Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Курманалиев: Кыргызстандын улуттук валютасы төрт ирет өзгөрүүгө учурады

© Фото / пресс-служба НБ КРУлуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы адиси Эмил Курманалиев
Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы адиси Эмил Курманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы адиси Эмил Курманалиев сомдун тарыхында Кыргызстандын улуттук валютасы төрт ирет өзгөргөнүн айтты.
Курманалиев: Кыргызстандын улуттук валютасы төрт ирет өзгөрүүгө учурады
1993-жылы 10-майда үч тыйын жана үч сом номиналындагы банкноталар жүгүртүүгө чыгарылган. Ал учурда бир доллар төрт сомго барабар эле. Бул тууралуу Эмил Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кир жукпаш үчүн сомдун алды-артына атайын лак колдонулат.
"Биринчи сериядагы 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом кагаз банкноталар өткөөл мезгилдин акчасы деп айтылат. Булардын коргоо элементи бир гана бүркүт тартылган суу белгисинен турган. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз сому төрт ирет жаңыртылып, бир жолу өркүндөтүлүп, бир эстелик банкнотасы чыгарылды. 1994-жылы турукташуу мезгилинин жакшыртылган экинчи сериясындагы 50, 100 сомдук банкноталар кошулган. Анда белгилүү маданият ишмерлеринин аты, сүрөтү жайгаштырылып, артында тарыхый архитектуралык эстеликтер жана жерлер чагылдырылган. Суу белгиси өзгөрүп, бардыгында акын Токтогул Сатылгановдун портрети болгон. 1997-2002-жылдары жогорку деңгээлдеги коргоо элементтерине ээ үчүнчү сериядагы банкноталар чыгарылды. Мында 200, 500 жана 1000 номиналы чыкты. 2008-2009-жылдары алгачкы металл монеталар пайда болду. 2010-жылы төртүнчү серия чыгып, мында эң төмөнкү номиналдагы банкнота 20 сом, ал эми эң жогорку 5000 сом болду. Бардык акчанын көлөмү 1,5-2 сантиметрге кичирейтилген. 2017-жылы ушул эле серия модификацияланып чыгарылды. Берки сериялардан айырмаланып портрет классикалык гравировка ыкмасы менен түшүрүлгөн. Маск деген жаңы коргоо элементи бар", — деди Курманалиев.
Адис 2017-жылы 2000 сом номиналындагы эстелик банкнота жүгүртүүгө чыкканын, ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын чагылдырган оригиналдуу дизайнга жана эң мыкты заманбап коргоо элементтерине ээ экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0