Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКтын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун башчысы Рустанбек Раимкулов

Раимкулов: CASA-1000ге алынган насыя жети жылдан кийин төлөнө баштайт

80
(жаңыланган 14:41 18.03.2021)
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун башчысы Рустанбек Раимкулов CASA-1000 долбоору аркылуу жайкысын Афганистан менен Пакистанга электр энергиясы экспорттоло турганын маалымдады.

CASA-1000 долбооруна алынган каражаттын негизги суммасын жети жылдан кийин төлөп баштайбыз. Бул тууралуу Рустанбек Раимкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Раимкулов: CASA-1000ге алынган насыя жети жылдан кийин төлөнө баштайт

Анын айтымында, электр энергиясын экспорттоо болжол менен 2024-жылдын май айынан тарта башталат.

"CASA-1000дин алкагында Кыргызстан менен Тажикстан электр энергиясын Пакистан жана Афганистанга сатат. Өлкөдө кышкысын электр энергиясын колдонуу 3000 мегаваттка чейин жетсе, жайкысын үч эсе түшүп, 1000 мегаватты түзүп калат. Ошондуктан май айынан тарта ашкан электр энергиясын аталган эки өлкөгө чыгаруу мерчемделүүдө. Ал үчүн Кыргызстан 455 чакырым чубалгы тартып, "Датка" подстанциясында 500 киловольттук ячейка курулат. Андан ары Тажикстан жана башка долбоорго кирген өлкөлөр өзүнө тийиштүү иштерди аткарат. CASA-1000дин алкагында Кыргызстан мүмкүнчүлүгүнө жараша 500 киловаттан жогору электр энергиясын берүү каралган. Бул ички колдонууга жана тарифке зыянын тийгизбейт. Экспорт алгач 2023-жылдын май айынан тарта башталмак, бирок Пакистан тараптан айрым көйгөйлөр жаралып, бир жылга жылганы турат. Долбоор ишке киргенден тарта 15 жылга чейин электр энергиясын экспорттойбуз. Жогоруда айтылган иштерди аткаруу үчүн Кыргызстанга Дүйнөлүк банк 45 миллион доллар, Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар жана Европа инвестициялык банкы 70 миллион евро бөлөт. Каражатты кайтаруу үчүн 7-9 жылга чейин жеңилдик каралган. Бул учурда үстөгүн гана төгөбүз, ал эми жети жылдан кийин негизги суммасын төгүү башталат", — деди Раимкулов.

Ал Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи агрегаты ишке берилсе, Токтогул ГЭСинин модернизациясынан кийин кубаттуулук өсө турганын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

80
Белгилер:
Рустанбек Раимкулов, экспорт, CASA-1000 долбоору
Тема боюнча
CASA-1000 долбоору. Кыргызстанда электр түйүндөрүн куруу иштери башталды
Анимациялык продакшн компаниянын негиздөөчүсү, ишкер Нурлан Мирзаматов

Мирзаматов: анимациянын алты багыты боюнча окутабыз

22
(жаңыланган 14:34 15.05.2021)
Анимациялык продакшн компаниянын негиздөөчүсү, ишкер Нурлан Мирзаматов аталган ишкананын анимациянын алты багыты боюнча курстары бар экенин айтты.

Аймактардагы балдар менен байланыш түзүп, анимацияны онлайн үйрөнөм, бирок компьютерим жок дегендерге атайын окутуу программасын ачтык. Бул тууралуу Нурлан Мирзаматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мирзаматов: анимациянын алты багыты боюнча окутабыз

Анын айтымында, компаниянын YouTube сервисинде каналдарды түзүү, өнүктүрүү жана акча табуу боюнча бекер видео курстары бар.

"Анимациялык компаниянын Lights Academy деген мектеби бар. Анда 2D, 3D анимация, графикалык дизайн, motion design, планшетте сүрөт тартуу, кадрдык анимация жана мобилография багытында билим берилет. Балдарды биздин компанияда иштеп жаткан же иштеп кеткен тажрыйбалуу адистер окутат. Аймактардагы компьютери барлар аралыктан билим алып, соңунда буюртмаларды алып, бизге эле эмес башка компанияларга да продукция жасап берип жатышат. Мобилография, графикалык дизайн, планшетте сүрөт тартуу бир ай, 2D анимация эки ай, ал эми 3D анимация үч ай мөөнөттө окутулат. Мобилография боюнча курс 4-5 миң сом, 2D 8-10 миң, ал эми 3D анимация 12 миң сом турат. Региондордогу онлайн үйрөнөм, бирок компьютерим жок деген балдарга атайын окутуу программасын түздүк. Алсак, окуучу тандоодон өтүп, бул ишти алып кете аларына көзүбүз жетсе, микрофинансылык компания менен сүйлөшүп, жабдык, интернет менен камсыздалат дагы адис кийин иштеп баштаганда бир жылдын ичинде бөлүп төлөп кутулат", — деди Мирзаматов.

Ишкер азыр моделдөө жана риггинг (объектилерди башкаруунун ар кандай тутумдарын түзүү) боюнча курска суроо-талап анча чоң эмес экенин, татаал багыт болгондуктан окутуу курсу кийинчерээк ачыларын кошумчалады.

22
Белгилер:
Нурлан Мирзаматов, анимация, канал, YouTube
Тема боюнча
Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: чобдор сооттолуп, темир менен капталган бут кийим

12
(жаңыланган 13:33 15.05.2021)
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.

"Чобдор" деген баатырлардын жоо кийимине кирген, кымбат баалуу бут кийимдин бир түрү. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Талантбеков: чобдор — сооттолуп, темир менен капталган бут кийим

Анын айтымында, эпосто башка элдин улуттук бут кийими катары айтылганы менен "чобдор өтүк" деп кыргыз жоокерлеринин аскердик бут кийими катары да берилген.

"Эпосто "чобдор өтүк такасыз, тонун кийген жакасыз" деген саптар бар. Бул саптарда кездешкен "чобдор" деген сөз өтүктүн бир түрүн түшүндүрөт. Аны баатырлар ок өтпөс кылып сооттоп, темир менен каптап кийген. Ошол эле учурда чобдор өтүк деп эпостогу кайсы бир элдин улуттук бут кийими катары дагы айтылган жерлер бар. Учурда бут кийимдин түрү көп, алардын айрымдарынын такасы жок. Ошолорду бут кийимдин чобдор түрү деп колдонууга болот", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал тилсиз улут жоголуу коркунучуна кептеле турганын кошумчалады.

12
Белгилер:
Кыргызстан, эне тил, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: күч түзүмдөрүнүн бир бөлүгү "бөгөл" делген
Кыргызстандын желеги. Архив

Өкмөт эгемендүүлүк майрамында кыргыздардын дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады

9
(жаңыланган 20:26 15.05.2021)
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөргөн.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Министрлер кабинети эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата
кыргыз элинин бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов аталган күндү майрамдоо боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрүп жатканда сөз болду.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, республиканын түптөлүшүнүн 30 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын планына Бишкек шаарында жана аймактарда өткөрүлчү 100дөн ашуун иш-чара киргизилген.

“Кеңешменин жүрүшүндө өлкө президентинин кайрылуусуна ылайык, планга кыргыз элинин бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү киргизүү сунушталды. Министрлер кабинетинин башчысы 30 жылдыкты майрамдоо боюнча иш-чаралар планын толуктап иштеп чыгууну жана сын-пикирлерди эске алуу менен үч күндүн ичинде уюштуруу комитетинин талкуулоосуна сунуштоону тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, юбилейлик датага карата театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулуп, бир катар ири көргөзмөлөр жана ат оюндары өткөрүлөт. Ошондой эле улуу Кыргыз каганатынын түзүлүшүнөн баштап, азыркы мезгилге чейинки басып өткөн жолу тууралуу сүрөт китебин түзүү пландаштырылууда.

Марипов белгилегендей, бардык иш-чаралар республикадагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек.
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөргөн. Анткени жаңы Конституцияга Курултай институту тууралуу киргизилген.

9
Белгилер:
план, курултай, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, майрам, Улукбек Марипов, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады