Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эшатов: өкмөт ЕАЭБдин талабын аткарса мунай менен өзүн-өзү камсыздай алмак

© SputnikИсполнительный директор Ассоциации нефтетрейдеров КР Канат Эшатов
Исполнительный директор Ассоциации нефтетрейдеров КР Канат Эшатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов өкмөт өлкө ичиндеги мунай чыгаруучу заводдорду модернизациялоо талабын жылдан-жылга кечеңдетип жатканын айтты.
Кыргызстанда мунай заттарын иштеп чыгаруучу тогуз завод бар. Бул тууралуу Канат Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эшатов: өкмөт ЕАЭБдин талабын аткарса мунай менен өзүн-өзү камсыздай алмак
Анын айтымында, күйүүчү майга өлкө ичинде жылына 1,5 миллион тоннадай суроо-талап бар.
"Өлкөдө мунай продуктуларын чыгара турган тогуз ири завод бар. Алардын өндүрүш кубаттуулугу жылына 2 миллион тоннага жетет. Ал эми кыргызстандыктарга жылына 1,5 миллион тоннадай керектелет. Бул заводдордун иштөөсү менен биз ички талапты толугу менен жаба алмакпыз. Бирок ЕАЭБдин аталган заводдорду К4, К5 майларын чыгарууга ылайыктап, модернизациядан өткөрүү талабын өкмөт али күнгө чейин аткарбай келет. Бул талап 2015-жылы эле коюлган. ЕЭАБге мүчө-мамлекеттердин бардыгы аны аткарган. Кыргызстан 2019-жылга чейин, андан кийин дагы эки жылга узартып берүү өтүнүчү менен кат жолдоп, улам жылдырып келет. Мунун кесепетинен өлкөдө К2 сапатындагы бензиндер колдонулуп, тургундардын ден соолугуна олуттуу зыянын тийгизүүдө. Ошондой эле импорттон көз каранды мамлекет болуубузду шарттап жатат", — деди Эшатов.
Ал мунай продукциясы негизинен Россиядан бизге кошумча салыгы жок келерин, бул чоң көмөк болуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0