Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тилек: 2017-жылдан бери чет элдик тасмаларды кыргызчалап келебиз

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик "Учур" жаштар театрынын актеру Болотбек Тилек
Мамлекеттик Учур жаштар театрынын актеру Болотбек Тилек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
Мамлекеттик "Учур" жаштар театрынын актеру Болотбек Тилек 2017-жылы кесиптештери менен студия ачып, тилди өнүктүрүү максатында чет элдик тасмаларды кыргыз тилине которуп башташканын айтты.
Тилек: 2017-жылдан бери чет элдик тасмаларды кыргызчалап келебиз
Биз мамлекет үчүн эмне кылдык деген позицияны карманып, өзүбүздүн кесибибизге жакын үн коштоо тармагын тандап, дүйнөлүк тасмаларды элге кыргызча тартуулап жатабыз. Бул тууралуу Болотбек Тилек Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда бир аптанын ичинде толук метраждуу тасманы которуп бүтүшөт.
"Биз алгач актердук чеберчилик боюнча окуу курсун ачтык. Улуулардан кеңеш алып өз тилибизге салым кошуу максатында чет тилдеги тасмаларды кыргызчага которуу ишин баштадык. Командада жети киши эмгектенет. Андан тышкары башка кесиптештерибизди долбоорго чакырып, баш-аягы 30га жакын адам дубляж жасайт. Тасмаларда жалаң театр жана кинодогу кесипкөй актерлор үн коштоп жатат. Ал эми балдардын үнүн коштоо үчүн 5-6 кичинекей актерлорубуз бар. Негизи үн ар бир каарманга эле жараша бербейт. Мен башкы ролдун образын ачып берем деп тандап алуу мүмкүн эмес. Тасмадагы актердун көлөмү, мүнөзү, статусу жана башка өзгөчөлүктөрүнө карап коштоочу үн тандалат. Ал үчүн актерлор арасында миникастинг өткөрөбүз же даяр портфолиого жараша ролдор бөлүштүрүлөт. Кыргыз тили өтө бай тил. Биз азыр тасмаларды орто деңгээлде которуп жатабыз. Тексттин түп нускасынан эч кандай айырмаланбайт. Болгону кыргызга тиешелүү сүйлөө манерасы колдонулат", – деди Тилек.
Актер учурда чоң сериалдарды которуп, телеканалдар менен иштеше башташканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0