Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Имакова: киного салыштырмалуу мультфильм которуу абдан оор

© Sputnik / Табылды КадырбековМенеджер-редактор студии переводов "Доолот" ОТРК Жазгуль Имакова
Менеджер-редактор студии переводов Доолот ОТРК Жазгуль Имакова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
КТРКнын "Дөөлөт" котормо студиясынын редактор-менеджери Жазгүл Имакова чет тилдерден мультфильмди кыргызчага которуу киного салыштырмалуу татаал процесс экендигин айтты.
Имакова: киного салыштырмалуу мультфильм которуу абдан оор
Мультфильм которууда балдарга түшүнүктүү сөздөрдү тандоо абдан маанилүү. Мындай пикирин Жазгүл Имакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Анын айтымында, котормодо көп учурда колдонулбай калган сөздөрдү таап чыгуу, жеткиликтүү кылып ар бир каарманга үн коштоо кыйын иш.
"Киного караганда мультфильм которуу абдан оор. Балдарга түшүнүктүү болуусу үчүн жалпак тилге салып которобуз. Мындан тышкары, артикуляцияга, интонацияга көңүл буруу маанилүү. Алгач видео аркылуу которуп, ар бир сөздү артикуляциясына карап оңдоп, режиссёрго беребиз. Андан соң каармандарга жараша актёрлор тандалып, үн коштолот. Котормодо лексикондо көп колдонулбай калган көөнө сөздөрдү да алып чыкканга аракет кылабыз", — деди Имакова.
Ошондой эле адис 80 мүнөттүк мультфильмди толук даярдоого болжол менен 15-20 күн керек экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0