Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Төрөбеков: балык уулоо спорт катары жаңы гана башталды

© Sputnik / Асель СыдыковаВладелец рыболовецкой базы "Клевое место" Улан Торобеков
Владелец рыболовецкой базы Клевое место Улан Торобеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
"Клевое место" спорттук балык уулоо базасынын ээси Улан Төрөбеков Кыргызстанда балык уулоо спорт катары жаңы гана башталып, республикалык жана эл аралык мелдештер уюштурулуп жатканын айтты.
Балык уулоо өлкөдө спорттун жаңы түрү болгондуктан каржылык колдоо керек. Ага карабастан кызыккандар жылдан-жылга көбөйүп жатат. Мындай пикирин Улан Төрөбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Төрөбеков: балык уулоо спорт катары жаңы гана башталды
Анын айтымында, балык уулоону кыздар да өздөштүрүп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө башташты.
"Бул тармакка көңүл буруп жатканыбызга бир гана жыл болду. Балык уулоо базасы 2019-жылы декабрда ачылган. Негизги максатыбыз спорттук балык уулоону өнүктүрүү болгон. Алгач 5-6 бала ишти баштаганбыз. Учурда 20дай спортчуну топтой алдык. Турнир уюштуруу учурунда демөөрчүлөргө муктаждыгыбыз бар. Өзүбүз көп ишти колго алып, колдон келгенин жасап жатабыз. Ага карабастан балык уулоого кызыккандардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Мисалы, быйыл мелдешти уюштурууга Россиядан демөөрчүлөр табылып, жакшы деңгээлдеги турнирди өткөрдүк. Бирок өнүгүүгө убакыт керек. Бизде потенцалы бар, таланттуу жаш балдар көп", — деди Төрөбеков.
Ошондой эле балыкчы кыргызстандык спортчуларга дүйнө чемпионатынан, башка ири эл аралык мелдештерден чакыруулар түшө баштаганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 20-21-мартта форель уулоо боюнча Кыргызстандын биринчи ачык кубогу өтүп, Россия, Казакстан жана кыргызстандык спортчулар жарышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0