Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акматов: зер буюмдардын улуттук экспертизасы эми ЕАЭБ үчүн жарамдуу

© Sputnik / Табылды КадырбековЗергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов соңку учурда ЕЭКте зергерчилик тармагындагы алтын, күмүш, асыл таштарды иштетүү, алып-сатуу боюнча бир катар документтер кабыл алынганын маалымдады.
Акматов: зер буюмдардын улуттук экспертизасы эми ЕАЭБ үчүн жарамдуу
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында зер буюмдардын экспертизасынын жыйынтыгын эки тараптуу таануу колго алынууда. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кабыл алынган чечимдер зер буюмдардын рыногун өнүктүрүүгө шарт түзөт.
"Бизде асыл таштар үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолуп келет. Натыйжада зер буюмдардын наркы кымбатка түшүп, атаандаштыкка туруштук берүү оор болуп жаткан. Мындан улам зергерлер бирикмелери тарабынан бул багытта иш жүрүп, асыл таштарды алып кирүүдө бажы төлөмүнөн бошотулду. Бул зер буюмдарга баанын арзандашына, кошумча жумуш ордун түзүүгө, көбүрөөк салык төлөөгө өбөлгө болот. Мындан тышкары, Кыргызстанда жасалган зер буюмдардын үлгүсүнөн экспертизасы ЕАЭБдин алкагында таанылбай келген. Жыйынтыгында ал өлкөлөрдө сатуу үчүн кайрадан экспертиза талап кылынчу. Эми улуттук экспертиза ЕАЭБге мүчө болгон бардык мамлекеттерде таанылып, кабыл алына баштайт", — деди Акматов.
Ишкер мамлекет тарабынан шарт түзүлүп берилсе бизнес өнүгө аларын кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү шилтемеден угуңуздар:
Жаңылыктар түрмөгү
0