Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев. Архив

Мураталиев: кыргыз Ноорузда сүмөлөк эмес чоң көжө бышырган

120
(жаңыланган 13:56 18.03.2021)
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев улуттук сый тамак болгон чоң көжө тууралуу айтып берди.

Кыргыздар Ноорузду Улуу күн деп атап, бул майрамда сүмөлөк эмес, чоң көжө кайнатышкан. Бул тууралуу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мураталиев: кыргыз Ноорузда сүмөлөк эмес чоң көжө бышырган

Анын айтымында, учурда чоң көжө бышыруу салты унутулуп баратат.

"Кыргыздар Нооруз майрамын Улуу күн дешкен. Бул күнү күн менен түн теңелип, күн узарып ак жеңди деген мааниде майрамдашкан. Бардык таарыныч, капачылыктар унутулуп, бири-бирин кечирип, жалпы журтка жакшылык тилешкен. Майрам шаңы болуп кышы менен сүрсүткөн эттерин кайнатып, шорпосуна акталган буудай салынган. Буудайды өзүнчө чыгарып алып, шорпого сүзмө кошуп ичишкен. Мына ушул чоң көжө деп аталат", — деди Мураталиев.

Ал сүмөлөк отурукташып калган башка чыгыш элдеринин улуттук тамагы болушу мүмкүндүгүн божомолдоду.

120
Белгилер:
салт, Сүмөлөк, Нооруз, Мелис Мураталиев
Тема боюнча
Кыргызстандыктар мартта дагы үч күн катары менен эс алат
Сүмөлөк кантип жасалат — Нооруздун майрамдык тамагы
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров. Архив

Бакиров: маяна кечиксе иш берүүчү кошумча акы төлөөгө милдеттүү

5
(жаңыланган 14:17 17.05.2021)
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров пандемия учурунда маяна берилбей жатса эмне кылуу керектигин айтты.

Эгерде маяна алуучу күн майрам же дем алышка туш келип калса, эмгек акы ошол күнгө чейин алдын ала төлөнүшү зарыл. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.

Бакиров: маяна кечиксе иш берүүчү кошумча акы төлөөгө милдеттүү

Анын айтымында, эмгек акы айына бир жолу сөзсүз төлөнүшү керек.

"Пандемиядан улам иш берүүчүлөр экономикалык кризиске туш болду. Мунун кесепети жумушчуларга дагы тийип, маяна өз учурунда тийбей жатты. Мыйзамга ылайык, эмгек акы айына бир жолудан кем эмес төлөнөт. Эмгек акы төлөө мөөнөтү жамааттык келишимде же уюмдун локалдуу ченемдик актысында белгиленет. Маяна ала турган күн дем алыш же майрамга туш болуп калса, эмгек акы ага чейин төлөнүүсү зарыл. Эмгек келишим токтотулганда бардык төлөнө турган акы иштин акыркы күнүнөн кечиктирилбестен кызматкерге берилет. Иш берүүчү эмгек, өргүү жана башка акыларды төлөөнүн мөөнөтүн бузганда ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызын кошуп төлөөгө милдеттүү. Жумуштан бошотулган учурда иш берүүчү эсептешүү күндөн кечиктирген каражаттын 0,5 пайзын ар бир күн үчүн кошуп төлөшү керек", — деди Бакиров.

Юрист пайыздардын жалпы суммасы негизги төлөнө турган каражаттын 200 пайызынан ашпашы керектигин кошумчалады.

5
Белгилер:
жумушчу, маяна, юрист, Артур Бакиров
Тема боюнча
Юрист саатына акы төлөө эмгек тутумунун күнгөй-тескейин айтып берди
Туризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева

Мамбеталиева: чет өлкөдөн вакцина алган туристтер келе баштады

3
(жаңыланган 14:12 17.05.2021)
Туризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева учурда өлкөдө туризм акырындан жанданып, көбүнесе вакцина алган саякатчылар келе баштаганын билдирди.

Былтыр сырткы туризм такыр токтоп калса, быйыл вакцина алгандар, ооруп айыккандар жана санитардык нормаларды жакшы сактагандар келе баштады. Мындай пикирин Айша Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Мамбеталиева: чет өлкөдөн вакцина алган туристтер келе баштады

Анын айтымында, пандемияга карабастан Кыргызстан туризм үчүн ачык.

"Туризм тармагы пандемияга байланыштуу абдан жабыр тартты. Өткөн жайда өлкөгө сырттан туристтер келген эмес. Быйыл акырындап көбөйө баштады. Алар — вакцина алып, санитардык нормаларды сактап жана ооруп сакайгандар. Адамдар эки жылга чукул карантиндик абалда отуруп, ар кандай стресске туш болду. Мындай жагдайдан чыгуу үчүн саякаттоо эң мыкты жол болуп саналат. Соңку учурда активдүү жаштар көбөйдү. Учурда туристтердин ПЦР-тест тапшырып өлкөгө кире берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Тилеке каршы, бул жаатта бир топ көйгөйлөр чыгууда. Ошол эле авиакаттамдар менен учуп келүү кымбат болуп жатат. Көп өлкөлөрдөн түз рейс жоктугуна байланыштуу туристтер Түркия же Россия аркылуу келүүгө мажбур. Мындан тышкары, маркетинг жаатында аксап жатабыз. Ушул багыттарда аракет көрүү зарыл. Экологиялык, тоо туризми жана Жибек Жолундагы өлкө катары өзүбүздү көрсөтүүбүз керек. Чындап алганда өлкөнүн туристтик потенциалы абдан эле чоң. Бул жакка келип кайра кетип жаткан туристтердин арасында сурамжылоо жүргүзгөндө табияттын кооздугун, элдин меймандостугун баалашат", — деди Мамбеталиева.

Ошондой эле ал туристтер көбүнчө аймактарды, ал жактагы карапайым калкты көрүүнү каалай турганын кошумчалады.

3
Белгилер:
пандемия, БУУ, туризм, Айша Мамбеталиева
Тема боюнча
Шатманов: Кыргызстандын кооз жерлерин онлайн саякаттаса болот
Судья на судебном заседании. Архивное фото

Кыргызстан Centerra менен соттошууга кайсы компанияларды жалдаганы айтылды

0
(жаңыланган 14:52 17.05.2021)
Теңиз Бөлтүрүктүн айтымында, Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн Түндүк Америкадагы эң мыкты юристтерди жалдады.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын кортундусу угулуп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында докладчылардын бири Теңиз Бөлтүрүк Centerra Gold Inc. компаниясына каршы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жалдаган компаниялар менен юристтерди атады.

"Биз Arnold & Porter компаниясынын юристтерин жалдадык. Бул — арбитраждык сот боюнча 2020-жылдын эң мыкты 20 юридикалык компаниянын бири. Канадада болсо Goodmans компаниясы менен иштешип жатабыз. Алар алдыңкы жети ишкананын бири болуп саналат. Юристтердин айтымында, биздин позициябыз мыкты деңгээлде. Биздин ар бир кадамыбыз юристтер менен макулдашылган", — деди ал.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

0
Белгилер:
компания, юрист, Кумтөр, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы