Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн дарыгери, уролог Жаныбек Мырзабеков

Мырзабеков: стресс дагы бөйрөк ооруларын пайда кылат

153
(жаңыланган 22:31 10.03.2021)
Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн дарыгери, уролог Жаныбек Мырзабеков бөйрөк оорулары менен кайрылгандардын жарымында таш бар экенин айтты.

Кыргызстандын суусунун курамында туз жана оор металлдар кешдешкендиктен аны фильтрден өткөрүп ичүү зарыл. Болбосо бөйрөктө таш пайда болуусу ыктымал. Ал эми бөйрөк жакшы иштеши үчүн көбүрөөк суу ичип, мөмө-жемишти жеш керек. Өзгөчө, дарбыз бөйрөктү жакшы тазалайт. Бул тууралуу Жаныбек Мырзабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мырзабеков: стресс дагы бөйрөк ооруларын пайда кылат

Анын айтымында, стресс дагы бөйрөк ооруларын пайда кылат.

"Акыркы күндөрү бөйрөк оорулары менен жабыркаган адамдар көбөйдү. Буга эң биринчи эле туура эмес тамактануу жана суукка урунуу себеп болууда. Бөйрөк организмге кирген азыкты фильтрден өткөрөт. Экинчиден, кыргыздар катуу ооруп калмайын дарыгерге кайрылбай жүрө берет. Мунун кесепетинен илдет өтүшүп кетүүдө. Биздин Республикалык урология борборуна күнү-түнү бейтаптар түшүп жатат. Эң эле талуу маселе — бөйрөктө пайда болгон таш. Кыргыздар тамакты курсагы ачканда эле жебесе, өз маалында тамактанышпайт. Анан азыр эл көп ичип-жеген газдалган суусундук, тез татымдар бөйрөктү талкалоодо. Бул өнөкөт жана курч мезгил деп бөлүнөт. Курч учурунда бөйрөк түтүктөрүнө таш тыгылып калат. Заара толук чыкпай түйүлүп ооруп, көздүн асты, буттар шишийт. Ошондой эле дене табы көтөрүлүп, жүрөк айланып, кан басымы да көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Андыктан профилактикага көңүл буруу абдан маанилүү", — деди Мырзабеков.

Уролог бөйрөктөгү ташты дарыгер белгилеген диета, нур менен ташты талкалоо же операция жолу менен тазалаарын кошумалады.

Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:

153
Белгилер:
уролог, бөйрөк, таш, Жаныбек Мырзабеков
Тема боюнча
Уролог: эркектер дарыгерге убагында көрүнбөй, үй-бүлө бузулуп жатат
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров. Архив

Эксперт: коррупция менен күрөшүү боюнча ЕАЭБде бирдиктүү долбоор керек

7
(жаңыланган 12:51 18.09.2021)
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров коррупция менен күрөшүүдө башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары дагы изилдене турганын белгиледи.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн деңгээлинде коррупция менен күрөшүүнү бирдиктүү колго алуу зарыл. Себеби ошол эле бажы, чек ара жаатында коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу керек. Бул тууралуу Айдар Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Эксперт: коррупция менен күрөшүү боюнча ЕАЭБде бирдиктүү долбоор керек

Анын айтымында, коррупция менен күрөшүүдө уюмга мүчө мамлекеттерде ар кандай ыкмалар колдонулат.

"Башка мамлекеттердин ийгиликтүү тажрыйбаларын изилдеп көрдүк. Ошол эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин дагы тажрыйбасын эске алдык. Уюмга мүчө мамлекеттерде коррупциялык көрүнүштөр, аны менен күрөшүү ыкмалары дагы ар башка болууда. Мисалы, Казакстанда коррупция менен күрөшө турган медиа борборлор бар. Алар көз карандысыз делингени менен президенттин алдында. Ал борбор коррупциялык көрүнүштөрдү коомго ачыктап чара көрүү аркылуу иш алып барат. Ошону менен өз натыйжасын көрсөтүп келе жатат. Ал эми Россияда, Беларуста, Арменияда деле бул багытта иш жүрөт. Бирок коррупция менен күрөштө жетиштүү деңгээлде натыйжасы байкалбайт. Ошондуктан ЕАЭБдин деңгээлинде коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү долбоор даярдалышы зарыл. Уюмдун ичиндеги өлкөлөрдүн бажы жана чек ара кызматтарында кездеше турган коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу шарт. Себеби көмүскө товарлар кирип, коррупциялык көрүнүштөргө жол берилиши мүмкүн", — деди Мамбеткадыров.

Ошондой эле кайсы бир өлкөнүн тажрыйбасын колдонордон мурда жергиликтүү менталитетти эске алуу зарыл экендигин кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

7
Белгилер:
Айдар Мамбеткадыров, коррупция, Евразиялык экономикалык биримдик, тажрыйба
Тема боюнча
Коопсуздук кеңеш аймактык органдардагы коррупциялык тобокелдиктерди аныктоодо
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков

Камчыбеков: Бишкек марафонуна майыптыгы бар 100 адам катышат

9
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков Кыргызстан боюнча 195 миңден ашуун майыптыгы бар адам жашай турганын айтты.

Эртең борбор калаада өтүүчү жарым марафонго коляскада отурган майыптыгы бар 100 адамдын катышары пландалган. Бул тууралуу Адилет Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Камчыбеков: Бишкек марафонуна майыптыгы бар 100 адам катышат

Анын айтымында, өлкөдө 195 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.

"Булар үч топко бөлүнөт. Биринчиси — үйдөн чыкпаган, ата-энесинен башка эч ким менен сүйлөшпөгөн адамдар, экинчи топтогулар жарым-жартылай коомчулукка аралашкандар, ал эми үчүнчүсү билим алып, дос күтүп, эл менен аралашып жүргөндөр, бирок майыптыгы бар. Биринчи топко киргендердин психологиялык дагы саламаттыгы кооптуу абалга кептелет. Алардын ата-энеси, жакындары да ушундай эле оор абалда болот. Бул жарандарды элге аралаштырып, жарышка катыштыруу биринчи кезекте алардын багуучулары, ата-энеси үчүн чоң дем-күч берет. Андыктан биздин марафонго коляскада отурган, үч жаштан өйдө 100 адамды катыштыруу пландалган. Алар төрт топко бөлүнүп чуркашат. Кыздар, эркектер өзүнчө жана жандоочу менен, ошондой эле өз алдынча чуркагандар бар. Марафон учурунда дарыгерлер, тиешелүү социалдык мекемелердин кызматкерлери көзөмөлдөп турушат", — деди Камчыбеков.

Спортчу марафондун жыйынтыгында ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар берилерин кошумчалады.

 

9
Белгилер:
Адилет Камчыбеков, марафон, майыптар, ден соолук
Тема боюнча
Надыров: Бишкек жарым марафонунун онлайн катышуучулары да болот
Поезд. Архив

Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты

9
(жаңыланган 18:55 18.09.2021)
Жигит поезддин берген сигналына маани бербегени айтылды. Машинист поездди токтоткону менен жаран ага урунуп көз жумган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте жүк ташуучу поездге урунуп жаш жигит каза болгонун "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Маалыматта кырсык саат 10.12лер чамасында Жаш гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылды.

"Алдын ала маалымат боюнча, темир жол менен бараткан Р. уулу Э. сигналга маани бербей койгон. Машинист поездди ыкчам токтоткон, бирок жаран поездге урунуп каза болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

Маркумдун 21 жашта экени белгилүү болду.

9
Белгилер:
поезд, темир жол, машинист, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек: жарыш учурунда Nissan GT-R унаасы тосмого кадалып, талкаланды. Видео