Дүйнөлүк экономикада 20-25 жылда доллардын монополиясына биротоло сокку урулат. Мындай пикирин Марат Султанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, келечекте эл аралык валюта болууга евро жана юандын мүмкүнчүлүгү бар.
"Доллардын универсалдуу валюта болуп жатышына АКШнын дүйнөлүк экономикадагы орду себеп. Учурда ИДПны алсак, Кытай паритеттик жактан озгону менен номиналдык жактан артта болуп жатат. Мындан тышкары, АКШнын экономикасы ачык болуп, көптөгөн мамлекеттер менен интеграцияланган. Ошондой эле дүйнөлүк негизги финансылык системалар, соода биржалары ошол өлкөдө өнүккөн. Себеби экинчи дүйнөлүк согушта Азия, Европа дээрлик талкаланып калган. Ал эми АКШнын аймагында согуштук аракеттер жүргөн эмес. Башкача айтканда, тарыхый жактан доллардын таасиринин күчөшүнө кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бирок барган сайын учурунда берилген мүмкүнчүлүктөр азайып, альтернативдүү валюталар баш көтөрө баштады. Мисалга, евро жаш валюта болгонуна карабастан дүйнөлүк соода жүгүртүүдө таасири боюнча экинчи орунга чыкты. Ошондой эле Евробиримдиктин экономикасынын көлөмү АКШдан кем эмес. Кытайдын экономикасынын өсүү темпи абдан жогору болууда. Эгерде ушул өсүш кармала турган болсо, бул Азия мамлекети АКШны 20-25 жылда басып өтөт. Ошондо доллардын монополиясына биротоло сокку урулат", — деди Султанов.
Ошондой эле ал долларды жасалма жол менен чектөө экономикага терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал экендигин кошумчалады.
Мамлекет өзү мектептен, ЖОЖдон, анан да ар кандай даярдоо курстарынан өткөрүп, акысыз билим берип кадр даярдайт. Бирок ал адис жетекчилик кызматка бышып жетилип калганда саясий орундарга сырттан келгендер отуруп, ошол мекемени башкарып калып жатат. Бул чоң ката. Мындай пикирин Самат Ашымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, административдик кызматтарда жаш кадрларга стимул бере турган эч кандай аракеттер жок.
"Кыргызстанда кадр саясатын жүргүзүү жолго коюлган эмес. Өлкө өз каражатына даярдаган адистери бышып, жетилип калганда аларды жетекчилик кызматка койгондун ордуна саясий орундарга сырттан алып келишет. Алган маянасы аз, ошого карабай өз ишинин кесипкөй адиси болуп, карьера жасоону максат кылган жаштар үчүн мындай сокку анын кызматын таштап кетүүсүнө себеп болот. Мындан кайра эле мамлекет утулат. Анткени сырттан келген жетекчи тармакты түшүнүп ишке аралашканча бир жылдай убакыт өтүп кетет. Ал эми ал ишкана тууралуу баарын ичинен билген кыззматкер жеке тармакка жумушка орношуу менен ошол мамлекеттик органга атаандаштык жаратууда күчтүү кадрга айланат. Анткени ал өзү иштеп кеткен жердин бардык сырын билет. Андыктан саясий кызматтарга ошол тармакты мыкты билген, ашынган кесипкөй бирөө болсо гана сырттан келбесе, негизинен ичинде өсүп келе жаткан адистерден башчылыкка коюуну жолго салуу зарыл", — деди Ашымов.
Серепчи, ошондой эле, учурда өкмөт курамында жүрүп жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдөн деле иреттелген кадамдар көрүнбөй жатканын кошумчалады.
Салык төлөөдөгү, декларация толтуруудагы электрондук кызматтарды онлайн колдонуу ыңгайлуу жана акысыз. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл жеке жактар салык декларациясын 2019-2020-жылдарга тапшырат.
"Азыркы убакта 230 миңден ашык салык төлөөчү электрондук форматка өткөн. Бул жарандардын өзү үчүн эле ыңгайлуу болот. Биринчиден, убактысы үнөмдөлөт жана 24 саат ичинде өзү каалаган учурда кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, азыркы эпидемиологиялык абалда коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле бул таптакыр акысыз көрсөтүлүүчү кызмат. Анан да анда электрондук эсептегичтер болуп, программа өзү жардам берет. Электрондук кызматтардан колдонуу үчүн болгону бир ирет тиешелүү мекемеге келип, логин алып, сыр сөзүн бекитип, https://salyk.kg/ сайтынан жеке кабинетке ээ болот", — деди Сазыков.
Ал жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Чүйдүн Кемин районунда 31 жаштагы аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Аял 22-февраль күнү Кеминдин Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинен жайытка кеткен. Ошол эле күнү ӨКМдин №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучу, ИИМден төрт кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылган. Азырынча жыйынтык жок.
Бүгүн издөө иштери уланууда.