25 диаметрлик табактын мисалында ала турган болсок, аны төрткө бөлөбүз. Ал жакта бирдей өлчөмдө күрүч, гречка сыяктуу дан азыгы, экинчисинде жашылча-жемиш жана ушундай эле көлөмдө эттин түрлөрү болушу керек. Мына ушул туура жана сапаттуу тамактанууга кирет. Бул тууралуу Калида Аманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чоң кишилер суткасына эки ирет тоё тамактанышы шарт.
"Бизде сапаттуу тамактануу десе эле калориясы көп, майлуу, эттүү азыктарды түшүнөбүз. Бирок адам күнүнө жок дегенде 400 грамм жашылча-жемиш жеп турушу керек. Анан аны да тамак-ашка түрлөп кошуу зарыл. Мисалы, түштөнүүдө жеген жашылчаларды, кечки тамакка кошпош керек. Кечинде башка түрлөрүн колдонгон туура болот. Түсү бирдей жашылча-жемиш көбүнесе бир түрдүү витаминдерди беришет. Андыктан сары сабиз, кызылча же баклажан сыяктуу бири-биринен айырмаланган жашылчаларды бир учурга кошуп тамактануу пайдалуу. Ошондой эле эртең менен жеңил азыктарды жеп, түштө жана кечкисин тоё тамактанса болот", — деди Аманова .
Адис жашылча-жемишти салат катары гана колдонуп койбой, эт менен кошо жегенди өздөштүрүү зарылдыгын кошумчалады.
Мамлекет өзү мектептен, ЖОЖдон, анан да ар кандай даярдоо курстарынан өткөрүп, акысыз билим берип кадр даярдайт. Бирок ал адис жетекчилик кызматка бышып жетилип калганда саясий орундарга сырттан келгендер отуруп, ошол мекемени башкарып калып жатат. Бул чоң ката. Мындай пикирин Самат Ашымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, административдик кызматтарда жаш кадрларга стимул бере турган эч кандай аракеттер жок.
"Кыргызстанда кадр саясатын жүргүзүү жолго коюлган эмес. Өлкө өз каражатына даярдаган адистери бышып, жетилип калганда аларды жетекчилик кызматка койгондун ордуна саясий орундарга сырттан алып келишет. Алган маянасы аз, ошого карабай өз ишинин кесипкөй адиси болуп, карьера жасоону максат кылган жаштар үчүн мындай сокку анын кызматын таштап кетүүсүнө себеп болот. Мындан кайра эле мамлекет утулат. Анткени сырттан келген жетекчи тармакты түшүнүп ишке аралашканча бир жылдай убакыт өтүп кетет. Ал эми ал ишкана тууралуу баарын ичинен билген кыззматкер жеке тармакка жумушка орношуу менен ошол мамлекеттик органга атаандаштык жаратууда күчтүү кадрга айланат. Анткени ал өзү иштеп кеткен жердин бардык сырын билет. Андыктан саясий кызматтарга ошол тармакты мыкты билген, ашынган кесипкөй бирөө болсо гана сырттан келбесе, негизинен ичинде өсүп келе жаткан адистерден башчылыкка коюуну жолго салуу зарыл", — деди Ашымов.
Серепчи, ошондой эле, учурда өкмөт курамында жүрүп жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдөн деле иреттелген кадамдар көрүнбөй жатканын кошумчалады.
Салык төлөөдөгү, декларация толтуруудагы электрондук кызматтарды онлайн колдонуу ыңгайлуу жана акысыз. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл жеке жактар салык декларациясын 2019-2020-жылдарга тапшырат.
"Азыркы убакта 230 миңден ашык салык төлөөчү электрондук форматка өткөн. Бул жарандардын өзү үчүн эле ыңгайлуу болот. Биринчиден, убактысы үнөмдөлөт жана 24 саат ичинде өзү каалаган учурда кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, азыркы эпидемиологиялык абалда коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле бул таптакыр акысыз көрсөтүлүүчү кызмат. Анан да анда электрондук эсептегичтер болуп, программа өзү жардам берет. Электрондук кызматтардан колдонуу үчүн болгону бир ирет тиешелүү мекемеге келип, логин алып, сыр сөзүн бекитип, https://salyk.kg/ сайтынан жеке кабинетке ээ болот", — деди Сазыков.
Ал жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өлкөнүн коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Россиянын коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу менен кезикти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кечээ өлкө президенти жана КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында жолугушушкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары пилотсуз учуучу аппараттарды пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго жана беш жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү программасына кол коюшкан.