Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдыров: ЕАЭБдин 36 техрегламенти аткарылса дүйнөгө товар экспорттолот

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель Ассоциации по цифровой маркировке товаров и фискализации в КР Толонбек Абдыров
Председатель Ассоциации по цифровой маркировке товаров и фискализации в КР Толонбек Абдыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
КРдин товарларды санарип маркалоо жана фискалдаштыруу ассоциациясынын төрагасы Төлөнбек Абдыров 1-2 айдын ичинде тамеки, алкоголь ичимдиктерине маркалоо киргизилерин айтты.
Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттерине чыгарылган жергиликтүү продукцияны жеткирүү үчүн ЕАЭБдин 36 техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келүүсү зарыл. Анда ар бир продукциянын өндүрүү эрежелери жазылган. Бул талаптар аткарылса башка, Европа мамлекеттерине да товар жөнөтүүгө жол ачылат. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдыров: ЕАЭБдин 36 техрегламенти аткарылса дүйнөгө товар экспорттолот
Анын айтымында, товарларга идентификациялоо каражаты, мисалы, маалымат системасындагы товардын тиешелүү бирдиги жөнүндө маалыматка шилтемени камтыган QR-коду коюлат.
"Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери анда болгон ар кайсы стандарттарды өзүнө алып кирүүдө. 2015-жылдан баштап санарип маркалоо акырындык менен ишке ашырыла баштады. 2021-жылы 1-январда көп товарлар маркалоодон өтүшү керек эле. Пандемиядан улам 5-6-айга жылып калды. Маркалоо системасынан товарлар жөнүндө тигил же бул маалыматты долбоордун бардык кызыкдар тараптары — мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдары да, бизнес да, керектөөчүлөр да мобилдик колдонмонун жардамы менен ала алышат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда көмүскөдөгү экономиканын көлөмү 30 пайызды түзөт. Ал эми эл аралык уюмдардын божомолунда көмүскөдөгү экономика 65 пайызга чейин жетет. Мында сөзсүз түрдө аткезчилик, эсеп-каттоого алынбаган товарлар, анын сыртка чыгарылышы, алардын сапаты сыяктуу маселелер бар. Бул көйгөйлөрдү чечүүгө, товарлардын айланымын контролдоого маркалоо системасы жардам берет. Маркалоо акырындык менен бизде өндүрүлгөн, импорттолгон товарларга кирип, андан өтпөгөн товарлар четке чыгып калат", — деди Абдыров.
Адис эң негизгиси мында керектөөчүлөр продукциянын сапатын, анын өндүрүшү, сатылган жери тууралуу ишенимдүү маалыматтарды ар дайым текшере алышарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0