Каскадерлор тобунун кино тармагында жүргөнүнө көп болду. Совет доорунан бери иштеп келген устатыбыз Үсөн Кудайбергенов баштаган жолду улантып келе жатабыз. Ал КМШ өлкөлөрүнүн, алыскы мамлекеттердин киностудияларында, чоң долбоорлордо эмгектенди. Бул тууралуу Эдил Молдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Султан, Сатар Дыйканбаев деген эки бир тууган актерлор өлкөдө 90-жылдары каскадерлор студиясын ачкан.
"Алгач Кыргызстанга Болливуд келген эле. Индия киносунун белгилүү чебери Радж Капурдун уулу Шаши Капур тарткан "Кара ханзаада Аджубей" тасмасында тартылдык. Андан кийин Голливуддан Ричард Тайсон сыяктуу актерлор катышкан, Италиянын компаниясы тарткан "Чыңгыз хан" тасмасына катыштык. Ошону менен кыргыз кино тармагы аксады. Каскадерлор эрежесиз эр уруш, панкратионду уюштуруп жүрдүк. Кийин Казакстандын киноиндустриясы жанданып, тасмага тартыла баштадык. Казактын атагы чыккан каскадеру Жайдарбек Кунгужинов Nomad Stunts тобун түздү. Бул топко да кыргыз жигиттери кошулду. Ошентип Кытайдын "Монгол", Тимур Бекмамбетовдун "Дневной дозор" тасмасына тартылдык. Ошол лентада дубалды ат жарып кирген сценасын коюп, Азиянын чабандес жигиттери деп бир дүңгүрөгөн элек. "47 ронинов" картинасында япон актерлорунун дублеру болдук. Франция, Малайзияда киного тартылдык. Биздин жигиттер Кытайдын "Мулан" тасмасында катышты. Акыркы учурларда казактардын тарыхый тасмалары чыга баштады. Аларда да байма-бай роль жаратабыз. Акыркы биз катышкан "Томирис" тасмасы Акан Сатаевдин режиссерлугунда болду. Анда перстер менен сактардын чабуулун ойнодук. Ошентип каскадерлордун "Оскары" болгон Taurus кино сыйлыгын биздин эл аралык топ алды. Биз башка тасмалардан айырмаланып, компьютердик графиканы колдонгон жокпуз. Согуш сценасында атчандар, актерлор, арасында каскадер аялдар да көп болду", — деди Молдалиев.
Каскадер Taurus кино сыйлыгын учурунда Арнольд Шварценеггер, Сильвестр Сталлоне, Киану Ривз, Марк Дакаскос алганын, жалпысынан 30дан ашык тасмаларга катышканын кошумчалады.
Мамлекеттик кызматтагы адам убадасын аткарбай жатса сотко арыз менен кайрылууга болот. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, талаптар менен кайрылуулар жазуу түрүндө болушу шарт.
"Берилген убада аткаминердин милдетине кирсе жана тийиштүү чечимдер ал тарабынан кабыл алынса, аны аткарууну талап кылса болот. Убаданы аткартуу үчүн алгач анын өзүнө кат менен кайрылуу керек. Ал баш тарткан учурда андан жогору турган кызмат адамына же органга кайрылуу шарт. Эгерде эч кандай реакция болбосо, административдик сотко арыз жазуу керек. Мындан тышкары, сиздер кайрылган кызмат адамы же органдын чечимдери менен макул болбосоңуз, сотко арызданууга болот", — деди Бакиров.
Юрист саясий партиялардын, депутаттыкка же президенттикке талапкерлер берген убадаларын аткарбаса аларга чара көрүү мүмкүн эместигин белгиледи. Анын айтымында, бул ошол адамдын моралдык гана жоопкерчилиги болуп калат.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун тамыры тарбияда жатат. Мындай пикирин Айдана Абакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-энелер кызы менен эркек баласына эки бөлөк мамиле кылганы туура эмес.
"Коомдогу зордук-зомбулуктун тамыры тарбияга келип такалат. Үй-бүлөдө эч убакта кызды эркектен же тескерисинче, уул баланы кызынан артык көрүп тарбиялоо болбойт. Мындай көрүнүш өзгөчө көп кыздуу, жалгыз же уулу аз үй-бүлөлөрдө байкалат. Ата-эненин мындай тарбиясы кыздарына да, уулдарына да пайда алып келбейт. Албетте, кара жумуш же оор иштерди эркек балага жасатып, үйдөгү майда нерселерге кыздарды жумшаган туура. Бирок эч убакта аларга "сен кыз болгонуң үчүн муну жасабашың керек" же тескерисинче, "сен эркек болгонуң үчүн тигинден баш тартышың керек" деген чектөө койгонго болбойт. Сен жеке ою бар адамсың, деп берилген тарбия гана балдардын талант, шыгын кенен ачып, келечекте өз жолун татыктуу таап кеткенге көмөкчү болот. Бул жерде феминизм болушу шарт. Феминизмди, тилекке каршы, аялдардын укук талашуусу катары түшүнүп келебиз, бирок ал тең укуктуулук дегенди эле түшүндүрөт", — деди Абакова.
Психолог кыздар өздөрү да "аялзаты болгонум үчүн мага болбойт" деген сыяктуу чектөөлөрдөн арылышы зарылдыгын кошумчалады.
Өкмөт башчы мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалады. Видеодон ал сүйлөп жатып көзүнө жаш алганын дагы байкоого болот.
"Бул сапар мага аябай көп эмоция берди. Ата-энелер өз балдарынан ушундай мамиле көрүүгө татыктуу эмес", — деп жазган Марипов.
Ошондой эле ал карылар үйүндөгү энелер жалгыз эмес экенин айтып, алар баарыбыздын ата-энебиз катары камкордукка алынарын белгилеген.
Андан соң премьер-министр боорукердик бөлүмүндөгү саламаттыгынан абалы начар жарандардан кабар алып, ал-жайын сураган.
Ведомство тарабынан скандинавиялык таяктар менен камсыздоо өтүнүчү айтылып, Марипов алып берүүнү убадалаган.