Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эсенали уулу: ар бир өсүмдүктүн 15-20дай зыянкеч курт-кумурскасы бар

© Sputnik / Асель СыдыковаЭнтомолог Таир Эсенали уулу
Энтомолог Таир Эсенали уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Жазылуу
Энтомолог Таир Эсенали уулу бардык өсүмдүктүн 15тен 20га чейин зыянкеч курт-кумурскасы болуп, алардын бирөө же экөөсү гана маанилүү деп эсептелерин билдирди.
Фермердин же бакты өстүргөн дыйкандын экономикалык жактан кирешесине түздөн-түз таасир эткен зыянкеч курт-кумурскаларды туура башкаруу керек. Мындай пикирин Таир Эсенали уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Эсенали уулу: ар бир өсүмдүктүн 15-20дай зыянкеч курт-кумурскасы бар
Анын айтымында, өлкөдө энтомология илиминин жакшы өнүкпөгөнүнө байланыштуу бак-дарактагы зыянкеч курт-кумурскалар менен күрөшүү ийгиликтүү болбой келет.
"Дүйнө жүзүндө курт-кумурскалардын 1 миллиондон ашык түрү бар. Алардын көбү айыл чарба экосистемасында жашайт. Жаратылышты өзүнчө ала турган болсок, эч бир курт-кумурска зыянкеч деп аталбайт. Бардык өсүмдүктүн 15тен 20га чейин зыянкеч курт-кумурскасы болот. Бирок ошонун ичинен бирөө же экөөсү маанилүү деп эсептелет. Дыйкандын же багбандын экономикалык жактан кирешесине түздөн-түз таасир эткен зыянкечтерди туура башкаруу керек. Негизги курт-кумурскадан бакты коргосок, башка зыянкечтердин популяциясы өзү азаят", — деди Эсенали уулу.
Ошондой эле адис кайсы бир курт-кумурсканы жок кылып салсак, тескерисинче, бул башка зыянкечтердин пайда болушуна таасир этерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0