетүү, алып-сатуу боюнча бир катар документтер кабыл алынганын маалымдады.
Акматов: зер буюмдардын улуттук экспертизасы эми ЕАЭБ үчүн жарамдуу

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында зер буюмдардын экспертизасынын жыйынтыгын эки тараптуу таануу колго алынууда. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кабыл алынган чечимдер зер буюмдардын рыногун өнүктүрүүгө шарт түзөт.

"Бизде асыл таштар үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолуп келет. Натыйжада зер буюмдардын наркы кымбатка түшүп, атаандаштыкка туруштук берүү оор болуп жаткан. Мындан улам зергерлер бирикмелери тарабынан бул багытта иш жүрүп, асыл таштарды алып кирүүдө бажы төлөмүнөн бошотулду. Бул зер буюмдарга баанын арзандашына, кошумча жумуш ордун түзүүгө, көбүрөөк салык төлөөгө өбөлгө болот. Мындан тышкары, Кыргызстанда жасалган зер буюмдардын үлгүсүнөн экспертизасы ЕАЭБдин алкагында таанылбай келген. Жыйынтыгында ал өлкөлөрдө сатуу үчүн кайрадан экспертиза талап кылынчу. Эми улуттук экспертиза ЕАЭБге мүчө болгон бардык мамлекеттерде таанылып, кабыл алына баштайт", — деди Акматов.

Ишкер мамлекет тарабынан шарт түзүлүп берилсе бизнес өнүгө аларын кошумчалады.

19
Белгилер:
бажы төлөмү, Евразиялык экономикалык биримдик, Сталбек Акматов
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
ЕАЭБде бирдиктүү транспорт саясаты жүрөт. Долбоор макулдашуудан өттү

АКШ Кыргызстандан үйрөнсүн. Мамдума төрагасы Жапаров менен жолуккан видео

0
Президент Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугуп, парламент аралык мамилени талкуулады.

Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.

"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.

"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.

Аны менен катар Мамдуманын төрагасы март айынын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Душанбеде ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин алкагында жолугушаары пландалып жатканын кошумчалады.

Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.

0
Белгилер:
Вячеслав Володин, Мамлекеттик Дума, Садыр Жапаров, Кыргызстан, Россия
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы: Жапаровдун иш сапары мазмуну жагынан көлөмдүү
Президент Садыр Жапаровду Москва кантип тосуп алды. Видео