Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өмүрзаков: өкмөттүн реформасында жергиликтүү бийлик тууралуу сөз жок

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков
Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков мамлекеттик кызматкерлер кыскарат деп айтууга али эрте деген пикирин билдирди.
Өмүрзаков: өкмөттүн реформасында жергиликтүү бийлик тууралуу сөз жок
48 мамлекеттик органдын 12ге түшүшү кадр саясатында оптимизация жүргүзүлгөнүн түшүндүрбөйт. Азыркы учурда бир дагы министрликтин бул багыттагы жобосу иштелип чыга элек. Андыктан кыскаруулар болот деп айтууга эрте. Мындай ою менен Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, өкмөттүн учурдагы жасап жаткан реформасында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагы тууралуу сөз болбой жатат.
"Өкмөт реформа жасады, кадрдык оптимизация иштери жүрөт деп айтууга али эрте. Мамлекеттик органдардын саны кыскарып, агенттик, департамент деген мекемелер министрликтерге бириккени менен алар мындан ары кандай тартипте иштеп, кадрлар кантип оптималдаша турганы боюнча азырынча бир да министрлик жобо иштеп чыга элек. Бул жерде өзгөрүүлөр болду, статустар алмашты, бирок сезилерлик кыскаруулар болбой да калышы ыктымал. Ошондой эле калк үчүн түшүнүксүз бойдон калган дагы бир маселе — жергиликтүү бийликтин абалы болууда. Азыркы жүрүп жаткан реформада алар тууралуу бир ооз сөз айтылган жок. 2015-жылы эле административдик реформага барабыз дедик эле, анда да ишке ашкан эмес. Тилекке каршы, учурдагы өкмөт да бул маселени ачык бойдон калтырууда", — деди Өмүрзаков.
Ал мындай реформалар илимий иликтөөлөрдүн негизинде гана жасалышы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0