Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Букуев: финалда башкы калыстык милдетти аткарсам арманым болбос эле

© Sputnik / Жоомарт УраимовФИФАнын калысы, Кыргыз футбол союзунун юридикалык бөлүмүнүн начальниги Нурдин Букуев
ФИФАнын калысы, Кыргыз футбол союзунун юридикалык бөлүмүнүн начальниги Нурдин Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
ФИФАнын калысы, Кыргыз футбол союзунун юридикалык бөлүмүнүн начальниги Нурдин Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатында башкы калыстык милдетти аткарсам деп кыялданарын айтты.
Букуев: финалда башкы калыстык милдетти аткарсам арманым болбос эле
2016-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында техникалык зоналарга жана беттештин протоколуна жооптуу кылып, резервдеги калыс катары дайындашкан. Мындай пикирин Нурдин Букуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы Литвада өтө турган дүйнө чемпионатында көздөгөн кыялы орундалып калышы мүмкүн.
"Дүйнө чемпионаттарынын ар бир оюну эсте каларлык окуя. 2016-жылдагы Колумбиядагы финалдык беттеш мен үчүн өзгөчө мааниге ээ. Оюндагы аянтчанын үстүндө болбосо да башкы калыска жардам бердим. Кыялымда финалдык оюнду аянтчанын үстүндө башкы калыс катары өткөргүм келет. Бул кыялым орундалып калса, калыстык жашоомдогу арманым болбос эле. Быйыл Литвада дүйнө чемпионаты өтөт", — деди Букуев.
Ошондой эле адис калыстык иш жашоодо ордуңду аныктаганга, адамдык сапаттарды калыптандырганга, адилеттүү болууга жол ачканын кошумчалды.
Белгилей кетсек, Нурдин Букуев 2008-жылы Бразилияда, 2012-жылы Таиландда жана 2016-жылы Бразилияда өткөн футзал боюнча дүйнө чемпионатында калыс болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0