Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Рысбеков: ысык тамак берүү программасына 1635 мектеп кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный специалист отдела школьного и дополнительного образования Бакытбек Рысбеков
Главный специалист отдела школьного и дополнительного образования Бакытбек Рысбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бакытбек Рысбеков 2006-жылы 1-4-класстардын окуучуларына булочка менен сүт берилип баштаганын айтты.
Рысбеков: ысык тамак берүү программасына 1635 мектеп кирди
Республика боюнча мектеп тамагы жети сом болуп бекиген эле. Тоолуу аймактардагылар үчүн 10, ал эми Бишкек, Ош шаарларында 14 сом турат. 2013-жылдан баштап БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, айыл өкмөт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги жана "Мерсико" уюмунун жардамы менен ысык тамак берүү программасына 1635 мектеп кирди. Бул тууралуу Бакытбек Рысбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тамак-аштын сапатын мектептеги атайын түзүлгөн комиссия жана санэпидемстанция текшерип турат.
"Пандемия жарыяланганда окуучулар дароо онлайн-окууга таратылды. Ошол учурдагы мектеп ашканасындагы сакталып турган азык-түлүк кайра балдардын үй-бүлөлөрүнө берилди. Азыр Бишкекте 1,5,9 жана 11-класстын окуучулары салттуу окууга кайтышты. Башка аймактарда балдар толук кандуу окуп жатышат. Ошону менен бирге жылдагыдай эле ысык тамак берилүүдө. Жакында эле Ысык-Көлгө барып келдим. Учурда мектептерде аралыкты сактап, тийиштүү алгоритм менен тамак берилип жатат. Азыр республика боюнча 500 миңге жакын башталгыч класстын окуучулары мектептен тамактанышат. 2019-жылы Саламаттык сактоо министрлиги жана Тармактык тамак-аш институту менен биргеликте жумушчу топ түзүлүп, алар мектеп тамагынын менюсун иштеп чыгышкан. Балдардын жаш өзгөчөлүгү эске алынып, ага жараша калория эсептелип тизмеге жалпы 122дей тамак-аш кирген. Ар бир мектеп өзүнө ылайыкташтырып жумасына беш ирет тамак менен камсыздап келет. Айрым мектептерде дотацияда турбаган бай айыл өкмөтү, спонсорлордун каржылоосу менен дагы да жакшы тамак берилет", — деди Рысбеков.
Адис ата-энелер tamakash.edu.gov.kg порталынан балдардын жана мектеп окуучуларынын тамактануусу тууралуу маалымат ала алышарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0