Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызбаев: адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө 2022-жылы башталат

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинация пандемиядан улам 2021-жылы жүргүзүлбөй калганын айтты.
Кыргызбаев: адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө 2022-жылы башталат
Адамдын папиллома вирусуна каршы вакцина жүргүзүүнү календардык планга киргиздик. 2022-жылы акысыз эмдеп баштайбыз деп үмүттөнүүдөбүз. Бул тууралуу Азим Кыргызбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинаны жыныстык катнаш боло электе алыш керек.
"Адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө 11 жаштагы кыздарга жасалат. Себеби жатын моюнчасынын рагы кыз бой жетип турмуш кургандан кийин пайда болуп жатат. 11 жашта эки ирет эмдеп калсак, анын таасири бой жеткенге чейин болот. Кыздар турмушка чыккан кезде күйөөсүнөн папиллома вирусун жуктурса, рак болуп ооруп калбайт. Негизи аялдар аталган вирусту алып жүрүүчү болот. Жыныстык катнаш болгондо эркекке өтөт, ал башка аялга жугузат. Мындай учурдан АПВга каршы вакцинация жүргүзүп сактай алабыз. Кээде туура эмес маалыматтар кетип жатат. Чоң эле аялдарга сизде папиллома вирусу бар экен, ага каршы эмдөө алыңыз дегендер бар. Бул жөн эле акча жасагандар. Организмден бул вирус табылгандан кийин вакцина алуунун кажети жок. Мында вакцина албастан дарыланыш керек", — деди Кыргызбаев.
Адис учурда айрым жеке клиникаларда АПВга каршы эмдөө жүргүзүлөрүн, бир вакцина 10-15 миң сом турарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0