Маселен, союз учурунда курулган Москвадагы үч ипподром оңдоп-түзөөдөн өтүп, жакшы иштеп жатат. Мындай оюн Искендер Кадыркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Анын айтымында, ипподромдун ордуна курула турчу спорт комплексин башка жерге салса болот.
"Менин билишимче, "Ак кула" ат майданынын имараты тарыхый жайга кирет болуш керек. Ортодо Айыл чарба министрлиги, мэрия өзүнө алып "тарыхый" деген макамын чийдирип салышкан. Бүгүнкү күндө трибунасы турнир өткөрүүгө жарабайт деген чечим чыгарышты. Негизи бул ипподром таскактуу аттардын чуркаганына ылайыкталып курулган. Кийин көк бөрү да кошулуп, атайын аянтча түзүлүп ойнолуп калган. "Ак кула" ат майданын реконструкциялап сактап калыш керек. Мисалы, союз учурунда курулган Россияда үч ипподром бар. Алар жакшынакай эле иштеп жатышпайбы. Япониягыдай жер тартыш эмес. Спорттук комплексти башка жакка салса болот ", — деди Кадыркулов.
Ошондой эле жетекчи көтөрүлгөн маселе боюнча көк бөрүдөн сырткары башка ат оюндарын бөлбөй, комплекстүү туура чечим чыгарган жолду кароо керектигин кошумчалады.
Жамааттык коопсуздук келишим биримдиги ага мүчө болгон өлкөлөрдү сырткы коркунучтардан сактоо максатында 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ошол кездеги курамына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирген. Бир жылдан соң Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мүчөлүкө кабыл алынган. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган уюм учурда бир гана террорчулук менен күрөшүүдө эмес, мыйзамсыз миграция, баңгизатын ооздуктоо жана IT багытындагы кылмыштуулуктарга каршы турууда да жетишкендиктерди көрсөтүп келет.
"ЖККУга кирген мамлекеттер 2002-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн күчөттү десек болот. Ушул убакыттан тарта ыкчам аскердик күчтөрдү тартууга басым жасалган. Бул максатта Кыргызстандан да бир батальон кошулган. Албетте, биримдиктеги аскер күчтөрүнүн 80 пайыздан ашыгын Россиянын күчтөрү камсыздайт. Ошентсе да бардык мүчө-мамлекеттер ар кандай сырткы коркунучтарга бирдиктүү күрөшүүгө даяр болгон чоң, өз тарыхы, орду бар уюм десек болот. Алгач биримдик террорчулук, экстремизмге каршы туруу үчүн гана түзүлсө, азыркы учурда интернет технологияларынын жардамы менен келтирилүүчү коркунучтарга, баңгизаты менен күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияны ооздуктоодо чоң-чоң иштерди жасоодо", — деди Медетбеков.
Ал ЖККУнун чыгымдарынын 50 пайызын Россия каржылай турганын, калган 50 пайызын башка мүчө-өлкөлөргө бөлөрүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, учурда биримдикке алты өлкө мүчө.
Паралимпиадага парапауэрлифтинг жана пара жеңил атлетика боюнча жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мындай пикирин Абдуалим Нишанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн.
"Алдын ала так айтуу кыйын. Бирок спорттун эки түрү боюнча эки федерациянын даярдыгы жакшы. Пара пауэрлифтинг боюнча Жыргалбек Орозбаев, Максат Аргымбаев лицензия алуу үчүн машыгып, мыкты даярдыктан өтүшүүдө. Ал эми паратриатлон боюнча Жалалдин Абдувалиев аракет көрүүдө. Алар Азия чемпионатында, Азия оюндарында жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп келишет. Спортчулар менен сүйлөштүк, үмүтүбүз чоң. Жеңип келгенден кийин элдин, мамлекеттин колдоосу кандай болорун алар жакшы түшүнүшөт. Андыктан алдыга коюлган максатына жетүү үчүн болгон күчүн жумшашат. Мындан тышкары, бизде параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн", — деди Нишанов.
Ошондой эле жетекчи өлкөдө параспорт боюнча маалыматтын жеткиликтүү болбогондугу тармактын өнүкпөй туура эмес түшүнүктөрдүн пайда болушун шарттап жаткандыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте шаар күнү (29-апрель) жана Жеңиш күнүн (9-май) массалык майрамдоо токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим коронавирус пандемиясы боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган.
Мэрия шаардыктарды санитардык эрежелерди сактап, ден соолукка кам көрүүгө чакырат.
Эскерте кетсек, 21-мартта Ноорузга карата бардык майрамдык салтанаттар, массалык майрамдоо токтотулган.