Миграция маселеси боюнча серепчи Улан Шамшиев. Архивдик сүрөт

Шамшиев: чет мамлекетке кетүүнү каалагандардын көбөйүшү өкүндүрөт

45
(жаңыланган 13:02 19.02.2021)
Миграция маселеси боюнча серепчи Улан Шамшиев өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын саны 2,5 миллион болсо, анын 1 миллиону сырткы миграцияда жүргөнүн айтты.

Учурда кыргыз жаштарында орто мектепти аяктаары менен чет мамлекетке кетип иштөөнү максат кылгандар көбөйдү. Бул, албетте, өкүнүчтүү. Мындай пикирин Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Шамшиев: чет мамлекетке кетүүнү каалагандардын көбөйүшү өкүндүрөт

Анын айтымында, өлкөдө калып ишке орношууда айлык маянасы азыраак болгону менен башка көптөгөн жакшы жактары болорун калк арасында жайылтуу зарылчылыгы жаралды.

"6 миллион кыргызстандыктын 2,5 миллиону эмгекке жарамдуу болсо, анын 1 миллиону сырткы миграцияда жүрөт. Тиешелүү министрлик жыл сайын 27-30 миңдей адамдын ишке орношуусуна көмөк көрсөтөт. Бирок бул жетишсиз. Ошондуктан сырткы миграция актуалдуу бойдон калууда. Дагы башка бир билинбеген чоң көйгөй, бул азыркы жаш муун орто мектепти аяктаары менен чет мамлекетке ишке орношууга умтулушат. Алар өлкө ичиндеги мүмкүнчүлүктөрдү байкашпайт, кабыл алгылары да келбейт. Ооба, Кыргызстанда калып иштесе айлык акысы азыраак болушу ыктымал, бирок жакындары жанында болот, чет мамлекетте жаралчу башка көптөгөн маселелерден оолак болушат. Тилекке каршы, муну ар бир үй-бүлөдөн тартып республикалык деңгээлде жайылткан иш-чаралар жүргүзүлбөй келет", — деди Шамшиев.

Серепчи сырткы миграция менен күрөшүүдө бир эле жумуш орундарын түзүү эмес, идеологиялык да маселелерди эске алуу керектигин кошумчалады.

45
Белгилер:
келечек, идеология, миграция, Улан Шамшиев
Тема боюнча
Тамгадан сөз кураларын билбептирмин... Памирлик жигиттин таасирдүү баяны
Эл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров

Надыров: Ысык-Көл марафону кыргызстандык жөө күлүктөр үчүн чоң мүмкүнчүлүк

11
(жаңыланган 12:08 26.02.2021)
Эл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров Ысык-Көлдө өтө турган Run the Silk Road марафону кыргызстандык жөө күлүктөр үчүн эл аралык ири мелдештерге жолдомо утуп алууга жакшы мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи.
Надыров: Ысык-Көл марафону кыргызстандык жөө күлүктөр үчүн чоң мүмкүнчүлүк

Марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышып, Азия чемпионатына, дүйнө чемпионатына жана Олимпиада оюндарына лицензия утуп алуусуна жол ачылат. Мындай маалыматты Мелис Надыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Анын айтымында, ШКУ марафону Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясынын календарлык планына кириши Кыргызстандын эл аралык аренадагы даражасын көтөрөт.

"ШКУ марафондор сериясы бар. Биз 2019-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөсү болуп кирдик. Ошол эле жылы биздеги трассаны эл аралык сертификациядан өткөргөнбүз. Буга чейин World Athletics тарабынан коюлган талаптарды толук аткарып келгенбиз. 2020-жылы мелдешти уюштурууга талапкерлигибизди көрсөтүп, декабрь айында Ысык-Көл марафонуна квалификациялык турнир деген наам ыйгарышты. Демек, бул марафондо спортчулардын эл аралык мелдештерге лицензия утуусуна жол ачылат. Ал эми кыргызстандык спортчулар үчүн машыгууга түрткү болуп, ири мелдештерге жолдомо алууга эң жакшы шарт. Суроо жараткан дагы бир маселе — Ысык-Көлдүн деңиз деңгээлинен бийик болгону. Спорттук нормативди аткаруу кыйын болорун айтышкан. Бирок дүйнөлүк практиканы карасак биздин өлкөдөн бийик жерлерде да марафондук нормативдер аткарылып келген," — деди Надыров.

Ошондой эле Run the Silk road IX эл аралык ШКУ марафону туризмди жана маданиятыбызды жайылтууга абдан чоң салым болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, 15-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Run the Silk road Ысык-Көл IX эл аралык ШКУ марафону старт алат.

11
Белгилер:
Мелис Надыров, спорт, лицензия, олимпиада, Ысык-Көл, марафон, ШКУ
Тема боюнча
ШКУнун эл аралык марафону 15-майда Чолпон-Ата шаарында старт алат
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, полковник Акылбек Ибраев

Ибраев: бир жоокердин күнүмдүк тамак-ашы 200-210 сомго бааланат

15
(жаңыланган 11:58 26.02.2021)
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, полковник Акылбек Ибраев 1-апрелден тарта күч түзүмдөрүнүн өздүк курамынын тамактануусу кыйла жакшыра турганын маалымдады.
Ибраев: бир жоокердин күнүмдүк тамак-ашы 200-210 сомго бааланат

Жоокерлердин күнүмдүк рационунун баасы 120-130 сомдон 200-210 сомго чейин жогорулатылды. Бул тууралуу Акылбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк өлчөмүнүн бекитилгенинен бери 18 жыл өткөн.

"КРдин Куралдуу Күчтөрүндө жана башка күч түзүмдөрүндөгү катардагы жоокерлер үчүн бир токтом менен бекитилген азык-түлүк өлчөмү колдонулуп келген. Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында килокалориясы жакшыртылган азык-түлүк нормасы бекитилди. 1-апрелден тарта КРдин куралдуу күчтөрүнүн катардагы жоокерлери, ЖАМКтын, ӨКМдин, УКМКнын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана ИИМдин ички аскерлеринин өздүк курамынын тамактануусу жакшырат. Мында курамы өзгөрүп, тамак-аштын жаңы түрлөрү киргизилди. Ал эми айрымдарынын өлчөмү жогорулатылды. Буга чейин жоокерлердин бир күндүк тамактануусунун баасы 120-130 сом болсо, эми 200-210 сомго чейин жетет. Анда эт, балык, макарон, суу майдын өлчөмү көбөйтүлдү. Мындан тышкары, ышталган колбаса, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жайкысын жер-жемиш, ал эми кышкысын анын ширеси кошулду", — деди Ибраев.

Полковник тамактардын рационун бекитүү үчүн атайын комиссия тарабынан изилдөө жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

15
Белгилер:
токтом, жоокер, тамактануу
Тема боюнча
Калориялуу азыктар кошулду. КР аскерлеринин тамак-аш рациону өзгөрдү. Сүрөт
Китайские солдаты проходят мимо китайского флага на бульваре Экспо на сайте World Expo 2010 в Шанхае 31 октября 2010 года

Жапаров үй-бүлөсүнүн Кытай менен эмне байланышы бар экенин айтып берди

0
(жаңыланган 12:59 26.02.2021)
Мамлекет башчысы атасы Нуркожо Жапаров 30 жашында, 1960-жылдары, бабаларынын жери — Ысык-Көл облусуна кайтып келгенин айтты.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.

Журналист мамлекет башчысына "Сиздин атаңыз Кытайда узак убакыт жашаган деп окудум, ушул чынбы? Сиз өзүңүз кытай тилин үйрөнүүгө аракет кылган жоксузбу?" деген суроо узаткан.

"1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин 30 жашында, 1960-жылдары, атам ата-бабаларыбыздын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген. Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп барган аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыз жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Асанбаева тууралуу дагы эки ооз сөз айткан.

"Жубайым биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз", — деди Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жыйынтыгын материалдан окуңуздар.

0