Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Исмаилов: кызмат көрсөтүү — кирешелүү тармак

© Sputnik / Табылды КадырбековFSDS коомдук уюмунун аткаруучу директору, ишкер Муратбек Исмаилов. Архив
FSDS коомдук уюмунун аткаруучу директору, ишкер Муратбек Исмаилов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
FSDS коомдук уюмунун аткаруучу директору, ишкер Муратбек Исмаилов кызмат көрсөтүү сектору потенциалдуу жана узак мөөнөттө өтө кирешелүү тармак экендигин билдирди.
Тейлөө тармагында туризм, билим берүү жана медицина потенциалдуу багыт катары каралып, инвестиция тартылса жакшы жыйынтык берет. Мындай оюн Муратбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Исмаилов: кызмат көрсөтүү — кирешелүү тармак
Анын айтымында, кышкы жана ички туризмдин потенциалын чет элдик инвесторлорго жеткире билип, аларга тиешелүү шарт түзүп берген учурда Россия, Казакстан, араб өлкөлөрүнөн бир топ инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүбүз бар.
"Кызмат көрсөтүү — бул өтө кирешелүү жана чоң чыгымдарды талап кылбаган тармактардын бири. Ага абдан көңүл бурулушу зарыл. Тейлөө тармагында туризм, билим берүү жана медицинаны потенциалдуу багыт катары карасак болот. Мисалы, билим берүүнүн сапаты өтө төмөн түшүп кеткенине карабастан азыркы учурда өлкөбүздүн, айрыкча, медициналык билим берүүсүнө Индия, Пакистандан келген студенттерде кызыгуу чоң. Кыргызстанда билим берүүнүн арзандыгы жана совет доорунан калган инфраструктуранын болушу өлкөнү медициналык билим алууга ыңгайлуу жай катары таанытат. Учурда болгон жетишкендиктерди кармап калып, кошумча иш-чараларды жүзөгө ашырсак, бул тармакка да чет элдик инвестицияны жогорулатса болот деп эсептейм. Өлкөбүздүн салыштырмалуу арзан жана сапаттуу медицина кызматы кошуна өлкөлөрдөн кардарларды тартууда. Бул тармакта да инвесторлорго тиешелүү шарт түзүлгөн учурда инвестициянын көлөмүн кескин көтөрсө болот," — деди Исмаилов.
Ошондой эле ишкер туризм менен медицинаны жана билим берүү менен медицинаны айкалыштырып кызыктуу долбоорлорду ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0