Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Болтоев: керектөөчүлөр өз укук, милдеттерин биле беришпейт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖарнама, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Анарбек Болтоев
Жарнама, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Анарбек Болтоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Жарнама, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Анарбек Болтоев аталган кызмат мекеме, дүкөндөрдү керектөөчүлөрдөн арыз түшкөндө гана текшере аларын айтты.
Болтоев: керектөөчүлөр өз укук, милдеттерин биле беришпейт
1961-жылы АКШнын президенти Джон Фицджеральд Кеннеди керектөөчүлөрдүн укуктары, аны коргоо тууралуу сунуш киргизген. Ошентип 1983-жылдан баштап керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнү белгиленип келет. Бул тууралуу Анарбек Болтоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда кардарлар көп учурда товардын сапатына нааразы болушат.
"Бизде керектөөчүлөрдүн укугу жакшы корголбойт. Анын үстүнө адамдар өзүнүн укук, милдеттерин биле беришпейт. Биздин башкармалык керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатында иш алып барат. Сатып алуучулардан укуктук маселелер боюнча күнүнө кеминде 10-15тей киши чалат. Бул көйгөйлөрдү өз учурунда чечкенге аракет жасайбыз. КРдин "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамында 55 берене бар. Анда сатуучу менен сатып алуучунун укуктары, милдеттери жана товарды кандай учурда кайтарып берсе болор-болбосу тууралуу кенен жазылган. Алсак, мыйзам боюнча сатуучу тарап өзү тууралуу толук маалымат бериши зарыл. Мисалы, дүкөндүн аталышы, иш графиги, дареги, байланыш номери жана башка маалыматтар жазылып илиниши керек. Кардар мекеменин сертификаты, уруксаты тууралуу документти талап кыла алат. Ал эми талаптарды аткарбаган сатуучулар Бузуулар кодексинин 293-беренесине ылайык, юридикалык тарап 13 миң, ал эми жеке жак 3000 сом айып пул төлөйт", — деди Болтоев.
Адис дүкөндөрдө "товарды алмаштыруу жана кайтарып берүү мүмкүн эмес" деп илинген такта мыйзам боюнча керектөөчүлөрдүн укугун тебелеген болуп эсептелерин кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз.
Жаңылыктар түрмөгү
0