Сириядагы кыргыз жарандарын кайтаруудан мурда өлкө ичинде ар тараптуу жана комплекстүү даярдыктар жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын көпчүлүгү алданып, жазгырылып жана экономикалык себептер менен барган.
"Жакынкы Чыгышта болгон кандуу окуяларга кеткен кыргыз жарандарынын саны соңку 5-6 жылдын ичинде көбөйүп кеткен. Жалпысынан 1000ге чукул болсо, алардын 150-160тайы кыз-келиндер. Тилекке каршы, көпчүлүгү радикалдуу диндик топтордун мүчөлөрүнүн сөздөрүнө, иш-аракеттерине жазгырылып, айрымдар чет өлкөдө иштеп жүрүп же башка турмуштук жагдайларда алданган. Ошолордун тууган-туушкандары кайтарып келүү суранычы менен бийликке, эл аралык уюмдарга кайрылып жүрүшөт. Ошондуктан буларды кайтаруу жана кам көрүү мамлекеттин милдети. Себеби алар кыргыз жарандары. Бирок учурдагы пандемия шартында, экономикалык абал оор болуп турганда аларды кайтарардан мурда бир катар иш-аракеттер жасалышы керек. Маселен, укук коргоо органдарынан, психологдор, медиктерден, идеологдордон турган реабилитациялык борбор түзүлүшү зарыл. Кайтып келгендердин арасында "колу канга малынгандар" болсо, алар мыйзам чегинде жоопко тартылат", — деди Медетбеков.
Ошондой эле ал Сирияда башка өлкөнүн жарандарынан төрөлгөн балдардын маселесин дагы чечүүсү керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматта Диндик экспертиза башкармалыгы болуп түзүлгөнүнө эки жылдын гана жүзү болду. Биз террордук, экстремисттик чакырык, үндөөлөрдү камтыган же улуттар аралык кагылышууларга алып келүүчү, болбосо кайсы бир топтогу адамдардын же жеке инсандын аброюна шек келтирген тексттерди талдап, иликтейбиз. Бул тууралуу Жийдегүл Семёнова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сөз аркылуу кылмыш жасоо өлкө аймагында жылдан-жылга көбөйүүдө.
"Сөз менен кылмыш жасоону негизги үч топко бөлүп карайбыз. Алар кептик бейбаштык, кептик алдамчылык жана кептик кылмыш болуп аталат. Мисалы, интернет айдыңында коомго коркунуч жаратпаган, бирок жеке бир адамды же улутту таарынткан текст — бул кептик бейбаштык болуп эсептелет. Ал эми кайсы бир продукцияны эч негизсиз мактап, кымбат сатуу аракетин көргөн сыяктуу тексттер кептик алдамчылыкка кирет. Кептик кылмыш деп биз экстремисттик, террордук чакырыктарды жана башка ушул сыяктуу оор иштерге үндөгөн тексттерди атайбыз. Биздин милдет ошол жерде мыйзам бузуулар бар экенин аныктап берүү гана. Ал эми чечимди сот чыгарат. Аныктоодо биз эч качан бир гана сөзгө же сүйлөмгө басым жасабайбыз. Жазылган жалпы текстке көңүл бурабыз. Ал социалдык тармактагы бирөөнүн жеке баракчасына жазган посту болобу же анын түбүнө жазылган комментарийби, айырмасы жок", — деди Семёнова.
Лингвист 2018-жылы кептик мыйзам бузуу боюнча 86 учур катталса, 2019-жылы 950гө жеткенин кошумчалады.
Экономикалык кризис учурунда ишкерлерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Мындай пикирин Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, ишкерлер бизнесин, кардарларды ойлобой эле мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деген түйшүк менен жашап калышты.
"Тилекке каршы, инвестициялык климат учурда жакшы эмес. Жалпысынан өлкөдө саясий-экономикалык туруктуулук толук кандуу орной элек. Дүйнөлүк жагдайга карасак, шайлоо жакындаганда инвестициялар убактылуу токтойт. Биринчиден, коопсуздук болушу керек. Көп ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик көрө албай жатышат. Азыркы экономикалык кризис учурунда бизнесмендерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Ишкерлер бизнести, кардарларды ойлобой, мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деп түйшөлүп калышты. Экинчиден, саясий-экономикалык туруктуулукту орнотуу зарылчылыгы күч", — деди Сыдыков.
Ошондой эле жетекчи мамлекеттик органдарда, компанияларда ишкерлер менен тыгыз иш алып бара ала турган кесипкөй адистердин жетишпей жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгынын абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады. Бул тууралуу Атамбаедин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымына караганда, Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү иштери 2019-жылдын август айында экспертиза соңуна чыкканга чейин токтотулган.
Жолдубаева ошондой эле бүгүнкү жыйынга соттолуучу Равшан Жээнбеков келбегенин белгиледи. Анын жактоочулары экс-депутат коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деген маалымкат беришкен.
Биринчи май райондук соту соттук териштирүү иштери токтотулуп, экспертиза дайындалганын ырастады.