Энтомолог Таир Эсенали уулу

Эсенали уулу: айыл чарба тармагында курт-кумурсканын 9000дей түрү бар

673
Энтомолог Таир Эсенали уулу алты буттуу же үч жуп буттуу жандыктар курт-кумурска деп аталарын белгиледи.

Чынында бир да курт-кумурска зыянкеч эмес. Бул тууралуу Таир Эсенали уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эсенали уулу: айыл чарба тармагында курт-кумурсканын 9000дей түрү бар

Анын айтымында, дүйнө жүзүндө курт-кумурсканын 1 миллиондон ашуун түрү бар.

"Жалпысынан Жер шарында курт-кумурсканын илимге белгилүү 1 миллиондой түрү болсо, алардын 9000дейи айыл чарбасы менен тыгыз байланышта. 300дөйү бак-дарактарда жашайт. Курт-кумурска болсо эле зыянкеч катары кароо туура эмес. Табияттын мыйзамы менен алып айта турган болсок, алардын ар биринин аткарчу өз функциясы бар. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Мисалы, бир бактын сортунда 20-30 түрдүү курт жашаса, алардын эки-үчөө бак үчүн маанилүү. Кайсы бир түрү көбөйүп кеткен учурда гана өсүмдүкө зыян алып келиши мүмкүн. Ал эми бул экосистеманын бузулушунан келип чыгуучу маселе. Андыктан бак-дарактар курт-кумурскалардан жабыркаганда дароо эле ууландырып салбай, анын себебин аныктап, жаратылыш балансын калыбына келтирүү зарыл", — деди Эсенали уулу.

Ал өлкөдө курт-кумурскаларды таанып-билүү, зыянкечтер менен иштөө аракеттери жакшы колго алынбай жатканын кошумчалады.

673
Белгилер:
зыян, табият, курт-кумурска
Тема боюнча
Тырмактай бака, бир тамчы сууга баткан гүлдөр... Микродүйнөнүн мыкты сүрөттөрү
Эрдик-подвиг фондунун башкы адиси Гүлнура Мырзаканова

Мырзаканова: 10 жылда 2,5 миңдей ардагер тууралуу маалымат табылды

10
(жаңыланган 11:21 07.05.2021)
"Эрдик-подвиг" фондунун башкы адиси Гүлнура Мырзаканова аталган фонд 10 жыл аралыгында Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон 2,5 миң адам тууралуу маалыматтар табылганын маалымдады.

Дайынсыз жоголгон ардагерлер тууралуу маалымат таап бергенде жакындары эми гана кара кагаз келип, кабар жеткендей болобуз дешет. Бул тууралуу Гүлнура Мырзаканова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мырзаканова: 10 жылда 2,5 миңдей ардагер тууралуу маалымат табылды

Анын айтымында, учурда Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондорду издеген сайттар абдан көбөйдү.

"Соңку 10 жыл аралыгында 2,5 миңдей ардагер тууралуу маалыматтар табылды. Алардын арасында концлагерге түшкөндөр, атылып кеткендер бар. Кандай гана маалымат болбосун, аны жакындары менен бөлүшүп ишти ачык алып баруудабыз. Азыр ардагерлер тууралуу маалыматтар камтылган сайттар абдан көбөйдү. Алар аркылуу дайынсыз жоголгон жоокерлер тууралуу өз алдынча маалымат тапкан адамдарга консультациялык кеңештерди беребиз. Жакынын табууну каалагандар абдан көп кайрылат, бирок анын баарына жетишүү мүмкүн эмес. Жыл сайын жаңы маалыматтар чыгып турат. Ошондуктан ардагерлерди издөөдө сабырдуулук кылып, үмүттү үзбөш керек. Алар тууралуу кабар келгенде жакындары жаңы кара кагаз келгендей болобуз деп ыйлашат. Ивановкада Салый деген апа бар болчу. Ал кишинин атасы согушка кетип дайынсыз жоголуп кеткен. Анын апасы, Салый апанын чоң энеси сүрсүгөн чучукту сактап, жол карап күткөнүн айтып берген. Апасы өмүр бою күткөнү аз келгенсип, анын кызы Салый апа да 70 жаштан өткөнчө эч кандай маалымат ала албай жүрүптүр. Кийин анын атасы тууралуу маалыматты таап бердик, тилекке каршы, Венгрияга барып келе албай көзү өтүп кетти", — деди Мырзаканова.

Ошондой эле ал айрым айылдардын согуш учурундагы аталышы өзгөрүп кеткени дагы ардагерлерди издөөдө татаалдык жаратарын кошумчалады.

10
Белгилер:
согуш, издөө, ардагер
Тема боюнча
Согуш ардагеринин небереси: чоң атамдын сөөгүн 7 жыл издедим
Аксакалдар соту ассоциациясынын жетекчиси Замира Мамакеева

Мамакеева: аксакалдар соту эми жергиликтүү бийликтин бир бутагы болот

46
(жаңыланган 14:24 06.05.2021)
"Аксакалдар соту" ассоциациясынын жетекчиси Замира Мамакеева жаңы Конституцияга ылайык, Аксакалдар соту институту жергиликтүү бийликтин бир бутагы болуп кирерин айтты.

Аксакалдар сотунун өзгөчө айыл жерлеринде зарылчылыгы абдан жогору. Андыктан бул институтту күчтөндүрүү керек. Мындай пикирин Замира Мамакеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 795 аксакалдар соту болсо, борбор калаада 48 институт иш алып барат. Анын 248 мүчөсү бар.

Мамакеева: аксакалдар соту эми жергиликтүү бийликтин бир бутагы болот
"Мыйзамдар өзгөрүп отуруп, азыркы убакка чейин аксакалдар соту 3-4 гана беренени караганга укуктуу болуп калган. Ошону менен бирге эле төрагалары 1000 сомдун айланасында айлык алса, мүчөлөрү кварталына 250 сом алышчу. Отуруп иш алып барган мекемелери да жок болчу. Азыркы жаңы Конституция боюнча аксакалдар соту жергиликтүү бийликке караган орган болуп калат. Каржы маселеси да айыл өкмөт, мэриялар тарабынан чечилет. Эми аксакалдар сотунун төрагаларына 3000-5000 сомдон айлык чегерип, мүчөлөрүнө 1000-1500гө чейин маяна төлөө пландалууда. Ошондой эле санын кыскартуу да каралып жатат. Мурда айыл жергесинде тогузга чейин мүчөсү болуп, кворум өтүшү үчүн кеминде беш мүчөсүн чогултуу абзел болчу. Эми шаарларда жалпысынан беш, ал эми айыл жеринде жети соттон турган аксакалдар сотун түзүү жана үч мүчөнүн катышуусу менен кворум бар деп эсептей берүү каралууда", — деди Мамакеева.

Ал жаңы даярдалып жаткан мыйзам актылары боюнча аксакалдар соту 20га чукул берене менен иш алып бара аларын кошумчалады.

46
Белгилер:
конституция, мыйзам, аксакалдар соту, Замира Мамакеева
Тема боюнча
Мамакеева: аксакалдар сотунун мүчөлөрү 80 сомдой айлык алат
Баткендеги чек ара чырынан качкындар

Чек арада жабыркагандарга компенсацияны кимдер бөлүштүрөт

0
(жаңыланган 12:28 07.05.2021)
Кармышаковдун айтымында, өкмөт 2010-жылкы окуялардан кийин түзүлгөн комиссиянын кетирген каталарын эске алды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандарга бериле турган компенсацияны бөлүштүрө турган комиссиянын курамына коомчулуктун, жергиликтүү бийлик башкармалыгынын өкүлдөрү жана компетенттүү адамдар кирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Министр чек арада жабыркаган жарандарга берилчү компенсация боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда уюштурулган брифингде маалымат берди.

Анын айтымына караганда, өкмөт 2010-жылдагы окуялардан кийин кеткен катачылыктарды эске алган.

"Биз мурдагы комиссиянын катачылыктарын талкуулап, кетирилген мүчүлүштүктөрдү эске алдык. Мен бул жолку компенсация адилеттүү бөлүштүрүлөрүнө 100 пайыз кепилдик берем. Биздин колубузда чек ара чырында жабыркагандардын жана каза болгондордун толук тизмеси бар", — деди Кармышаков.

Министрдин маалыматы боюнча, Тажикстан менен чектешкен аймактагы куралдуу кагылыштан 190 адам жабыркаган. Анын 36сы курман болуп, дагы 154 киши түрдүү жаракат алган. Ал ошондой эле жапа чеккендерди дарылоого бардык шарт түзүлгөнүн жана керектүү дары-дармектер жетиштүү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бийлик каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом, жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин берүүнү убадалаган. Компенсация үчүн төлөнө турган каражат республикалык бюджеттен алынат.

0
Белгилер:
Жаңжал, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бийлик чек ара чырынан жабыркагандарга компенсация төлөөгө каражатты кайдан алат
Баткендеги чек арада абал тынч, адистер иштеп жатат. Сүрөт