Футбол боюнча кыздар арасындагы улуттук курама команданын оюнчусу Айжан Боронбекова

Боронбекова: футболчу кыздардын көбү турмушка чыккандан кийин карьерасын токтотот

(жаңыланган 20:03 20.03.2021)
Футбол боюнча кыздар арасындагы улуттук курама команданын оюнчусу Айжан Боронбекова Кыргызстанда футболчу кыздардын көбү үй-бүлөлүү болгондон кийин спорттогу карьерасын бүтүрөрүн айтты.
Боронбекова: футболчу кыздардын көбү турмушка чыккандан кийин карьерасын токтотот

Кыздар үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу спортту таштап, карьерасын толук кандуу улантууга мүмкүн болбой калат. Мындай оюн Айжан Боронбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Анткен менен кыздар турмушка чыккандан кийин футболду таштабай, карьерасын ийгиликтүү уланткандары да бар.

"Футболчу кыздар турмушка чыгып, футболдон кетип калышат. Бирок биздин чемпионатта эне болуп, үчтөн баласы бар эки футболчу келин бар. Спортту таштабай, кадимкидей эле биз менен футбол ойноп келишет. Кээ бирлеринин күйөөсү ойнобо дейт, айрымдары балдарын карап кызыгуусу кетет. Мисалы, Караколдо жана Жалал-Абадда балалуу футболчуларыбыз бар. Алар көптөргө салыштырмалуу жакшы жыйынтык көрсөтүшөт", — деди Боронбекова.

Маектешибиз ошону менен катар эле спортко аралашкан кыз футбол деп жүрө бербей үй-бүлө да куруу маанилүү экенин кошумчалады.

Белгилер:
Айжан Боронбекова, карьера, үй-бүлө, футбол, кыздар
Тема боюнча
Кыргызстандык кыз арабдардын дарбазасына укмуштуудай гол киргизди. Видео
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сектор башчысы Майя Мусаева

Мусаева: ЕАЭБде дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүү мөөнөтү узарды

(жаңыланган 23:16 16.04.2021)
Майя Мусаеванын айтымында, өлкөдөгү фармацевтика тармагынын ишин ЕАЭБ принцибине которсок дары рыногу тартипке келип, баа саясаты жөнгө салынат.
Мусаева: ЕАЭБде дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүү мөөнөтү узарды

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ аймагында дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүүнүн мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июнуна чейин узартты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сектор башчысы Майя Мусаева билдирди.

Алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн.

"Өткөөл мезгилди узартуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге муктаждыгын толугураак камсыздоого, ошондой эле каттоо досьелерин уюмдун талаптарына ылайык келтирүүгө мүмкүндүк берет. Азыр мамлекеттик реестрде 3500дөй дары-дармек катталган. Бирдиктүү стандартка кирсек дагы башка препараттарды алып келип, дарынын сапатын жакшыртууга шарт түзүлөт", — деди Мусаева.

Анын айтымында, эгерде ЕАЭБдин каттоо эрежелерине ылайык иш алып барсак, дары рыногу тартипке келтирилип, баа саясаты жөнгө салынат.

Мындан тышкары, адис өлкөдөгү фармацевтикалык рыноктун ишин ЕАЭБ принцибине которуу боюнча иш-аракеттер планына ылайык, адистер окуудан өтүшкөнүн кошумчалады.

Белгилер:
Майя Мусаева, стандарт, ден соолук, дары, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Новиков дары-дармектин кымбатташына эки фактор таасир этип жатканын айтты
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

(жаңыланган 23:06 16.04.2021)
Кыргыз эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев Кыргызстанда музыка таануучулардын, талдоочулардын саны жокко эсе экендигин айтты.

Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бегалиев: музыка талдоочулар бизде жокко эсе

Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.

"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби  — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.

Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.

Белгилер:
искусство, саясат таануучу, музыка, композитор, Муратбек Бегалиев
Тема боюнча
Рыспай Абдыкадыровдун тун кызы Алтынчач: атамдын каза болгонун теледен уккам