Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Каримов: өлкөдө 318 көл жарылып кетүү коркунучунда

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Управления территориальной защиты МЧС Дайырбек Каримов
Начальник Управления территориальной защиты МЧС Дайырбек Каримов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
ӨКМдин Калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы, подполковник Дайырбек Каримов былтыр пандемияны кошкондо өзгөчө кырдаал абалындагы кырсыктардан 1400 киши көз жумганын айтты.
Кыргызстанда жалпысынан бийик тоолордо жайгашан 2000 көл болсо, анын 318инин жарылып кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу Дайырбек Каримов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Каримов: өлкөдө 318 көл жарылып кетүү коркунучунда
Анын айтымында, 2020-жылы пандемиядан көз жумгандар жана кырсыкка кабылып өмүрү менен кош айтышкандар үчүн 265 миллион 344 миң сом чыгым болгон.
"Өлкөдө жалпысынан 23 962 кооптуу участок бар. Анын 11 241и табигый шарттагы болсо, 12 721и техногендик жерлер болуп эсептелет. Республика боюнча 4 554 аймакта кар көчкү, сел жүрүү кооптуулугу катталган. Жалпысынан бийик тоолордо жайгашкан 2000дей көл болсо, анын 318и жарылып кетүү коркунучу бар көлдөр", — деди Каримов.
Ал 2021-жылы республика боюнча 31, аймактарда 304 курулуш объектилеринде кооптуулук кесепетин жоюу боюнча курулуш иштери мерчемделгенин кошумчалады.
Маекти толугу менен видеодон көрсөңүз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0