Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эгембердиева: аялзатынын адабиятка келишин жигиттер өздөрү шарттаган

© Sputnik / Табылды КадырбековФилология илимдеринин доктору, акын Аида Эгембердиева
Филология илимдеринин доктору, акын Аида Эгембердиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
Филология илимдеринин доктору, акын Аида Эгембердиева кыргыз аялдар поэзиясы ХХ кылымдагы профессионал адабиятынын маанилүү бир бөлүгү болуп эсептелерин белгиледи.
Эгембердиева: аялзатынын адабиятка келишин жигиттер өздөрү шарттаган
Адабияттын төл башы өкүлдөрүнүн чыгармаларына көз жүгүртсөк, советтик коомду даңазалоо менен катар аялдар теңдигин көксөгөн чыгармалар абдан көп. Мисалы, Аалы Токомбаевдин, Сыдык Карачевдин кайсы чыгармасын албайлы, аялдар темасын көксөгөн эмгектерди камтуу менен биздин алгачкы акын жигиттер аялзатынын адабияттагы ордун белгилеген. Мындай пикирин Аида Эгембердиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Анын айтымында, 50-жылдарга чейин кыргыз адабиятында акын, жазуучулукта аял болгон эмес.
"Кыргыз аялдар поэзиясы ХХ кылымдагы профессионал адабияттын маанилүү, бараандуу бир бөлүгү болуп эсептелет. Эгерде кыргыз адабияты өзүнүн өнүгүү тарыхында ийгиликтерге, бийиктерге жетишкен дей турган болсок, ага аялзатынын кошкон салымы болгону талашсыз. Негизи кыз-келиндердин адабиятка келишин, коомго аралашышын жишиттер өздөрү шарттаган. Кыргыздардын дүйнө таанымына көз салсак, аялдарга өзгөчө мамиле болгон. Айрым учурда аялды сыйкыр күчкө ээ катары сүрөттөп келебиз. Мисалы, "Манаста" Айчүрөктү ак куу кебин кийип уча алган периштеге теңеп жатат. Алгачкы төл башы адабиятыбыздын өкүлдөрүнүн ырларына көз чаптырсак, советтик коомду даңазалоо менен катар аялдар теңдигин көксөгөн чыгармалар абдан көп", — деди Эгембердиева.
Ошондой эле акын адабияттагы аялзатынын орду коомдук темаларды ачык айтуу, советтик доорду даңазалоо менен көрүнгөндүгүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0