Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Исмаилов: айыл чарба тармагы кирешелүү тармак деп эсептелинбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековFSDS коомдук уюмунун аткаруучу директору, ишкер Муратбек Исмаилов
FSDS коомдук уюмунун аткаруучу директору, ишкер Муратбек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
FSDS коомдук уюмунун аткаруучу директору, ишкер Муратбек Исмаилов айыл чарба тармагы дүйнөлүк экономикада кирешелүү тармак эместигин билдирди.
Исмаилов: айыл чарба тармагы кирешелүү тармак деп эсептелинбейт
Мамлекеттер көп учурда айыл чарба тармагын дотациялайт. Бирок бул сектордун социалдык мааниси абдан жогору. Мындай пикирин Муратбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Анын айтымында, Кыргызстанда айдоо жер аз болгондуктан массалык түрдө айыл чарба продуктусун өндүрүү мүмкүн эмес.
"Негизи эле дүйнөдө айыл чарба тармагы кирешелүү деп эсептелинбейт. Мамлекеттер көбүнчө бул тармакты дотация кылат. Ага карабастан, анын социалдык мааниси өтө жогору. Муну биз баары бир жасашыбыз керек. Анткени өлкө калкынын 60 пайыздан жогорусу айыл жергесинде жашагандыктан көбү мал чарбачылык жана дыйканчылык менен иш кылат. Айыл чарбанын приоритеттүү жагын карасак болот. Мисалы, биздин айдоо жерлерибиз көп эмес. Массалык түрдө айыл чарба продуктусун өндүрө албайбыз. Жери көп Казакстан, Беларусь сыяктуу айыл чарба продуктусун массалык түрдө өндүрүп, эл аралык базарда алар менен атаандашуу мүмкүн эмес. Бирок биздин табигый, сапаттуу продуктуларды чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүз жогору. Алсак, эттин элиталык сортторун, балды, жапайы чөптөрдү аз өлчөмдө, кымбат баада экспорттоо керек. Айыл чарба тармагын мына ушул жолду тандап гана өнүктүрө алабыз," — деди Исмаилов.
Ошондой эле ишкер инвестиция кыска мөөнөттүү иш эмес экендигин түшүнүүнү кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0