"Улуу мурас" аттуу долбоордун алкагында кыргыздын беш кенже эпосу аудио түрүндө жаздырылган. Бул тууралуу Өмүрзак Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаздырылган дастандар "Кыргыз радиосунун" алтын казынасына тапшырылган.
"Дастанчылык өнөрдү өнүктүрүү, жайылтуу максатында "Дастанчы" коомдук фонду түзүлгөн. Аны манасчы Самат Көчөрбаев жана ырчы Токтобек Асаналиев менен биргеликте негиздегенбиз. Бул фонддун түзүлгөнүнө 4-5 жылдай болуп, ушул убакыттын ичинде алгылыктуу иштер аткарылууда. Алсак, "Улуу мурас" долбоорунун алкагында "Курманбек", "Аксаткын менен Кулмырза", "Жаныш-Байыш", "Карагул ботом" жана "Кожожаш" кенже эпосторунун аудиосу жаздырылып, коомчулукка тартууланган. Буларды беш аткаруучу мазмунун, маңызын үзбөстөн аткарды. Муну менен чектелип калбастан кыргыздын санаттар, насыяттар, казалдар, жоктоолор, ашыктык жана арман ырларынан 50 чыгарма тандалып жаздырылды. Эми аны китеп кылып, ага аудио тиркелет. Натыйжада ушул өнөргө кызыккандарга нотасы, тексти жана аудиосун ошол китептен табууга шарт түзүлөт", — деди Кайыпов.
Дастанчы фонд мүчөлөрү мамлекеттин жана демөөрчүлөрдүн колдоосун күтө бербестен улуттук музыканы жайылтууну колго алганын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Касым Тыныстановду илимий, саясий, маданий жана коомдук интеллигенциянын өкүлү деп таанышыбыз керек. Анткени ар тараптуу инсан болгон. Мындай пикирин Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Тыныстановдун 120 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чарага бардык каалоочулар катыша алат.
"1920-жылдардагы кыргыздын интеллигенциясынын өкүлдөрү катары Ишеналы Арабаев баштаган Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстановду айтсак болот. Мисалы, Жусуп Абдрахмановду "20-жылдардагы кыргыз интеллигенциясынын арстаны" деп келебиз. Ооба, туура, ал киши саясий багыттагы жасаган иштеринен улам ушундай баага татыктуу. Бирок Касым Тыныстанов булардан айырмаланып ар тараптуу адам болгон. Биринчи кезекте аны окумуштуу катары таанысак болот. Саясий, маданий, коомдук ишмердүүлүктү аркалап, өз колу менен зор эмгектерди жасаган жаратман болгон. Ушул жана башка инсандардын эмгегин баалап, кийинки муундарга жайылтуу биздин парзыбыз. Ушундай максатта Касым Тыныстановдун 120 жылдык мааракесинин урматына биздин мекеме атайын конкурс уюштурууда. Анда жогорку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайлар жыйын, тегерек стол, кереге кеңеш, конференция сыяктуу иш-чараларды, сынактарды өткөрүүсү шарт", — деди Мусаев.
Ал кыргыз интеллигенциясынын жасап кеткен иштерин жаштарга жеткирүү үчүн билим берүү программаларына кошулушу зарылдыгын белгиледи.
ЕАЭБдин алкагында илимди интеграциялоого даяр турушубуз керек. Анткени Кыргызстандан башка уюмга мүчө-өлкөлөрдө илим кызматкерлеринин маянасы көбүрөөк болгондуктан, жогорку квалификациялуу адистердин өлкөдөн чыгып кетүү коркунучу жаралышы ыктымал. Бул тууралуу Мурат Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, биримдиктин алкагында экономиканы эле эмес, илимди дагы интеграциялоо зарыл.
"Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдө илимий даражалардын эки тараптуу таанылуусу боюнча келишим марттын этегинде ЕЭК тарабынан жактырылды. Эми ал кабыл алынуусу шарт. Аталган уюмдун алкагында экономикалык көптөгөн долбоорлор, программалар каралууда. Бирок айрым тоскоолдуктардан улам кээ бирин ишке ашыруу татаал болуп жатат. Ошондуктан ЕЭКтин алдында илимий-техникалык кеңеш түзүлгөн. Ал ЕАЭБде кабыл алынган мыйзамдарды илимий жактан талдайт. Натыйжасын чыгарып бергенден кийин гана сунуштар ишке ашырылат. Бул экономиканы эле алдыга коюп, илим, билим жаатын көңүлдөн тыш калтырууга болбостугун билдирет. Чынында илимди интеграциялоо зарылдыгы бар, тобокелчиликтер да жок эмес. Мисалы, жогорку квалификациялуу адистердин жакшы айлык төлөгөн өлкөлөргө агылуу коркунучу бар. Ошол эле учурда илимий даражалардын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдө таанылуусу жаш окумуштуулардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ошондуктан биз тобокелчиликтерден коркпостон, тескерисинче, ага даяр турушубуз керек. Сыртка чыгып кеткен адистердин ордун толуктоо менен бул кыйнчылыктан чыгып кетүүгө болот. Ал үчүн өлкөдөгү билим берүүнү жакшыртып, илимдин техникалык базасын чыңдоо зарыл", — деди Жуматаев.
Окумуштуу уюмдун алкагында илимий потенциалды теңдөө аракеттери жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.