Ноорузда жасалчу тамак-аш, ырым-жырым, салт-санааларды кийинки муунга жөн гана өткөрүп бербестен, анын маани-маңызын да айтып, түшүндүрүү зарыл. Бул тууралуу Жаңылкан Досматова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе.
"Кыргыздарда Нооруз байыртадан баркталып келе жаткан майрам катары белгиленет. Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап, бата кылып, жаңы кийимдерин кийишет. Үй ичин, короо-жайды тазалап, арча менен аластап, оору-сыркоо, кырсыктар болбосун деп жакшылыкка тилек кылышат. Ар бир үйдө колунан келген даамын, тамак-ашын жасап, дасторкон жайышат. Ноорузда атайын кастарлап жасалуучу даамдын бири сүмөлөк жана сыйлуу даамдардын бири көжө болуп саналат. Ал эми бул күнү арча түтөтүп аластоо дайыма аткарылчу ритуал. Арча менен айлананы жамандыктан тазалоо кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе. Аластоонун сөзү апалардан калып, муундан-муунга өткөн. Азыр биз тилек айткандай эле өз каалообузду да кошуп айтып келебиз", — деди Досматова.
Ал Нооруз эмгектин, маданий жаңылануунун, эзелки мурастарды сактоонун майрамы катары жашап келерин кошумчалады.
Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ аймагында дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүүнүн мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июнуна чейин узартты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сектор башчысы Майя Мусаева билдирди.
Алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн.
"Өткөөл мезгилди узартуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге муктаждыгын толугураак камсыздоого, ошондой эле каттоо досьелерин уюмдун талаптарына ылайык келтирүүгө мүмкүндүк берет. Азыр мамлекеттик реестрде 3500дөй дары-дармек катталган. Бирдиктүү стандартка кирсек дагы башка препараттарды алып келип, дарынын сапатын жакшыртууга шарт түзүлөт", — деди Мусаева.
Анын айтымында, эгерде ЕАЭБдин каттоо эрежелерине ылайык иш алып барсак, дары рыногу тартипке келтирилип, баа саясаты жөнгө салынат.
Мындан тышкары, адис өлкөдөгү фармацевтикалык рыноктун ишин ЕАЭБ принцибине которуу боюнча иш-аракеттер планына ылайык, адистер окуудан өтүшкөнүн кошумчалады.
Музыканы талдап, ага туура баа берип, сапаттуу, уникалдуу чыгарманын жаралышында музыка таануучулардын орду эбегейсиз. Мындай пикирин Муратбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, музыкалык билим берүүнү жакшыртып, кесипкөй музыка талдоочуларды таптап чыгаруу зарыл.
"Кыргыз улуттук консерваториясы түптөлүп жатканда эле окуу жайда музыка талдоочуларды, музыка таануучуларды окутуу зарылчылыгын көтөрүп чыктым эле. Анткени музыканы туура талдап, тандап бере турчулар ошолор. Музыка таануучу деген азыр бизде жок. Бул көйгөйдүн себеби — музыка таануучу абдан оор окуу. Алар аткаруучуну, композитор, дирижёрдун ишин талдап, баа берип, сындай турган адамдар. Мындай адистер универсал болуп, музыканын ийне-жибине чейин билиши керек. Ошондуктан жаштар аны окубай жатышат. Музыка таануучуларга муктаждыгыбыз чоң", — деди Бегалиев.
Ошондой эле композитор музыка көп убакытты талап кылган абдан татаал окуу экендигин кошумчалады.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн жасалуучу "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жасалат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Мамлекеттик резиденцияда атайын имарат бөлүнүп берилди, ал толук тазаланган жана талаптагыдай жабдылган. Кайнатма чөп ошол жерден жасалат, атайын жабдуу бар. Ал жерде медицина кызматкерлери бар, министр өзү да катышууда. Медиктер 300дөй ыктыярчыны дарылап сакайтты. Саламаттык сактоо министри өзү бул аракетти колдоп, акырындык менен пайдаланылып жатат", — дешти президенттик аппараттан.
Алар кайнатма чөп кустардык ыкма менен куюлбай турганын белгилешти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү чөптөрдүн катарына кирет. Тажрыйбалуу медиктер коронавирустан мурда бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунушташууда.