Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айдаралиев: дотация менен берилген үрөндүн сапатына кепилдик берилет

© Sputnik / Жоомарт УраимовАйыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев учурда республика боюнча 58 миң тонна үрөн керектелсе, ошонун 26 миңи текшерүүдөн өтүп даярдалганын маалымдады.
Айдаралиев: дотация менен берилген үрөндүн сапатына кепилдик берилет
Дотациялык үрөндүн сапатына аны саткан инспекция кепилдик берет. Бул тууралуу Таалайбек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кардын жазга жетпей эриши дыйкандардын айдап-себүү иштерине эрте даярдануусуна түрткү болгон.
"Мындан тышкары, былтыр үрөндүн 30 пайызын дотациялоонун алкагында 2 миң 300 тонна үрөндү элге таратканбыз. Быйыл дагы 17 миллион сомго 1600 тонна үрөн даярдалып таратылууда. Быйыл керектелүүчү үрөндүн 20 пайызы былтыркы күздөгү түшүм. Башкача айтканда, сапаттуу үрөн дыйкандар аркылуу дагы таратылууда. Бул жерден үрөндүн сапаты боюнча суроо жаралышы ыктымал. Үрөн инспекциясынан сертификат алган үрөндүн түшүмүнө кепилдик берилет. Болгону анын тийиштүү документи болушу шарт. Ошондой учурда комиссия жиберилип, тийиштүү экспертиза жүргүзүлөт. Эгерде үрөндөн кемчилик болуп түшүм начар болуп калса, аны саткан инспекция жооп берет", — деди Айдаралиев.
Аткаминер дотациялоо боюнча долбоор 2-3 жыл ушундай темп менен көбөйсө, анда 3-4 жылда жалпы Кыргызстанды сапаттуу үрөн менен камсыздоого мүмкүн болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0