Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Коммуналдык кызматтарды төлөй албай калганда эмне кылуу керек? Юристтин жообу

© Sputnik / Асель СыдыковаЮридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров коммуналдык кызматтарды төлөй албай калганда эмне кылуу керектигин түшүндүрдү.
Коммуналдык кызматтарды төлөй албай калганда эмне кылуу керек? Юристтин жообу
Коммуналдык кызматтарды төлөй албай калгандар жеңилдик сураса болот. Бирок ишкана бул суранычты аткарбай койгонго акысы бар. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айрым жарандарга коммуналдык кызматтарды төлөөдө субсидиялар каралган.
"Мыйзам боюнча кызмат көрсөтүүнү алгандан кийин төлөш керек. Ошондуктан жагдай оор. Бирок кызмат көрсөтүүчү ишканага арыз жазып, бөлүп төлөөнү же мөөнөтүн узартууну суранса болот. Ошол эле учурда ишкана жеңилдик берүүдөн баш тартууга акысы бар. Муну эске алуу зарыл. Ошондой эле айрым жарандарга субсидияларды алуу мүмкүнчүлүгү бар. Анткен менен ал баарына бериле бербейт. Мисалы, Бишкек шаардык кеңеши бул багытта тийиштүү жобо кабыл алган. Ошол жобонун талаптарына туура келгендер жардам ала алат. Демек, бул жаран жашаган аймактын жергиликтүү кеңеши кабыл алган чечимге жараша болот", — деди Бакиров.
Ошондой эле ал президенттин 2008-жылдын 5-июнундагы жарлыгына ылайык, пенсиясы 1500 сомдон ашпаган пенсионерлерге субсидия тиешелүү экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0